Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 726 токтомуна) |
Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жапайы тирүү жаныбарларды, айрым жапайы өсүмдүктөрдү жана жапайы өскөн дары-дармек сырьесун ташып чыгууга эксперттик корутундуларды, CITES конвенциясынын колдонулушуна туура келген жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксаттарды жана/же сертификаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жапайы тирүү жаныбарларды, айрым жапайы өсүмдүктөрдү жана жапайы өскөн дары-дармек сырьесун ташып чыгууга эксперттик корутундуларды, CITES конвенциясынын колдонулушуна туура келген жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксаттарды жана/же сертификаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө жобо эксперттик корутундуларды, уруксаттарды жана/же сертификаттарды алуунун тартибин жана мөөнөтүн аныктайт.
2. CITES ыйгарым укуктуу органдары болуп Административдик жана Илимий органдар саналат.
CITES конвенциясынын жоболорун ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Административдик органы болуп Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органы, Конвенциянын жоболорун ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Илимий органы - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы саналат.
3. Ушул Жободо пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар:
1) CITES конвенциясы - Жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн эл аралык соодалоо жөнүндө конвенция (мындан ары - Конвенция);
2) түр - кандай болбосун түр, түрчөлөр же анын географиялык жактан обочолонгон популяциясы;
3) дериват - жаныбарлардан же өсүмдүктөрдөн алынган (жумуртка, мүйүз, үрөн ж.б.), ошондой эле аларды кайра иштетүү продуктулары (галантерея буюмдары, жасалгалар, искусство чыгармалары ж.б.);
4) үлгү - Конвенциянын колдонулушуна туура келген түрлөргө тиешелүү кандай болбосун жаныбар же өсүмдүк (тирүү же өлүк), анын оңой таанылуучу кайсы болбосун бөлүгү (мүйүз, тери, жүнү, гүлдөр, жалбырактар ж.б.) же анын дериваты;
5) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери - жапайы сүт эмүүчүлөр, канаттуулар, сойлоп жүрүүчүлөр, жерде-сууда жашоочулар, курт-кумурскалар, балыктар, суу жаныбарлары жана суу омурткасыздары өнүгүүнүн бардык стадияларында (жумуртка, кокон, куурчак, чабак, личинка ж.б.), бул жаныбарлардын бөлүктөрү жана башка продукциялары;
6) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттери - жапайы өсүмдүктөрдүн бардык түрлөрү: жердеги жана жер астындагы бөлүктөрү, анын ичинде тамырлар, уруктар, гүлдөр, чөп өсүмдүк катмары, дары жана техникалык өсүмдүк сырьесу, жапайы өскөн мөмөлөр, грек жаңгагынын жемиштери, мисте, чычырканак, сейрек жана жоголуп бара жаткан өсүмдүктөр, дарактар, дарактардын топтору, бадалдар, тал өсүмдүктөрү, тростник, камыш, ошондой эле мох түрүндөгүлөр, балырлар, козу карындар, эңилчектер ж.б.;
7) соода - экспорт, реэкспорт, импорт;
8) экспорт - эгерде CITES конвенциясында башкача каралбаса, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин аларды кайра ташып келүү жөнүндө милдеттенмесиз алып чыгуу;
9) импорт - эгерде CITES конвенциясында башкача каралбаса, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин аларды кайра ташып чыгуу жөнүндө милдеттенмесиз ташып келүү;
10) реэкспорт - мурда импорттолгон кандай болбосун үлгүлөрдү экспорттоо;
11) транзит - Кыргыз Республикасынын бажы эрежелери менен аныкталган транзиттин жол-жоболору. Конвенциянын маанисинде "транзиттик" катары кароо үчүн үлгүлөр бажы контролунда калуусу зарыл.
12) реабилитация борбору - CITES Административдик органы ага тирүү үлгүлөргө, атап айтканда конфискацияланган же алынган үлгүлөргө кам көрүүнү тапшырган мекеме;
13) келип чыккан өлкө - тигил же бул үлгү жапайы жаратылыштан алынган, же камоодо туулган же өстүрүлгөн, жасалма жол менен өстүрүлгөн же интродукциянын натыйжасында алынган өлкө;
14) деңизден алынган интродукция - деңиз үстүндөгү аба мейкиндигин, ошондой эле деңиз түбүн жана анын жер казынасын кошуп алганда, кайсы бир мамлекеттин юрисдикциясына кирбеген деңиз чөйрөсүндө казылып алынган кандай болбосун түрдүн үлгүлөрүн Кыргыз Республикасына ташып келүү;
15) камоодо өстүрүлгөн - Тараптардын Конференциясынын резолюцияларында аныкталгандай, өз гаметаларын контролдонуучу чөйрөдө жупташкан же башка жол менен өткөрүп берген ата-энелерден контролдонуучу чөйрөдө туулган же башкача жол менен өндүрүлгөн жумурткаларды кошуп алганда, тукумду гана билдирет;
16) жасалма жол менен өстүрүлгөн - Тараптардын Конференциясынын резолюцияларында аныкталгандай, контролдонуучу шарттарда уруктардан, кыюулардан, козу карындардан же башка бүчүрлөрдөн өстүрүлгөн өсүмдүктөргө гана тиешелүү;
17) Административдик орган - жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн экспортун-импортун контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу, Конвенциянын IX беренесинин 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык мамлекеттин атынан уруксат берүү укугуна ээ Конвенциянын улуттук административдик органы;
18) Илимий орган - Конвенциянын IX беренесине ылайык дайындалган өлкөнүн улуттук илимий органын билдирет;
19) Тарап - ал үчүн Конвенция күчүнө кирген мамлекет.
2-глава. Ыйгарым укуктуу органдардын компетенциясы
4. Административдик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) жапайы флоранын жана фаунанын түрлөрүн сактоого тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашырууда жана сактоону камсыз кылууда башка тиешелүү органдар менен кызматташуу;
2) жапайы тирүү жаныбарларды, айрым жапайы өсүмдүктөрдү жана жапайы өскөн дары-дармек сырьесун ташып чыгууга эксперттик корутундуларды берүү;
3) Конвенциянын таасирине кирген жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксаттарды жана/же сертификаттарды берүү;
4) соодага берилген үлгүлөргө уруксаттарды эсепке жана каттоого алуу жана мындай соода боюнча жылдык отчетту даярдоо, ошондой эле отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-октябрына чейин CITES Катчылыгына отчет берүү;
5) Конвенцияны ишке ашыруу жана анын сакталышын камсыз кылуу үчүн көрүлө турган чаралар боюнча консультация берүү;
6) Илимий орган менен макулдашуу боюнча алынган жана конфискацияланган тирүү үлгүлөр үчүн куткаруу борборлорун түзүү;
7) соттук териштирүүлөргө катышуу;
8) Конвенциянын Тараптарынын Конференциясынын резолюцияларында каралган кандай болбосун милдеттерди аткаруу;
9) улуттук мыйзамдарда жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жобосунда аныкталган башка ыйгарым укуктар.
5. Илимий органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Конвенциянын жобосунда жана ушул Жободо белгиленген учурларды кошпогондо, Конвенциянын I, II жана III тиркемелерине киргизилген үлгүлөрдү сатуу маселелери боюнча илимий корутундуну берүү;
2) конфискацияланган же алынган үлгүлөрдү тескөө маселеси боюнча илимий корутунду берүү;
3) жапайы тирүү жаныбарларды багуу шарттарынын маселеси боюнча илимий корутунду берүү;
4) жапайы флоранын жана фаунанын түрлөрүн коргоо чөйрөсүнө кирген кандай болбосун маселе боюнча илимий корутунду (консультация) берүү;
5) Конвенциянын Тараптарынын Конференциясынын резолюцияларында каралган кандай болбосун милдеттерди аткаруу;
6) улуттук мыйзамдар жана Илимий органдын жобосу менен аныкталган башка ыйгарым укуктар.
3-глава. Жапайы жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин ташып келүүгө жана ташып чыгууга уруксат берүү документтерин берүүнүн тартиби
6. Эксперттик корутундуну, уруксатты жана/же сертификатты алуу үчүн тышкы соода ишинин катышуучулары, жеке жана юридикалык жактар (мындан ары - өтүнмө ээлери) Административдик органга "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасы (мындан ары - БТМС) аркылуу кайрылат.
7. Административдик орган тышкы соода ишинин катышуучуларына уруксаттардын төмөнкүдөй түрлөрүн берет:
1) жапайы тирүү жаныбарларды, айрым жапайы өсүмдүктөрдү жана жапайы дары-дармек сырьесун ташып чыгууга эксперттик корутундуларды берүү - экспорттук операцияны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, бирок календардык жылдан ашпаган мөөнөткө берилет;
2) Конвенциянын колдонулушуна туура келген жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксаттар жана/же сертификаттар - Конвенциянын талаптарына ылайык экспорттук-импорттук операцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон мөөнөткө берилет.
