Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 4-декабры № 83-чуа
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 70-нпа “Ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүү боюнча чаралар жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүү, бюрократиялык тоскоолдуктарды төмөндөтүү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамкурулуш) жөнүндө» жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Мамкурулуштун 2024-жылдын 5-июнундагы № 70-нпа “Ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүү боюнча чаралар жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү “Ведомстволор аралык” деген сөздөр алып салынсын;
2) 1-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) Долбоордук документтер, аны иштеп чыгууда курулуш чөйрөсүндөгү ченемдик документтери колдонулган мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш, ошону менен бирге долбоордук документтер жана мамлекеттик экспертизанын корутундусу милдеттүү апостилдөө менен мамлекеттик же расмий тилге которулат;”
3) 7-пунктту күчүн жоготту деп таанылсын;
4) Мамкурулуштун 2024-жылдын 5-июнундагы № 70-чуа буйругуна №2 тиркемесинде:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы ар кандай жөндөмөдөгү “Ведомстволор аралык” деген сөздөр алып салынсын;
- бүткүл текст боюнча "ВТК" деген сөздүн "В" тамгасы алып салынсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын “ТК курамы Мамкурулуштун буйругу менен түзүлөт";
- 20-пунктундагы “9”деген цифраны “7” деген цифра менен алмаштырылсын.
2. Мамкурулуштун Курулуш башкармалыгы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, аталган буйрукту жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2024-жылдын 5-декабрындагы gosstroy.gov.kg расмий сайтында жарыяланды
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.
Директор | Н.К. Орунтаев |