ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын I уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры №9
“Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик жер тилкелерин муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 27.11.2024-жылдагы чыг.№01-19/7170 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 28.11.2024-жылдагы сессиясында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин I уюштуруу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаарынын Н.Айтматова көчөсү 88-ж дарегинде жайгашкан А.О.Садырбаевага таандык (идентификациялык номери 3-10-03-0015-0828) 74 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин, Н.Айтматова көчөсү №8/1 дарегинде жайгашкан З.А.Кошбаевага таандык (идентификациялык номери 3-10-03-0015-0838) 18 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин жана Н.Айтматова көчөсү №77-ж дарегинде жайгашкан Д.А.Саидгазиевага таандык (идентификациялык номери 3-10-03-0015-0802) 20 чарчы метр жеке менчик жер тилкесин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүндөгү №49 дарегинде жайгашкан (коллективдик гараждагы) муниципалдык жер тилкелерден А.О.Садырбаевага 74 чарчы метр, З.А.Кошбаевага 18 чарчы метр жана Д.А.Саидгазиевага 20 чарчы метр жер тилкелерин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгы тарабынан алмашуу жолу менен өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгына мүлктөрдү өткөрүп алууда жана өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.