8. Өтүнмө ээси тарабынан берилген маалыматтар купуя маалымат болуп саналат.
9. Тышкы экономикалык иштин катышуучулары БТМСтин алкагында кат алышууну ишке ашыруу, эксперттик корутундуларды жана сертификаттарды жана/же уруксаттарды алууга тиешелүү документтерди жана башка маалыматтарды берүү үчүн электрондук ыкма менен маалымат берет.
10. Конвенциянын колдонулушуна кирбеген жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгууга эксперттик корутундуларды, Конвенциянын колдонулушуна туура келген жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасынын чегине (чегинен тышкары) ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксаттарды алуу үчүн өтүнмөлөрдү жана документтерди кабыл алуу БТМС аркылуу жүргүзүлөт.
11. Тиркелген документтери менен өтүнмө БТМСте катталат. Өтүнмө төмөнкү ыкмалар менен жөнөтүлүшү мүмкүн:
1) өтүнмө ээси тарабынан электрондук кол тамга коюлган электрондук документ формасында;
2) өтүнмө ээсинин атынан БТМС оператору тарабынан электрондук кол тамга коюлган электрондук документ формасында өтүнмө ээсинин кагаз жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде.
12. Өтүнмө электрондук кол тамганын жардамы менен кол коюлгандан жана БТМСте каттоо номери автоматтык түрдө ыйгарылгандан кийин берилди деп эсептелет.
13. Административдик органдын оператору БТМСте жооптуу аткаруучуну 1 жумуш күндүн ичинде аныктайт.
14. Жооптуу аткаруучу аны аткаруучу деп аныктаган учурдан тартып өтүнмө ээси уруксат алуу үчүн берген документтердин комплекттүүлүгүн жана алардын ушул Жобонун талаптарына шайкештигин аныктоо үчүн текшерет:
1) ушул Жободо аныкталган документтердин толук пакетинин болушу;
2) өтүнмө ээси берген документтердин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүсү;
3) өтүнмө ээсинин экспорттук же импорттук бүтүмүнүн шарттарынын Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык келиши.
Жооптуу аткаруучу келип түшкөн өтүнмөлөрдү кароонун жүрүшүндө чечим кабыл алуу үчүн жетишсиз же кошумча документтерди сурап алууга укуктуу.
15. Текшерүүнүн натыйжалары боюнча жооптуу аткаруучу ушул Жобонун 28-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык уруксатты, эксперттик корутундуну же негизделген баш тартууну даярдайт жана кураторлук кылган жетекчиге кол коюуга берет.
16. CITES уруксатына Административдик органдын жетекчиси же ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен дайындалган анын орун басары 2 жумуш күндүн ичинде кол коёт.
17. Уруксат, эксперттик корутунду же баш тартуу кол койгон ыйгарым укуктуу адам тарабынан текшерилет жана 2 жумуш күндүн ичинде кол коюлат. Кол коюлган уруксат, эксперттик корутунду өтүнмө ээлерине уруксат берүү үчүн жооптуу аткаруучуга берилет.
18. Жеткире иштеп чыгуу зарыл болгон же уруксаттагы, эксперттик корутундудагы маалыматтар анык эмес болгон учурда ыйгарым укуктуу адам жооптуу аткаруучуга себептерин көрсөтүү менен жеткире иштеп чыгууга кайтарып берет.
Жооптуу аткаруучу 1 жумуш күндүн ичинде уруксатты, эксперттик корутундуну берүүдөн баш тартууну оңдойт же тариздейт.
19. Уруксат берүү үчүн жооп берген жооптуу аткаруучу өтүнмө ээсинин байланыш телефону, электрондук почта жана байланыштын башка түрлөрү аркылуу уруксат алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө өтүнмө ээсине маалымдайт.
20. Уруксат өтүнмө ээсине же өтүнмө ээсинин өкүлүнө ишеним каттын негизинде тапшырылат.
Уруксат берүүдөн жазуу жүзүндөгү баш тартуу өтүнмө ээсине же анын өкүлүнө берилет.
21. Жапайы тирүү жаныбарларды, айрым жапайы өсүмдүктөрдү жана жапайы дары-дармек сырьесун ташып чыгууга эксперттик корутунду алуу үчүн кайрылууда юридикалык жана жеке жактар БТМС аркылуу Административдик органга төмөнкү документтерди жиберет:
1) өтүнмө;
2) жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин алуунун, сатып алуунун, пайдалануунун, тескөөнүн, ээлик кылуунун мыйзамдуулугун ырастоочу документтер;
3) фитосанитардык сертификаттын көчүрмөсү (өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттери үчүн);
4) тиешелүү формадагы ветеринардык күбөлүктүн көчүрмөсү;
5) жаратылышты пайдалануу үчүн толук акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
6) уруксат берүү үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү.
22. Конвенциянын колдонулушуна туура келген жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын ташып келүүгө, ташып чыгууга уруксаттарды жана/же сертификаттарды алуу үчүн кайрылууда юридикалык жана жеке жактар БТМС аркылуу өтүнмөнү жөнөтөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) экспорттун, реэкспорттун, импорттун максаты:
- коммерциялык операциялар;
- зоопарктар ортосунда алмашуу;
- ботаникалык бактар жана музейлер ортосунда алмашуу;
- башка өлкөдөгү цирк оюндарына чыгуу жана кечме көргөзмөлөр;
- илимий алмашуу;
- аңчылык олжолорун ташуу;
- жеке менчикте турган жаныбарлар жана өсүмдүктөр тегиндеги үлгүлөрдү ташуу;
- биомедициналык максаттар үчүн үлгүлөрдү ташуу;
- билим берүү жана агартуу максаттары үчүн үлгүлөрдү ташуу;
- жапайы жаратылышка реинтродукциялоо жана интродукциялоо үчүн;
- камоодо өнүктүрүү жана жасалма өстүрүү үчүн;
2) толук орусча жана латынча аталышын көрсөтүү менен жаныбардын же өсүмдүктүн түрү;
3) үлгүнүн сыпаттамасы (тирүү жаныбарлар же өсүмдүктөр, терилер, тулкулардын кеби, баш сөөктөр, мүйүздөр, азуулар, кан, икра, уруктар, тамырлар, жемиш тамырлары, тамыр сабактары, ошондой эле буюмдар ж.б.; тирүү жаныбарлар үчүн - жынысы жана курагы, идентификациялоочу белгилердин болушу);
4) үлгүлөрдүн саны жана/же салмагы;
5) үлгүнүн келип чыгышы (жаратылыштан алынган, жасалма шартта чыгарылган же өстүрүлгөн, башка өлкөдөн импорттолгон, конфискацияланган, сатып алынган, белек же мурас катары алынган);
6) экспорттоочулардын (реэкспорттоочулардын) же импорттоочулардын юридикалык дареги (жеке жактар үчүн - үйүнүн дареги, паспорт маалыматтары).
23. БТМС аркылуу өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелет:
1) юридикалык жактар үчүн уюштуруу документинин жана/же мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (биринчи кайрылууда), ал эми жеке жактар үчүн - паспорттун көчүрмөсү;
2) экспорттоочу менен импорттоочунун ортосундагы контракттын же ошол экспортту же импортту жасоо ниетин ырастаган башка келишимдик документтин көчүрмөсү;
3) жеке менчикте турган аңчылык олжолорун жана үлгүлөрүн ташууда жогоруда аталган документтер тиркелбейт;
4) эгерде үлгү Конвенциянын I тиркемесине киргизилген учурда, ошондой эле мамлекеттер Конвенциянын үлгүлөрүн импорттоого кошумча чектөөлөрдү киргизген учурларда импорттоочу өлкөнүн Административдик органынын уруксаты;
5) тиешелүү формадагы ветеринардык күбөлүктүн көчүрмөсү;
6) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин импорттоодо экспорттоочу өлкөнүн фитосанитардык сертификатынын көчүрмөсү;
7) үлгүнү алуунун, сатып алуунун, пайдалануунун, тескөөнүн, ээлик кылуунун мыйзамдуулугун ырастоочу документтер.
24. Үлгүнү алуунун, сатып алуунун, тескөөнүн же ээлик кылуунун мыйзамдуулугун ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) туулган датасын жана жерин, асыл тукум номерлерин жана кличкасын көрсөтүү аркылуу, ата-энеси жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен асыл тукум китебинен көчүрмө;
2) өсүмдүктөрдү жайылтуу маданиятын ырастоочу документ;
3) үлгүнү мыйзамдуу сатып алууну ырастоочу документ;
4) менчик укугун ырастаган документтер;
5) жаратылышты пайдалануу үчүн толук акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
6) эгерде экспорттоочу өлкө Конвенциянын Тарабы болбосо, анын ичинде КМШ өлкөлөрү ж.б. экспорттоочу өлкөнүн Административдик органынын же компетенттүү мамлекеттик органынын уруксаты.
25. Конвенциянын колдонулушуна туура келген ташып чыгууга арналган тирүү жаныбарлар атайын белгилер, чечилбеген шакектер же микрочиптер менен белгиленүүгө тийиш, бул аларды идентификациялоого мүмкүндүк берет.
26. Административдик орган Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарына жана Конвенциянын жоболоруна ылайык гана Конвенциянын I, II, III тиркемелерине киргизилген түрлөрдүн үлгүлөрүн сатууга уруксат жана/же сертификат берет.
27. Административдик орган Конвенциянын жоболоруна ылайык кандай болбосун тирүү үлгү зыянга учуроо тобокелдигин, ден соолугуна коркунуч келтирүүнү же катаал мамилени минималдаштыруу түрүндө даярдалары жана жөнөтүлөрү жөнүндө күбөлөндүргөндө уруксат берет.
28. Административдик орган өтүнмөнү жана ага тиркелген документтерди карап чыгат, ал эми Конвенцияда каралган учурларда Конвенциянын Катчылыгы, импорттоочу өлкө же экспорттоочу өлкө менен консультация кылат жана Кыргыз Республикасынан экспорттоого, реэкспорттоого, ошондой эле Кыргыз Республикасына үлгүлөрдү импорттоого уруксатты 30 күндүн ичинде тариздейт же жүйөлүү баш тартууну жиберет.
29. Кыргыз Республикасынан экспорттоого CITES уруксаттарын жана/же сертификаттарын берүү Конвенциянын I, II, III тиркемелеринин үлгүлөрү үчүн, ал эми импорттоого - Конвенциянын I тиркемесинин үлгүлөрү үчүн жүргүзүлөт.
30. Цирк гастролдорун, аңчылык жана балык уулоо олжолорун, музей жана көргөзмө экспонаттарын, ошондой эле жеке жактардын менчиги болуп саналган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жалгыз үлгүлөрүн ташуу учурларын кошпогондо, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин импорттоого, экспорттоого жана реэкспорттоого CITES уруксаттарын жана/же сертификаттарын берүү Кыргыз Республикасынын Илимий органынын оң сунушунун негизинде жүргүзүлөт.
31. CITES ар бир уруксаты жана/же сертификаты белгиленген үлгүдөгү бланкта төрт нускада таризделет (бирөө - түп нуска, үчөө - көчүрмө), ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан кол коюлат жана Кыргыз Республикасынын Административдик органынын мөөрү менен бекитилет. Үлгүлөрдүн ар бир партиясы үчүн CITES өзүнчө уруксаты жана/же сертификаты таризделет.
32. Документтер өтүнмө ээси тарабынан мамлекеттик же расмий тилде берилет. Чет өлкөлүк адамдар тарабынан берилген документтер зарылдыгына жараша легалдаштырылууга же апостилдештирилүүгө тийиш.
33. Өтүнмө ээси берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
34. Конвенциянын колдонулушуна кирбеген жаныбарлардын дериваттарын (аңчылык олжолорун) ташуу Административдик органдын эксперттик корутундусунун негизинде жүзөгө ашырылат.
35. Эксперттик корутундуда төмөнкүдөй реквизиттер көрсөтүлүүгө тийиш:
1) органдын толук аталышы;
2) экспорттоочу жана импорттоочу өлкө, аталышы, дареги;
3) жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектинин түрү (түрлөрү), анын саны же салмагы;
4) берилген датасы жана жарактуулук мөөнөтү;
5) ташуунун түрү;
36. CITES конвенциясынын тиркемелери:
1) Конвенциянын I тиркемеси жоголуу коркунучунда турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн камтыйт. Питомниктерде (анын ичинде зоопарктарда) жаныбарларды көбөйтүүдө экинчи муун болуп саналган экземплярларды кошпогондо, мындай түрлөрдү коммерциялык максаттарда экспорттоого, реэкспорттоого жана импорттоого тыюу салынат. Конвенциянын I тиркемесине киргизилген үлгүлөрдү ташып чыгаруу үчүн CITES экспорттук да, импорттук да уруксаттарды алуу зарыл. Бул түрлөрдүн үлгүлөрүн сатуу алардын жашоосуна андан ары коркунуч келтирбөө үчүн өзгөчө катуу жөнгө салынат жана өзгөчө учурларда гана уруксат берилет.
2) Конвенциянын II тиркемеси ошол убакта жок болуп кетүү коркунучу жок болсо да, мындай түрлөрдүн үлгүлөрүн сатуу алардын жашоосуна туура келбеген мындай колдонууга жол бербөө үчүн катуу жөнгө салынбаса, мындай коркунучка дуушар болушу мүмкүн болгон үлгүлөрдү камтыйт. Конвенциянын II тиркемесине киргизилген үлгүлөрдү ташып чыгуу үчүн CITES экспорттук уруксатын алуу керек.
3) Конвенциянын III тиркемеси Конвенциянын кайсы болбосун Тараптын аныктамасы боюнча эксплуатациялоонун алдын алуу же чектөө үчүн анын юрисдикциясынын чегинде жөнгө салынууга тийиш болгон жана сооданы контролдоодо Конвенциянын башка Тараптарынын кызматташуусу зарыл болгон үлгүлөрдү камтыйт. Конвенциянын III тиркемесине киргизилген үлгүлөрдү ташып чыгуу үчүн CITES экспорттук уруксатын алуу керек.
37. Уруксатта төмөнкү коддор колдонулат:
1) "Appendix №/Тиркеме №" блогунда:
I - Конвенциянын I тиркемеси;
II - Конвенциянын II тиркемеси;
III - Конвенциянын III тиркемеси;
2) "Source/Булак" блогунда:
W - үлгүлөр жаратылыштан алынды;
R - үлгүлөр жапайы жаныбарларды өстүрүү боюнча атайын питомниктерден келет;
D - Конвенциянын VII беренесинин 4-пунктуна ылайык экспорттолуучу, коммерциялык максаттар үчүн камоодо (жасалма өстүрүлгөн) өстүрүлгөн Конвенциянын I тиркемесине киргизилген жаныбарлар жана өсүмдүктөр, ошондой эле алардын бөлүктөрү жана дериваттары;
A - жасалма жол менен өстүрүлгөн өсүмдүктөр, ошондой эле алардын бөлүктөрү жана дериваттары (коммерциялык эмес максатта жасалма өстүрүлгөн Конвенциянын I тиркемесине киргизилген түрлөрдүн үлгүлөрү жана Конвенциянын II жана III тиркемелерине киргизилген түрлөрдүн үлгүлөрү);
С - камоодо өстүрүлгөн жаныбарлар, ошондой эле алардын бөлүктөрү жана дериваттары (Конвенциянын I тиркемесинде камтылган түрлөрдүн үлгүлөрү, коммерциялык эмес максаттарда камоодо өстүрүлгөн жана Конвенциянын II жана III тиркемелерине киргизилген түрлөрдүн үлгүлөрү);
F - "камоодо өстүрүлгөн" аныктамасына толук жооп бербеген камоодо туулган жаныбарлардын биринчи мууну, ошондой эле алардын бөлүктөрү жана дериваттары;
U - келип чыгуу булагы белгисиз;
I - конфискацияланган же кармалган үлгүлөр;
3) "Purpose/Максат" блогунда:
Т - коммерция үчүн;
Z - зоопарктар үчүн;
G - ботаникалык бактар үчүн;
Q - цирк жана көчмө көргөзмөлөр үчүн;
S - илимий максаттар үчүн;
Н - аңчылык олжолор үчүн;
Р - жеке буюмдар үчүн;
М - биологиялык изилдөөлөр үчүн;
Е - билим берүү максаттары үчүн;
N - жаратылышка интродукция же реинтродукция үчүн;
B - камоодо өстүрүү же жасалма жол менен өстүрүү үчүн.
38. Уруксат төмөнкү текстти камтыйт - "Эгерде ташуу шарттары CITES сунуштарына, ал эми авиаташууларда ИАТАнын сунуштарына ылайык келсе, тирүү жаныбарлар үчүн бул уруксат жарактуу (For live animals, this permit is only valid if the transport conditions conform to the CITES Guidelines for Transport of Live Animals or, in the case of air transport, to the IATA Live Animals Regulations)", бул бажы чек арасындагы компетенттүү органдар тирүү жаныбарларды ташуу шарттары аткарылбаган учурда уруксатты алып коюуга, ал эми жаныбарларды конфискациялоого укуктуу экендигин билдирет.
39. CITES конвенциясынын I, II жана III тиркемелеринин тизмеси CITES Конвенциясынын расмий сайтында жеткиликтүү.
40. CITES уруксатында жана/же сертификатында реквизиттер Конвенциянын талаптарына ылайык көрсөтүлөт.
41. Конвенциянын I, II жана III тиркемелеринин үлгүлөрүн экспорттоого жана реэкспорттоого CITES уруксаттары 6 айдан ашпаган мөөнөткө, Конвенциянын I, II жана III тиркемелериндеги көчмө көргөзмөлөргө жана цирктерге - 12 айга, ал эми Конвенциянын I тиркемесинин үлгүлөрүн импорттоо үчүн - 12 айга жарактуу.
42. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр үлгүлөрдү ташууну жана аларды экспорттоочу өлкөнүн жана импорттоочу өлкөнүн бажы чек арасы аркылуу өткөрүүнү камтыган экспорт жана импорт боюнча кандай болбосун аракеттерди аяктоо үчүн белгиленген.
43. CITES уруксаттарынын жана/же сертификаттарынын жарактуулук мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайра таризделген учурларда өтүнмөнүн документтеринин толук топтомун берүү милдеттүү эмес.
44. Эгерде CITES уруксаты жана/же сертификаты көрсөтүлгөн мөөнөттө колдонулбаса, ал жараксыз болуп саналат жана эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын CITES Административдик органына кайтарылып берилүүгө тийиш.
45. Уруксаттардын жана/же сертификаттардын бланктары Административдик орган тарабынан бекитилет. Өтүнмөлөрдү кароо, CITES уруксаттарын жана/же сертификаттарын кароо жана тариздөө БТМС аркылуу ишке ашырылат. Уруксат коопсуздук даражасына жана эсеп номерине ээ болушу керек. Уруксат бланктары катуу эсепке алуу документтери болуп саналат. Уруксат бланктарын эсепке алуу жана сактоо Административдик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
46. Административдик органдын уруксаттары жана/же сертификаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин ташып келүүнү (импорттоону), ташып чыгууну (экспорттоону, реэкспорттоону) жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка уруксаттарды же лицензияларды алмаштырбайт.
47. CITES уруксатынын жана/же сертификатынын түп нускасы жоголгон же бузулган учурда алуучу Административдик органга дубликатты берүү жөнүндө өтүнмө берет. Административдик орган уруксаттын түп нускасы жоголгондугу же бузулгандыгы жөнүндө өтүнмө берилген күндөн тартып он календардык күндүн ичинде дубликат берүү маселесин кароого милдеттүү. Дубликат Административдик органда болгон документтердин негизинде жана CITES уруксатынын жана/же сертификатынын түп нускасында көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтүнүн чегинде берилет. Бузулган уруксат жана/же сертификат жокко чыгарылат. Берилген дубликатка жаңы каттоо номери ыйгарылат жана уруксаттарды каттоо журналына тиешелүү белги коюлат.
48. Берилген CITES уруксаты жана/же сертификаты жоголгон уруксаттын ордуна "Дубликат" деп белгиленет. Эгерде алуучу уруксаттын жана/же сертификаттын жоголгон түп нускасын тапкан учурда ал аны жокко чыгаруу үчүн анын түп нускасын (же дубликатын) Административдик органга берүүгө милдеттүү. Жоголгон уруксат жана/же сертификат жокко чыгарылууга тийиш, бул жөнүндө Административдик орган тарабынан тиешелүү белгилөө жүргүзүлөт.
49. CITES уруксатынын жана/же сертификатынын жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин өтүнмө ээси CITES жаңы уруксатын жана/же сертификатын берүү үчүн Административдик органга кайрылууга укуктуу. CITES жаңы уруксатына жана/же сертификатына жаңы каттоо номери ыйгарылат жана өзгөчө шарттарда тиешелүү белги коюлат. CITES уруксатынын жана/же сертификатынын жарактуулук мөөнөтү бүтсө жараксыз деп эсептелет жана Административдик орган тарабынан жокко чыгарылууга тийиш.
50. Келишимдердин негизги шарттары өзгөргөндө жана башка учурларда берилген уруксаттар жана/же сертификаттар уруксат алуучу тиешелүү өтүнмө берген күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде кайра таризделүүгө тийиш. Кайра тариздөө жөнүндө өтүнмө өтүнмө ээси тарабынан кайра тариздөө үчүн негиз болуп саналган жагдайлар келип чыккан учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде берилет.
51. Юридикалык жак кайра түзүлгөн, анын аталышы же анын жайгашкан жери өзгөргөн учурда - юридикалык жак (же анын укук улантуучусу) көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастаган тиешелүү документтерди тиркөө менен уруксатты жана/же сертификатты кайра тариздөө жөнүндө өтүнмө берүүгө укуктуу.
52. Жеке жактын аты же жашаган жери өзгөргөн учурда алуучу уруксатты жана/же сертификатты кайра тариздөө жөнүндө өтүнмө берүүгө жана көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастаган тиешелүү документтерди тиркөөгө укуктуу.
53. CITES уруксатын кайра тариздөөдө Административдик органдын жооптуу аткаруучусу уруксаттарды каттоо журналына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет. Мурда берилген уруксат жокко чыгарылат жана жаңы берилген уруксатка жаңы каттоо номери ыйгарылат.
54. Уруксат жана/же сертификат берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өтүнмө ээсине карата ага товарларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоо, импорттоо менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечиминин болушу;
2) ушул Жободо көрсөтүлгөн документтердин толук пакетин бербөө же өтүнмөлөрдү тариздөө боюнча Административдик органдын сын-пикирлери жоюлбаган учурларда;
3) эгерде алар Административдик органдын суроо-талабы боюнча берилбесе же жок кылынбаса, товарлардын жүргүзүлүп жаткан экспорттук-импорттук операциясы жөнүндө өтүнмө ээси тарабынан анык эмес маалыматтарды билдирүүсү;
4) товарларды ташып келүүдө (импорттоодо) же ташып чыгууда (экспорттоодо) сандык чектөөлөрдөн ашып кетүү;
5) товарларды ташып келүүгө (импорттоого) же ташып чыгууга (экспорттоого) мамлекеттик монополияны белгилөө.
55. Уруксат жана/же сертификат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим жүйөлүү болууга жана өтүнмө ээсине жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш.
56. Эгерде уруксат жана/же сертификат мөөнөтүндө берилбесе же ыйгарым укуктуу органдардын баш тартуусу негизсиз болсо, өтүнмө ээси анын аракеттерине административдик же соттук тартипте даттанууга укуктуу.
57. Уруксат төмөнкү учурларда күчүн жоготот:
1) уруксат берилген мөөнөт аяктаганда;
2) уруксат берилген иш-аракеттер толук көлөмдө жасалганда;
3) уруксат алуучунун - жеке же юридикалык жактын ишкердик иши токтотулганда.
58. Берилген уруксаттар башка юридикалык жана жеке жактарга берилүүгө тийиш.
59. Уруксаттарды берүү үчүн акы төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен баалардын прейскурантына ылайык банктардын кассаларында жүргүзүлөт.
4-глава. Уруксат берүүнүн жүрүшүндө жүргүзүлгөн аракеттерге (аракетсиздикке) жана чечимдерге даттануунун тартиби
60. Өтүнмө ээси уруксат берүүнүн жүрүшүндө кабыл алынган аракеттерге (аракетсиздиктерге) жана чечимдерге, эксперттик корутундуларга даттануу менен ыйгарым укуктуу органга же сот органдарына кайрылууга укуктуу.
61. Өтүнмө ээсинин кайрылуусунда төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1) өтүнмө ээсинин аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы, анын жашаган же турган жеринин почта дареги;
2) чечими, аракети (аракетсиздиги) өтүнмө ээсинин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган органдын аталышы, кызмат адамынын аты-жөнү;
3) укуктарды жана мыйзамдуу кызыкчылыктарды бузуунун, укукка каршы чечимдин, аракеттин (аракетсиздиктин) маңызы;
4) өтүнмө ээсине анын кайрылуусун кароонун натыйжалары боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдоо ыкмасы тууралуу маалыматтар.
62. Жооптуу аткаруучунун аракетине (аракетсиздигине) карата ыйгарым укуктуу органдарга берилген даттануу кызматтык териштирүү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.