Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VII сессиясынын
2024-жылдын 14-августу №32
«Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө караштуу Торкен айылынын Кожо-Булак участогунан жайыт жерден өндүрүштүк зонага трансформацияга которууга макулдук берүү жөнүндө».
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө караштуу Торкен айылынын Кожо-Булак участогунан жайыт жерден өндүрүштүк зонага трансформацияга которууга макулдук берүү жөнүндөгү маселесин угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын VII сессиясы токтом кылат:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө караштуу Торкен айылынын Кожо-Булак участогунан жайыт жерден №3781-контурунан 0,50га жер аянтын, №3777-контурунан 0,50га, жалпы 1га жер аянтын өндүрүштүк зонага трансформацияга которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: |
И.Өмүрбеков |