САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 21-августу №6
«Сары-Челек айыл аймагына караштуу Авлетим айылындагы Токол-Эчки участкасынын атын өзгөртуп маркум эмгектин ардагери Каратаев Атантайдын ысымын ыйгаруу жөнундө.».
Сары-Челек айыл өкмөтүнүн 17-август 2024-жылдагы 01-3/159 сандагы сунушуна жана айыдык Кенештин “ Укук жана мыйзам “ маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Сары-Челек айыл аймагына караштуу Авлетим айылындагы Токол эчки участкасынын аты өзгортүлүп, маркум эмгектин ардагери Каратаев Атантайдын ысымы ыйгарылсын жана мындан ары карай бул айыл Атантай айылы деп аталсын.
- Атантай айылынын чек арасы ; төмөн жагынан Итагар дарыясы,жогорку жагынан элдин үлүш жеринин чегине чейин, чыгыш жагынан Токол эчки сайы, батыш жагынан Кубаталиев Өмүрзактын үйунун алдынан өткөн сай боюнча чектелсин.
- Айылдын ичин тазалоо көчөлордү көрктондурүү, социалдык инфраструктурасын жакшыртуу жана айылдын атын өзгөртууго тиешелуу болгон иш кагаздарын тактоо менен бирге тиешелуу жетекчилерге билдируу жагы Сары-Челек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Айткуловго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеӊештин «Укук жана мыйзам » маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (тѳрагасы Б.Нурматов ) жүктѳлсүн.
- Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.