Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 29-ноябры № 761-т
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Токой секторунда кызматташуу боюнча Азия уюмунун ортосундагы Агротокой чарбасы жана багбанчылык жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Токой секторунда кызматташуу боюнча Азия уюмунун ортосундагы Агротокой чарбасы жана багбанчылык жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана Токой секторунда кызматташуу боюнча Азия уюму (мындан ары АФОКО деп аталуучу), биргелешип Тараптар деп аталуучу, агротокой чарбасы жаатында эки тараптуу кызматташууну ырааттуу жана узак мөөнөттүү негизде өнүктүрүү ниетин билдирип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар ушул Макулдашууга ылайык тең укуктуулук жана өз ара пайданын негизинде агротокой чарбасы жана багбанчылык жаатында кызматташат. Тараптар ушул Макулдашууну аткарууда Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сактоого милдеттенет.
2-берене.
Тараптар төмөнкү жааттарда кызматташууга макулдашат:
- 40 миллион АКШ долларына көмүртек долбоорлорун кошкондо, агротокой чарбасы жана багбанчылык жаатында ар тараптуу кызматташуу;
- өзүнчө макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасында АФОКО кеңсесин түзүү жана анын иштөөсү;
- потенциалды өстүрүү, окутуу, билим алмашуу;
- агротокой чарбасынын бакчаларында зыянкечтерге жана илдеттерге каршы күрөшүү;
- Тараптар макулдашкан кызматташуунун башка формалары.
3-берене.
Тараптар ушул Макулдашууну түзүү аларды кандайдыр бир юридикалык милдеттенмелер менен байланыштырбай тургандыгын өзүнчө сүйлөшөт, бул Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан бардык финансылык чыгымдар каражаттардын жана мындай кызматташуунун шарттарын аныктаган өзүнчө макулдашуулардын болушуна жараша АФОКО тарабынан жүзөгө ашырылат.
4-берене.
Бул Макулдашуу Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдугу боюнча каалаган убакта өзгөртүлүшү мүмкүн.
Ушул Макулдашууну чечмелөөдөн же аткаруудан келип чыккан кандай болбосун пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы консультация жолу менен чечилет.
5-берене.
Бул Макулдашуу алар катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу эки Тараптын укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
Тараптар ушул Макулдашууга байланыштуу берилген маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, АФОКОнун эрежелерине жана ченемдерине ылайык кыянаттык менен колдонуудан коргоого милдеттенишет.
6-берене.
Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
20___-жылдын "___" __________ ____________ шаарында, эки нускада, ар бири орус жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Кандайдыр бир айырмачылыктар келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги үчүн |
| Токой секторунда кызматташуу боюнча Азия уюму үчүн |
___________________________________ Министр |
| ___________________________________ Төрага |
Торобаев Бакыт Эргешевич |
| Парк Чон Хо |