ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын I уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры №7
“Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 27.11.2024-жылдагы чыг.№01-19/7173 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 28.11.2024-жылдагы сессиясында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин I уюштуруу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаарынын Сузак чакан көчөсү №80 дарегинде жайгашкан Б.С.Мамадалиевге таандык (идентификациялык номери 3-10-01-0017-0732) 13500 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын Промзона көчөсү №3и дарегинде жайгашкан 8115 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин Б.С.Мамадалиевге Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгы тарабынан алмашуу жолу менен өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгына мүлктөрдү өткөрүп алууда жана өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.