Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-ноябры № 715
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 "Кум-Шагыл" жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жаратуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздук чөйрөсүндөгү талаптарды бузууларды четтетүү максатында, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 651-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 "Кум-Шагыл" жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктта "2024-жылдын 29-августунан тартып 2024-жылдын 29-ноябрына чейинки" деген сөздөр "2024-жылдын 29-ноябрынан тартып 2025-жылдын 28-февралына чейинки" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
1) белгиленген тартипте убактылуу сырткы башкаруучуга талапкерди көрсөтсүн;
2) "Кум-Шагыл" жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкаруу киргизилгендиги жөнүндө юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарласын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 29-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 29-ноябрындагы № 92 (3647) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |