Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жылынын 21-августу №10
« Сары-Челек айыл аймагына караштуу ички чарбалык чоң каналдарды Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүү жөнүндө».
Сары-Челек айыл өкмөтүнүн 13-август 2024-жылдагы №01-03/156 сандагы сунушуна жана айылдык Кеңештин “Укук жана мыйзам,этика”маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 17-август 2024-жылдагы протоколуна негиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Челек айыл аймагына караштуу төмөндөгү ички чарбалык чоң каналдар: Ак-Дөбө каналы 10 км,Тегирмен-Коргон каналы 6,4 км Кой-Ата каналы 18 км,Бабаев каналы 2,5 км, Товар-Сай каналы 9 км Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2.Бул маселе боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдап,ишти аткарууга алуу жагы Сары-Челек айыл өкмөтүнүн башчысы Т,А,Айткуловго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин “Укук жана мыйзам”маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Б.Нурматов) жүктөлсүн.
4.Токтом Sary-chelek.qov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Б. А. Төрөбеков |