Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-ноябры № 696
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 64-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарда:
- 4, 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жалпы билим берүү багытындагы МУларда балдардын курактык топторунун саны жана катышы алардын чектүү толушуна жараша аныкталат:
ясли курагындагылар үчүн:
- 1,6 жаштан 2 жашка чейин - 20 балага чейин;
- топто эки курактагы (1,6 жаштан 3 жашка чейин) балдар болсо - 20 баладан ашык эмес;
мектепке чейинки курактагылар үчүн:
- 2-3 жаштагы 1-кенже топ - 25 баладан ашык эмес;
- 3-4 жаштагы 2-кенже топ - 25 баладан ашык эмес;
- 4-5 жаштагы ортонку топ - 30 баладан ашык эмес;
- 5-6 жаштагы улук топ - 30 баладан ашык эмес;
- топто кайсы болбосун эки курактагы (3-6 жаштагы) балдар болсо - 25 адамдан ашык эмес.
5. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн адистештирилген бала бакчада балдардын курактык топторунун саны жана катышы балдардын категориясына жана алардын курагына жараша белгиленет. 1,6 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдар үчүн топтордун чектүү толушу төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
- сүйлөө речи бузулган балдар үчүн - 16 баладан;
- речинин фонетика-фонематикасы бузулган 3 жаштан жогору курактагы гана балдар үчүн - 18 баладан;
- дүлөй балдар үчүн - эки курактагы тең топ үчүн 6 баладан;
- угуусу начар балдар үчүн - 6 жана 10 баладан;
- сокур балдар үчүн - эки курактагы тең топ үчүн 6 баладан;
- көрүүсү начар балдар, амблиопиясы бар, көзү чалыр балдар үчүн - 6 жана 10 баладан;
- таяныч-кыймыл аппараты бузулган балдар үчүн - 6 жана 8 баладан;
- психикалык өнүгүшү кечеңдеген балдар үчүн - 6 жана 12 баладан;
- акыл-эси бир аз артта калган балдар үчүн - 6 жана 12 баладан;
- акыл-эси бир аз, оор даражада артта калган 3 жаштан жогору курактагы гана балдар үчүн - 8 баладан;
- аутизми бар 3 жаштан жогору курактагы гана балдар үчүн - 5 баладан;
- оор деффекти бар (дене бой жана/же психикалык өнүгүүсүндө 2 же андан ашык кемчиликтин айкалышы бар) балдар үчүн - эки курактагы тең топ үчүн 5 баладан;
- башка ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн - 10 жана 15 баладан.";
- 51-пункттун 1-таблицасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-таблица
Топтук ячейка жайларынын аянттары
Жайлардын аталышы | Жайлардын аянты (м2) |
Кийинип-чечинүүчү жай | 18ден кем эмес |
Топтук (оюндар, сабактар жана тамактануу үчүн) | Эмеректи жана анын жайгашуусун эске албаганда ясли топторундагы 1 балага 2-2,5 кем эмес; мектепке чейинки топтордогу 1 балага 2,0 кем эмес |
Буфет | 3,0 кем эмес |
Уктоочу жай | Эмеректи жана анын жайгашуусун эске албаганда ясли топторундагы 1 балага 1,8 кем эмес; мектепке чейинки топтордогу 1 балага 1,8-2,0 кем эмес |
Даараткана | Мектепке чейинки топтор үчүн 16 кем эмес жана ясли топтору үчүн 12 кем эмес |
";
- 53-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"53. Жаңыдан курулуп жаткан жана реконструкцияланып жаткан МУ имараттарында музыка жана дене тарбия сабактары үчүн аянты 75 м2 кем эмес болгон залдарды кароо сунушталат. Залдар өтмө болбошу керек.";
115-пунктта "7" деген цифра "6" деген цифрага алмаштырылсын;
- 178-пункттун 10-таблицасындагы "3 жаштан 7 жашка чейинки" деген сөздөр "3 жаштан 6 жашка чейинки" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 209-пункттун 11-таблицасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-таблица
Балдар кыска мезгилде болуучу топтук жайлардын аянты
Жайлардын аталышы | Жайлардын аянты (м2) |
Топтук (оюндар, сабактар жана тамактануу үчүн) | Эмеректи жана анын жайгашуусун эске албаганда ясли топторундагы 1 балага 2,0-2,5 кем эмес, мектепке чейинки топтордогу 1 балага 1,8-2,0 кем эмес |
Уктоочу жай | Керебеттерди коюуда (керебеттерди коюу ушул санитардык эрежелердин 116-пункту менен регламенттелет) сырткы дубалдардан аралыкты эске албаганда ясли топторундагы 1 балага 1,8 кем эмес, мектепке чейинки топтордогу 1 балага 2,0 кем эмес эсебинде |
Жуунуучу жай | Мектепке чейинки кенже курактагы балдар үчүн жуунгучтарды полдон прибордун бортуна чейин орнотуунун бийиктиги 0,4 м болгон 1 раковина (балдардын курагына жараша) жана мектепке чейинки орто жана улуу курактагы балдар үчүн жуунгучтарды полдон прибордун бортуна чейин орнотуунун бийиктиги 0,5 м болгон 1 раковина эсебинде муздак жана ысык суу тартылган жуунуучу раковиналар |
Даараткана | Балдардын унитазын орнотуу менен 2ден кем эмес кабинаны жабдуу зарыл (балдар үчүн 1, кыздар үчүн 1) |
";
- 223-пунктта "7" деген цифра "6" деген цифрага алмаштырылсын;
- 224-пунктта "7" деген цифра "6" деген цифрага алмаштырылсын;
- 231-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"231. 5-6 жаштагы балдар үчүн компьютерлерди колдонуу менен сабактарды бир күндө бир жолудан ашык эмес жана жумасына үч жолудан ашык эмес, ишке болгон жөндөмдүүлүк кыйла жогору болгон күндөрү - шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү өткөрүү керек. Балдар менен сабак өткөрүлгөндөн кийин көз гимнастикасы жасалат. 4 жаштагы балдар үчүн өнүктүрүүчү оюн сабактарында компьютер менен иштөөнүн үзгүлтүксүз узактыгы 10 мүнөттөн жана 5-6 жаштагы балдар үчүн - 15 мүнөттөн ашпоого тийиш. Өнөкөт патологиясы бар, тез-тез ооруган (жылына 4 жолудан көп) балдар үчүн ооруп айыккандан кийин 2 жуманын ичинде компьютер менен сабактардын узактыгы 4 жаштагы балдар үчүн 7 мүнөткө чейин, 5-6 жаштагы балдар үчүн 10 мүнөткө чейин кыскартылууга тийиш.";
- 236-пунктта "7" деген цифра "6" деген цифрага алмаштырылсын;
- 285-пунктта "7" деген цифра "6" деген цифрага алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Санитардык эрежелердин 5-тиркемесинде:
аталышында "7" деген цифра "6" деген цифрага алмаштырылсын;
"Балдардын курагы, жашы" деген графада "7" деген цифра "6" деген цифрага алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 90 (3644) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |