Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 3-декабры № 726
Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жапайы тирүү жаныбарларды, айрым жапайы өсүмдүктөрдү жана жапайы өскөн дары-дармек сырьесун ташып чыгууга эксперттик корутундуларды, CITES конвенциясынын колдонулушуна туура келген жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксаттарды жана/же сертификаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине, "Вашингтон шаарында 1973-жылдын 3-мартында кол коюлган жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча конвенцияга (CITES) Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган 1973-жылдын 3-мартындагы Жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн эл аралык соодалоо жөнүндө конвенциянын жоболоруна ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жапайы тирүү жаныбарларды, айрым жапайы өсүмдүктөрдү жана жапайы өскөн дары-дармек сырьесун ташып чыгууга эксперттик корутундуларды, CITES конвенциясынын колдонулушуна туура келген жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксаттарды жана/же сертификаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 101 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн CITES конвенциясы колдонулбоочу объекттерин Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка алып чыгууга, CITES конвенциясы колдонулчу жаныбарлар жана өсүмдүктөр түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасына алып келүүгө, андан алып чыгууга уруксат берүү боюнча регламентин бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 06-декабрындагы № 94 (3649) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |