Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 10-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры №1/13
Кара-Булуң айылына караштуу Ботош өрөөнүндөгү “Чат”участкасынан “Жылкы сарай ”участкасына чейин мал ичүү үчүн суу чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Казыбек айыл аймагынын башчысы Т.Стамакуновдун Кара-Булуң айылына караштуу Ботош өрөөнүндөгү “Чат”участкасынан “Жылкы сарай” участкасына чейин мал ичүү үчүн суу чыгаруу жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, айылдык Кеңеш токтом кылат:
1. Кара-Булуң айылына караштуу Ботош өрөөнүндөгү “Чат”участкасынан “Жылкы сарай” участкасына чейин мал ичүү үчүн суу чыгаруу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кара-Булуң айылына караштуу Ботош өрөөнүндөгү “Чат”участкасынан “Жылкы сарай ”участкасына чейин мал ичүү үчүн суу чыгарууга Ат_Башы райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоордун өздүк салымынын 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты Казыбек айыл өкмөтүнүн келээрки 2025 -жылдын бюджетинен каралып, которулуп берилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго жана СЭӨБ башчысы Т. Исаковго тапшырылсын.
Төрага | Э. Султаналиев |