Редакцияот 03.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Аксы районунун Кара-Жыгач кеңешинин ХI чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

 

2023-жылдын 03-майы № 12/5

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобого ылайык, Кара-Жыгач айыл аймагынын айылдарындагы участкаларды мыйзамдаштыруу үчүн берилүүчү жердин сотыхын аныктап берүү жөнүндө

 

Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Ташыбековдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин  жер, курулуш, архитектура, айыл чарба, экология, транспорт жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Кара-Жыгач айылдык кеңешинин ХI  чакырылышынын кезексиз  12- сессиясы токтом кылат:

 

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобого ылайык, Кара-Жыгач айыл аймагынын айылдарындагы участкаларды мыйзамдаштыруу үчүн берилүүчү жерлер 15 сотыхтан берилсин.

2. Кара-Жыгач айыл аймагында жергиликтүү тургундарга жер мунапысын жүргүзүүдө жана документтештирүүдө керектүү кеңештерди жана жардамдарды берүү жагы жер адис Б.Ташыбековго милдеттендирилсин.

3. Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин  жооптуу катчысына жүктөлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы  жер, курулуш, архитектура, айыл чарба, экология, транспорт жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.

 

 

  Төрага: 

    А.Назарбеков