Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-ноябры № 684
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Инвестициялык климатты жакшыртуу жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-статьясына, "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жободо:
- 8-пункттун жетинчи абзацынын үчүнчү сүйлөмүндө "ушул Жободо каралган" деген сөздөр "ушул Типтүү жободо каралган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "ж" пунктчасы менен толукталсын:
"ж) жер участогу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн жана жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестицияларды салууну караган инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык инвесторго мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсе.";
- 16-пункттун жетинчи, сегизинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун "в", "г" жана "ж" пунктчаларында каралган учурларда инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет: ушул Жобонун 11-пунктунун "б" жана "ж" пунктчаларында каралгандан башка учурларда жер участогуна жана кыймылсыз мүлк бирдигине (имаратка жана курулмага) укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү.";
- 19-пунктта "Ушул Жобонун 11-пунктунун а) пунктчасында" деген сөздөр "Ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун "а" пунктчасында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 22-пункттун экинчи абзацында "ушул Жобонун" деген сөздөр "ушул Типтүү жобонун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 23-пункттун биринчи абзацында "Ушул Жобонун" деген сөздөр "Ушул Типтүү жобонун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 25-пункттун "г" пунктчасынын биринчи абзацында "ушул Жобонун" деген сөздөр "ушул Типтүү жобонун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 27-пунктта:
биринчи абзацта "Ушул Жобонун 11-пунктунун в) жана г) пунктчаларында" деген сөздөр "ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун "в", "г" жана "ж" пунктчаларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
мамлекеттик тилдеги тексттин экинчи абзацында "33" деген цифралар "3" деген цифрага алмаштырылсын;
мамлекеттик тилдеги текст төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Билдирилген ниеттердин ылайык эместиги аныкталса, архитектуранын аймактык органы кийинки күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген курулуштук ниеттердин ылайык эместиги жөнүндө корутундуну жиберет.";
мамлекеттик тилдеги тексттин бешинчи абзацында "ниеттер ылайык эместиги" деген сөздөр "ниеттердин ылайыктыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 28-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28. Жергиликтүү каттоо органы жана ушул Типтүү жобонун 27-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар 5 жумуш күндүн ичинде архитектуранын жана курулуштун аймактык органына ушул Типтүү жобонун 23 жана 24-пункттарында каралган маалыматтарды көрсөтүү менен тиешелүү корутунду жиберүүгө милдеттүү.";
- 30-пунктта "ушул Жобонун" деген сөздөр "ушул Типтүү жобонун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 32-пункттун экинчи абзацында "ушул Жобого" деген сөздөр "ушул Типтүү жобого" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 33-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33. Ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун "ж" пунктчасында каралгандан башка учурларда ыйгарым укуктуу орган жер участогунун планын ага тиркелген бардык материалдары менен кошо 3 жумуш күндүн ичинде карайт.";
үчүнчү абзацта "ушул Жобонун" деген сөздөр "ушул Типтүү жобонун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 34-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. Ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун "а", "б" жана "ж" пунктчаларында каралгандан башка учурларда тарыхый жана маданий мурас зоналарында жайгашкан жер участогуна укук берилген учурда ыйгарым укуктуу орган Жер участогунун планын алган күндөн тартып бир айдын ичинде ушул Типтүү жобонун 30-пунктуна ылайык коомдук угууларды өткөрөт.";
- 35-пунктта "ушул Жобонун" деген сөздөр "ушул Типтүү жобонун " деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 40-пунктта "Ушул Жобонун 14-15 пункттарында" деген сөздөр "Ушул Типтүү жобонун 14, 15-пункттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 51-пункттун төртүнчү абзацында "ушул Жобонун" деген сөздөр "ушул Типтүү жобонун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги тексттин 58-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Эгерде аукциондун жүрүшүндө төмөндөтүлгөн старттык баа үч жолу жарыялангандан кийин тооруктун предметин алууга даяр сатып алуучу чыкпаса, аукциончу лотту аукциондон алып салат жана ошол лот боюнча тоорукту токтотот.";
- 60-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"60. Ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун "ж" пунктчасында каралгандан башка учурларда жер участогуна укукту түз сатуу жолу менен берүү төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:";
экинчи, үчүнчү абзацтарда "ушул Жобонун" деген сөздөр "ушул Типтүү жобонун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 601-пунктта "Ушул Жобонун 11-пунктунун "д", "е" пунктчаларында" деген сөздөр "Ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун "д", "е" пунктчаларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 602-пунктта "Ушул Жобонун 11-пунктунун "д", "е" пунктчаларында" деген сөздөр "Ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун "д", "е" пунктчаларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 603-пункт менен толукталсын:
"603. Ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун "ж" пунктчасында каралган учурда жер участокторун берүүдө жер участогун берүү тартиби, шарттары, баасы, мөөнөтү, ошондой эле берилүүчү жер участогундагы имараттарды, курулмаларды андан ары пайдалануу инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен аныкталат.
Жер участогу максатсыз пайдаланылган же пайдалануу шарттары бузулган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык чаралар көрүлөт.";
- мамлекеттик тилдеги тексттин 63-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү тооруктун жеңүүчүсүнө жана түз сатуу жолу менен жер участогун сатып алуучуга берилет.";
- мамлекеттик тилдеги тексттин 64-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Тооруктун жеңүүчүсү протоколго кол коюудан баш тарткан учурда комиссия лотту кайталап тоорукка коюу жөнүндө чечим кабыл алууга же кийинки эң жогорку бааны же эң жакшы шартты сунуштаган тооруктун катышуучусун тооруктун жеңүүчүсү деп таанууга укуктуу.";
- 66-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"66. Жер участогу үчүн акы төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте накталай эмес эсептешүү (которуу) боюнча жүргүзүлөт.".
- 69-пунктта "ушул Жобонун 71-пунктунда" деген сөздөр "ушул Типтүү жобонун 71-пунктунда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүү сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 89 (3643) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |