Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 9-декабры № 198
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1049-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы 22-пункт менен толукталсын:
"22) социалдык контракт - жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлөнүн (же алардын тобунун) жана жумуш менен камсыздоого көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн ортосундагы өз ара милдеттенмелер жөнүндө макулдашуу, ага ылайык аймактык бөлүм үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми үй-бүлө (же алардын тобу) Программа менен каралган иш-чараларды ишке ашырууга милдеттенет.";
2) 3-берененин 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) эгерде өндүрүлгөн продукция рынокто сатууга багытталган болсо, айыл чарба, токой чарба, аңчылык, балык уулоо продукцияларын өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү кошо алганда, үй чарбасында товар өндүрүү жана кызмат көрсөтүү менен алектенгендер, өндүрүш кооперативдеринде, дыйкан (фермер) чарбаларында иштегендер, ошондой эле 0,05 гектардан көп өлчөмдөгү өзгөчө баалуу жерлерге ээлик кылуу менен айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө катышкандар;";
3) 5-берененин 2-1-бөлүгүнүн жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- 0,05 гектардан көп өлчөмдөгү өзгөчө баалуу жерлери бар жарандар;";
4) төмөнкүдөй мазмундагы 121-берене менен толукталсын:
"121-берене. Социалдык контракттын негизиндеги социалдык жардам
1. Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн жигердүү чараларынын бири болуп социалдык контракт саналат.
2. Социалдык контракттын негизиндеги социалдык жардамды алуу ыктыярдуу негизде гана жүзөгө ашырылат.
3. Социалдык контракттын/келишимдин негизиндеги социалдык жардамды каржылоонун жана кошо каржылоонун булактары республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин (жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү болгон учурда) каражаттары, ошондой эле мыйзамда тыюу салынбаган башка финансылык каражаттар болушу мүмкүн.
4. Социалдык контракттын негизиндеги социалдык жардамды берүүнүн тартиби, катышуучулардын саны, социалдык контрактка кол койгон адамды жумушсуз жана жумуш издеген адам катары эсептик каттоодон чыгаруу жана кайра каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж, № 7-8, 765-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 91-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Социалдык контрактты ишке ашыруунун алкагында ушул берененин 3-5-пункттарында көрсөтүлгөн иштин түрлөрүнөн түшкөн жарандардын кирешелери социалдык контракт түзүлгөн айдан кийинки 3 айдын ичинде эсепке алынбайт.";
2) 14-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13) 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулун алуучуга социалдык контракттын негизиндеги социалдык жардам берилгенде. Мында жөлөкпулду төлөө социалдык контракт түзүлгөн айдан кийинки 3 ай аяктагандан кийин токтойт жана кийинки 3 жылдын ичинде чектелет (ал жеткис жагдайлар түзүлгөн же көрсөтүлгөн социалдык жардамдын толук суммасын акчалай түрдө кайтарып берүү менен социалдык контракттан ыктыярдуу баш тарткан учурду кошпогондо).".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 13-декабрындагы № 96 (3651) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |