Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 3-декабры № 725
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 8-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринде:
1) "Медициналык кызмат көрсөтүүлөр" 2-главасында:
- "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери" графасындагы 8, 20, 21-пункттар "ССМ" деген аббревиатурадан кийин ", КРПИБ" деген сөздөр менен толукталсын;
- 28-40-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
28 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген, ага бекитилбеген контингентке амбулаториялык деңгээлде консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү, медициналык кароолорду жана дарылоо иш-чараларын, суу процедураларын жүргүзүү | ССМ | КРПИБ | Акы төлөнөт |
29 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык ага бекитилген контингентке амбулаториялык деңгээлде консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү, медициналык кароолорду жана дарылоо иш-чараларын жүргүзүү | ССМ | КРПИБ | Акысыз |
30 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген, ага бекитилбеген контингентке адистештирилген стационарларда медициналык жардам көрсөтүү | ССМ | КРПИБ | Акы төлөнөт |
31 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык ага бекитилген контингентке адистештирилген стационарларда медициналык жардам көрсөтүү | ССМ | КРПИБ | Акысыз |
32 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген, ага бекитилбеген контингентке медициналык жардамдын жогорку технологиялык түрлөрүн көрсөтүү | ССМ | КРПИБ | Акы төлөнөт |
33 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык ага бекитилген контингентке медициналык жардамдын жогорку технологиялык түрлөрүн көрсөтүү | ССМ | КРПИБ | Акысыз |
34 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген, ага бекитилбеген контингентке реабилитациялык медициналык жардам көрсөтүү | ССМ | КРПИБ | Акы төлөнөт |
35 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык ага бекитилген контингентке реабилитациялык медициналык жардам көрсөтүү | ССМ | КРПИБ | Акысыз |
36 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген, ага бекитилбеген контингентке стоматологиялык жардам көрсөтүү | ССМ | КРПИБ | Акы төлөнөт |
37 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык ага бекитилген контингентке стоматологиялык жардам көрсөтүү | ССМ | КРПИБ | Акысыз |
38 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык ага бекитилген контингентке стоматологиялык жардам көрсөтүү (кымбат жана жаңы муундагы препараттар жана медикаменттер) | ССМ | КРПИБ | Акы төлөнөт |
39 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген, ага бекитилбеген контингентке тиешелүү бейтапты ооруканага жеткирүү, шашылыш көрсөткүчтөр боюнча бир ооруканадан экинчиге ташуу | ССМ | КРПИБ | Акы төлөнөт |
40 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык ага бекитилген контингентке тиешелүү бейтапты ооруканага жеткирүү, шашылыш көрсөткүчтөр боюнча бир ооруканадан экинчиге ташуу (КРПИБдин тиешелүү мамлекеттик мекемеси жайгашкан калктуу конуштун чегинде) | ССМ | КРПИБ | Акысыз |
";
2) "Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза кызмат көрсөтүүлөрү" 5-главасында:
- 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
31 | Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча ветеринардык дары-дармек каражаттарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын, ветеринардык багыттагы диагностикалык, дезинфекциялык, дезинсекциялык жана дезакаризациялык каражаттардын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү | САЧКӨМ | САЧКӨМ | Акы төлөнөт |
";
- 45-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
45 | Өтүнмөлөр жана келишимдер боюнча байланыш жабдууларына, ошондой эле радио жыштыктагы нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык байланыш каражаттарына шайкештик сертификаттарын берүү/шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо | СӨМ | СӨМ | Акы төлөнөт |
";
- глава төмөнкүдөй мазмундагы 83-пункт менен толукталсын:
"
83 | Өтүнмөлөр боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторуна жана гибриддерине мамлекеттик сыноолорду жүргүзүү | САЧКӨМ | САЧКӨМ | Акы төлөнөт |
";
3) "Басма, көчүрмөлөө жана чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү" 7-главасында:
- "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери" графасынын 7-пункту "ССМ" деген аббревиатурадан кийин ", УИА" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"
8 | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кабарлары" илимий журналына макалаларды жарыялоо | УИА | УИА | Акы төлөнөт |
".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |