Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 21-августу №7
« Кербен,Кара-Жыгач автомагистралынын Сары-Челек айыл аймагынына караштуу болгон Капчыгай участкасын аралап өткөн жолдун оң тарабындагы Өмүрбеков Эзендин үйүнөн Орозбаев Токтогулдун үйүнө чейинки аралыктагы ички көчөгө маркум, эмгектин ардагери Алибеков Мураттын ысымын ыйгаруу жөнүндө».
Сары-Челек айыл өкмөтүнүн 17-август 2024-жылдагы 01-03/160 сандагы сунушуна жана айылдык Кеңештин “Укук жана мыйзам”маселелери боюнчатуруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кербен,Кара-Жыгач автомагистралынын Сары-Челек айыл аймагына тиешелүү болгон Капчыгай участкасын аралап өткөн жолдун оң тарабындагы Өмүрбеков Эзендин үйүнөн Орозбаев Токтогулдун үйүнө чейинки аралыктагы ички көчөгө маркум,эмгектин ардагери Алибеков Мураттын ысымы ыйгарылсын.
2.Сары-Челек айыл өкмөтүнүн өздөрүнө тиешелүү болгон базасын ушул токтомго ылайык жүргүзүүнү колго алуу жагы Сары-Челек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Айткуловго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин “Укук жана мыйзам”маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Б.Нурматов) жүктөлсүн.
4.Токтом Sary-chelek.qov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Б. А. Төрөбеков |