Загрузка документа…
ТОГОЛОК-МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕНЕЩИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-ноябрындагы № 1
Тоголок-Молдо айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын 27-ноябрь 2024-жылдын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Тоголок-Молдо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңешиинн төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 27-ноябрь 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
2. Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин төрайымы болуп Бегимкулова Гүлсара Айдаровна шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрагайым: |
| Г. Бегимкулова |