Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 2-декабры № 3

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө

(Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 12-майындагы № 31, 2025-жылдын 25-июнундагы № 33, 2025-жылдын 14-октябрындагы № 64, 2026-жылдын 31-мартындагы № 82, 2026-жылдын 30-июнундагы № 97 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамдарынын жана Бишкек шаардык кеңешинин регламентинин негизинде, XXIX чакырылышынын Бишкек шаардык кеңешинин биринчи сессиясынын эсептөө комиссиясынын төрагасынын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп чыгып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жылдызбек Асанкулович Абдраимов штаттык ырааттамага ылайык XXIX чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.

2. Алмаз Абылкасымович Шананов Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын төрагасынын орун басары болуп шайлансын.

(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 82, 2026-жылдын 30-июнундагы № 97 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Алмаз уулу Аскар Бишкек шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын төрагасынын орун басары болуп шайлансын.

4. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 35 «Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Б.Усеналиев