Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин I чакырылышы кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 6
Чаек айыл аймагы боюнча Элдик Курултайга айыл аймагынан
делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ №271 Жарлыгы менен аныкталган 2024-жылдын 20-декабрында өтүлүүчү Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө, Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2023-жылдын 16-декабрындагы № 16 чечими менен бекитилген Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө Жобого ылайык уюштуруу жөнүндө маселени карап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1.Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча 9 адамдан турган жумушчу тобунун курамы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чаек айыл аймагы боюнча өкүлчүлүктүү жыйындын өкүлдөрүнүн жалпы саны 80 адамдан түзүлсүн.
3. Өкүлчүлүктүү жыйындарга өкүлдөрдү шайлоо боюнча Чаек айыл аймагы 1-тиркемеге ылайык тиешелүү аймактарга бөлүнсүн.
4. Өкүлчүлүктүү жыйындын өкүлдөрүн шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын тизмеси 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин Календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүүнүн графиги жана алардан шайлануучу өкүлдөрдүн өкүлчүлүктүн ченемдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын Жумгал райондук администрациянын имаратында 2024-жылдын 7-декабрында саат 11.00 дө өткөрүү 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А. Муталиев |
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 29-ноябрь 2024-жылдагы №6 токтомуна №1 тиркеме
Чаек айыл аймагынын калктуу конуштарын
бөлүктөргө бөлүү ченемдери
1.Ак-Татыр айылы, Чукур Ак-Секи;
2.Шортон айылы, Кара-Жээк аймагы, Чаек-центр;
3.Беш-Терек айылы, Кызыл-Жылдыз айылы;
4.Көк-Ой, Кичи-Арал, Арал айылы;
Жооптуу катчы: А.Дөөлөтжанов