Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VII сессиясынын
2024-жылдын 14-августу №30
« «Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Кѳл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинен которулган акча каражатын Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин тиешелүү беренесине бөлүштүрүү жөнүндө ».
«Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Кѳл шаарынын ЖазыКечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинен которулган акча каражатын Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин тиешелүү беренесине бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын VII сессиясы токтом кылат:
1. «Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Кѳл шаарынын ЖазыКечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик мекемесинен которулган 313795сом акча каражатын Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аппараттын атайын эсебиндеги 2215 беренесине Кемпир-Өлдү суусун чыгаруу долбоорунун жерлерине мамлекеттик акт алууга бөлүштүрүлсүн.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: |
И.Өмүрбеков |