Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 6-декабры ПЖ № 344
"МедВетСити+" инновациялык технологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү борбору" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
Инновациялык ишти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Инновациялык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте "МедВетСити+" инновациялык технологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү борбору" ачык акционердик коомун (мындан ары - Борбор) түзсүн;
2) бул Жарлыктан келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
2. Төмөнкүлөр Борбордун милдеттери болуп саналат деп белгиленсин:
1) инновациялык инфраструктураны өнүктүрүү;
2) жаңы жана өнүгүп келе жаткан технологиялар чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу;
3) продукциянын жаңы жана жакшыртылган түрлөрүн чыгаруу жана аны өндүрүү методдорун өркүндөтүү;
4) инновациялык долбоорлорду ишке ашырууда ата мекендик инновацияларды колдоо;
5) инновациялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн инфраструктураны түзүү;
6) жаңычылдыкты түзүү, өздөштүрүү, пайдалануу жана жайылтуу үчүн сервистерди берүү жолу менен инновациялык ишке көмөк көрсөтүү;
7) инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасынын айрым тармактарын өнүктүрүү;
8) инновациялык технологиялар жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;
9) инновациялык ишти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү башка милдеттер.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 95 (3650) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |