Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин I чакырылышы кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 3
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдык санын төмөндөгүдөй бекитүү жөнүндө.
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдык санын төмөндөгүдөй бекитүү боюнча Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамынын саны төмөндөгүдөй бекитилсин.
1.Мандат комиссиясынын курамынын саны – үч,
2.Саламаттыкты сактоо, социалдык жактан коргоо, маданият жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамынын саны – үч,
3.Укук коргоо, коомдук тартипти сактоо жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын курамынын саны – үч,
4.Айыл чарбасы, жер, турак-жай, курулуш, өнөр жай-энергетика, жаратылышты коргоо көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча туруктуу комиссиясынын курамынын саны – беш,
5.Финансы-экономика жана пландоо бюджет боюнча комиссиясынын курамынын саны-беш болуп бекитилсин.
6.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү учүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Муталиев |