Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 7-февралы № 1857-VII
"Тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин айынан соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча иликтөө тууралуу убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 1252-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 1252-VII токтому менен түзүлгөн тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин айынан соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча иликтөө тууралуу убактылуу депутаттык комиссиянын баяндамасын угуп жана талкуулап, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин, жеке менчикти, коомдук тартипти, мамлекетти, айлана-чөйрөнү, конституциялык түзүлүштү ар кандай кол салуулардан коргоо, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштардын алдын алуу жана адилеттүүлүктү калыбына келтирүү, сот адилеттигин сапаттуу ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын элинин сотторго болгон ишенимин арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты - тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин айынан соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча иликтөө тууралуу убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Коргонбай уулу Жусупбектин баяндамасы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын аракеттеринде 2018-жылдан тартып 2023-жылдын 15-июнуна чейинки мезгилде соттолгондорго карата сот тарабынан жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууну колдонууда соттолгондун жазаны жеңилдетүүгө болгон конституциялык укуктарын бузуулар бар экендиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунушталсын:
- карама-каршылыктарды четтетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомдору менен бекитилген "Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп эсептөө жөнүндө" жобону Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү;
- жаза аткаруу тутумун өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу максатында бардык бийлик бутактарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн жумушчу топ түзүүнү демилгелөө;
- депутаттык комиссия тарабынан аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү, күнөөлүү кызмат адамдарына карата тиешелүү чараларды көрүү;
- Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелериндеги жазаны өтөө жайларында турган соттолгондорду ири курулуштарга (ГЭС, темир жол курууга ж.б.у.с.) эмгектенүүгө тартуу;
- Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелеринде жазаны өтөө жайларында турган соттолгондорго бирдей жашоо шарттарын түзүү;
- жазаны өтөө жайларында турган соттолгондорду өз убагында паспорт менен камсыз кылуу.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна сунушталсын:
- соттук практиканы жалпылоо, соттолгондорду жатак-абактарга которуу жана мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу менен байланышкан иштер боюнча чечимдерди чыгарууда соттордун мыйзамдарды бирдей колдонуусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомун кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун карамагындагы маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында орун алган карама-каршылыктарды жоюу максатында мыйзам долбоорун иштеп чыгуу.
5. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринде аныкталган бардык мыйзам бузуу фактылары боюнча жооптуу адамдардын аракеттерине укуктук баа берүү;
- Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу тутумундагы аныкталган бардык одоно мыйзам бузуулар боюнча прокурордук актылардын аткарылышын контролдоону күчөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагындагы маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында орун алган карама-каршылыктарды жоюу максатында мыйзам долбоорун иштеп чыгуу;
- жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу боюнча материалдарды сот отурумунда кароодо жаза аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча прокуратуранын прокурорлорунун (атайын прокурордун) катышуусун камсыз кылуу.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Шакиев |