Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 719 токтомуна) |
"Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Борбор) ШКУ менен Жибек жолу өлкөлөрүнүн ортосунда маданият, спорт, илим жана билим жаатында эл аралык кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү чыңдоого көмөк көрсөтүү, ошондой эле жалпы маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын маданий потенциалын жогорулатуу максатында түзүлгөн.
2. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
3. Борбордун ишин маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган багыттайт жана координациялайт.
4. Борбордун жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78.
5. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
6. Борбордун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Шанхай кызматташтык уюмунун маданий-интеграциялык борбору" мамлекеттик мекемеси".
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Культурно-интеграционный центр Шанхайской организации сотрудничества".
7. Борбордун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: ШКУ МИБ.
- расмий тилде: КИЦ ШОС.
8. Борбор ыкчам башкаруу укугуна негизделген, мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат.
2-глава. Борбордун негизги милдеттери
9. Борбордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Борбордун алдына коюлган максаттардын алкагында уюштуруу иштерин жүргүзүү;
2) эл аралык аренада "Улуу Жибек жолу" брендин пропагандалоо жана илгерилетүү;
3) ШКУ жана Жибек жолу өлкөлөрүндө этномаданий жана этноспорттук кыймылды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
4) этномаданият жана этноспорт боюнча фестивалдарды, конкурстарды, мелдештерди, ошондой эле ШКУ жана Жибек Жолунун өлкөлөрүнүн натыйжалуу маданий интеграциясына көмөк көрсөтүүгө багытталган башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
5) аймактагы эл аралык уюмдар жана фонддор менен, анын ичинде маданият, тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү, археология, тарыхый реконструкциялоо чөйрөсүндөгү, ошондой эле илимий изилдөө жаатында ишке тартылгандар менен кызматташуу;
6) Жибек жолунун мурастарына жана анын дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүнө кошкон салымына изилдөө жүргүзүү;
7) Жибек жолунун мурастарын өнүктүрүүгө жана популярдаштырууга багытталган эл аралык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
8) ШКУ жана Жибек жолу өлкөлөрүнүн аймагында ачык асман алдындагы "Жибек жолунун мурастары" музейлерин түзүүгө көмөктөшүү;
9) бирдиктүү туристтик системаны түзүү максатында географиялык жактан Жибек жолунун боюнда жайгашкан байыркы шаарларды жана объекттерди калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
10) Борбор тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорду илгерилетүү үчүн бирдиктүү интернет-платформаны түзүү, ШКУ жана Жибек жолу өлкөлөрүнүн маданий мурастарын популярдаштыруу.
10. Борбор жогоруда сүрөттөлгөн негизги ишти жүзөгө ашыруудан тышкары, өз максатына жетүү үчүн башка иштерди жүзөгө ашырууга укуктуу, анын ичинде:
1) Борбордун максатына байланыштуу консультациялык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө;
2) гранттык финансылык каражаттарды жана демөөрчүлүк жардамды тартууга.
3-глава. Борбордун укуктары жана милдеттери
11. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өздөрүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды, документтерди, маалыматтарды мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан суроого жана белгиленген тартипте алууга;
2) Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык долбоорлорун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жана "Улуу Жибек жолу" брендин илгерилетүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын ишке тартылган мамлекеттик органдарынын ишин координациялоого;
3) Борбордун ишине уюмдардын жана мекемелердин адистерин, кызматкерлерин белгиленген тартипте тартууга;
4) өз ишинин маселелери боюнча эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө;
5) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
6) алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте накталай жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө;
7) Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүндө жана чет өлкөлөрдө "Улуу Жибек жолу" брендин пропагандалоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө;
8) басма жана жарнама продукцияларын басып чыгарууга жана жайылтууга;
9) келишимдик негизде Борбордун кызматкерлерин окутууга, кайра даярдоого, квалификациясын жогорулатууга жана стажировкага жиберүүгө;
10) Борбордун кызматкерлерин кызматтык иш сапарларга, анын ичинде эл аралык конференцияларга, семинарларга жана көргөзмөлөргө жиберүүгө;
11) коомдук, эл аралык жана башка уюмдар менен өз ара кызматташуу жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
12) өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана жүзөгө ашырууга, милдеттерди аткарууга, сотто доогер жана жоопкер болууга;
13) мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана башка юридикалык жана жеке жактар менен бирге ведомстволор аралык комиссияларды, эксперттик кеңештерди, жумушчу топторду түзүүгө;
14) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
15) Борбордун максаттарына жана милдеттерине шайкеш келген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жасоого.
12. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:
- оперативдүү башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоого;
- маданият жаатындагы долбоорлорду талкуулоо, илгерилетүү жана ишке ашыруу үчүн донорлор, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, жарандык, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууларды демилгелөөгө жана өткөрүүгө;
- өзүнүн иши жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка маалымдоого.
4-глава. Борбордун финансылык-чарбалык иши
13. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 231-беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык Борбордун мүлкү мекемеге оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мамлекеттик мүлк болуп саналат.
Борбор өз ишинин максаттарына, менчик ээсинин тапшырмаларына жана мүлктүн багытына ылайык мыйзамда белгиленген чекте мүлктү пайдаланууга укуктуу.
14. Борбордун негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттары, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын казыналык системасындагы атайын эсебин кошкондо, алыш-бериш эсептери бар. Атайын эсептин каражаттары Борбордун милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдү, жумуштарды жана башка сатып алууларды төлөөгө жумшалат.
15. Борборду каржылоо булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары;
- акысыз же кайрымдуулук төгүмдөрү;
- чет мамлекеттердин, уюмдардын, ишканалардын, жеке адамдардын, эл аралык уюмдардын жана фонддордун төгүмдөрү жана инвестициялары;
- жумуштарды аткаруудан жана уставдык максаттарга жетүү үчүн башка кызматтарды берүүдөн түшкөн кирешелер.
16. Борбордун каражаттары максаттарга жетүүгө, коюлган милдеттерди ишке ашырууга, ошондой эле финансылык-чарбалык ишти жүргүзүүгө пайдаланылат.
17. Борбордун ишинен алынган кирешелер жана бул кирешелердин эсебинен сатып алынган мүлк мекеменин өз алдынча тескөөсүндө болот жана өзүнчө баланста эсепке алынат.
18. Борбор финансылык-чарбалык иштин натыйжасында келип чыккан милдеттенмелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5-глава. Борбордун ишин башкаруу
19. Борбордун директору Борбордун ишин башкарат.
20. Борбордун директору маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан 5 жылдык мөөнөткө жана эки мөөнөттөн ашык эмес мөөнөткө кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Борбордун директору башка мамлекеттин жарандыгы жок Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Борбордун директорунун бир орун басары болот, ал маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан 5 жылдык мөөнөткө жана эки мөөнөттөн ашык эмес мөөнөткө кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
22. Директордун орун басары директорго түздөн-түз баш иет жана өз ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүзөгө ашырат, директор жок болгон учурда анын кызматтык милдеттерин аткарат.
23. Борбордун директору:
1) Борбордун ишин жетектейт жана Борборго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана анын ишинин натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартат;
2) ишеним катсыз Борбордун атынан иш алып барат, бардык мамлекеттик органдарда, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелерде анын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
3) өз компетенциясынын чегинде Борбордун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
4) Борбордун кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин аныктайт;
5) Борбордун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
6) Борбордун кызматкерлерине карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрөт;
7) ушул Жободо белгиленген Борбордун милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт.
24. Борбордун кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналбайт.
25. Борбор өз иши жөнүндө маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берет.
6-глава. Борбордун отчеттуулугу
26. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн ишинин натыйжаларынын чарбалык, бухгалтердик жана статистикалык эсебин жүргүзөт.
27. Борбор өз ишин бекитилген иш пландардын негизинде жүзөгө ашырат жана алар боюнча квартал сайын маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берет.
7-глава. Борборду жоюу жана кайра уюштуруу
28. Борборду жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
29. Борбордун иш процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.