Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын I уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры №6
“Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкелерин муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 27.11.2024-жылдагы чыг.№01-19/7175 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 28.11.2024-жылдагы сессиясында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин I уюштуруу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Ш.Абдраманов №21 дарегиндеги (мурунку Индустриальный) көчөсүдө жайгашкан К.Турдиевага таандык (идентификациялык номери 3-10-02-0024-2526) 140 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин, Ш.Абдраманов №19 дарегиндеги (мурунку Индустриальный) көчөсүдө жайгашкан А.Турдиевге таандык (идентификациялык номери 3-10-02-0024-2525) 140 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин, Ш.Абдраманов №23 дарегиндеги (мурунку Индустриальный) көчөсүдө жайгашкан Д.Ашимовго таандык (идентификациялык номери 3-10-02-0024-25-27) 140 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин жана Ш.Абдраманов №17 дарегиндеги (мурунку Индустриальный) көчөсүдө жайгашкан А.Абылкасымовго таандык (идентификациялык номери 3-10-02-0024-2524) 140 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүндөгү №49 дарегинде жайгашкан (коллективдик гараждагы) муниципалдык жер тилкелерден К.Турдиевага 140 чарчы метр, А.Турдиевге 140 чарчы метр, Д.Ашимовго 140 чарчы метр жана А.Абылкасымовго 140 чарчы метр жер тилкелерин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгы тарабынан алмаштыруу жолу менен өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгына мүлктөрдү өткөрүп алууда жана өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
О.Т. Турдубеков |