Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
АК-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН БИРИНЧИ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 28-ноябры № 1
Депутаттардын Ак-Терек айылдык Кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
________________________________________________________________________
Эсептөө комиссиясынын №2-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Ак-Терек айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамынын 29-статьясына ылайык эсептѳѳ комиссиясынын №2 протоколу бекитилсин.
2. Эркинбек уулу Султан Ак-Терек айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ак-Терек айылдык Кеӊешинин 2024-жылдын 28-ноябрындагы №1токтому Ысык-Кѳл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүлсүн.
Депутаттардын Ак-Терек айылдык Кеӊешинин
1 сессиясына тѳрагалык кылуучу А.К. Исаев