Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин VIII-чакырылышынын II-сессиясы
2024-жылдын 28 -ноябры №2/3
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VIII чакырылышы) регламентин кабыл алуу жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021–жылдын 20–октябрындагы №123 Мыйзамынын 34–беренесинин 2–бөлүгүнүн 9–бөлүкчөсүнө жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына негиз жана шаардык кеӊештин (VIII чакырылышы) регламентинин долбоорун талкуулоодо депутаттар тарабынан берилген сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Аматов |
Кызыл-Кыя шаардык
кеңешинин (VIII чакырылышы)
2024-жылдын 28-ноябрындагы
№ 2/3 токтому менен
БЕКИТИЛГЕН
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
(VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫ)
РЕГЛАМЕНТИ
2024–жыл, ноябрь
I БӨЛYM
Жалпы жоболор
1-глава
Шаардык кеңеш
1.1 Ушул Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин регламенти (VIII чакырылышы) Кызыл-Кыя шаарынын деңгээлинде шаардык кеңештин уюштуруу принциптерин белгилейт, шаардык кеңештин ачык бийлигин жүргүзүүдө ролун аныктайт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекитет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелеринин компетенциясын жана принциптерин белгилейт.
1.2 Кызыл-Кыя шаардык кеңеши тиешелүү аймакта жашаган шаар боюнча пропорциялуу система негизинде жалпыга бирдей, тең жана тике добуш берүү жолу менен 5 жылдыкмөөнөткө шайлануучу сессиялуу иштеген 31 депутаттан турат. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен аныкталат.
1.3 Кызыл-Кыя шаардык кеңеши шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун шайлануучу өкүлчүлүктүү органы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", “Мамлекеттик жарандык кызмат жана мунципалдык кызмат жөнүндө”, "Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндө", «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларга негиз, укуктук жөнгө салууну жүргүзөт.
1.4 Кызыл-Кыя шаардык кеңеши өзүнүн төгөрөк мөөрү, штампы жана бланктары, банктык мекемеде эсептик счету, менчик мүлкү бар, өзүнүн милдеттенмелерине жооп берген, өзүнүн атынан мүлк сатып ала турган жана мүлктүк жана жеке мүлктүк укуктарды жана милдеттерди ишке ашыруучу, сотто жоопкер жана доогер болуучу юридикалык жак болуп саналат. Шаардык кеңеш "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен өзүнүн компетенциясына, милдетине жана ыйгарымына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө, кабыл алынган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүүгө укуктуу.
Жогорку турган бийлик органдары шаардык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө жана кийлигишүүгө укуксуз. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда шаардык кеңештин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
1.5 Кызыл-Кыя шаардык кеңеши өзүнүн ишмердүүлүгүн төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырат:
1) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын чектөө;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү жана алардын өз иш милдеттерин жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
3) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
4) өзүн өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн өзү каржылоо;
5) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;
6) жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;
7) коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эске алынышы;
8) тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо;
9) өз компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө жергиликтүү кеңештердин көз карандысыздыгы;
10) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыларына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү жана баалоону өткөрүү.
1.6 Депутаттардын шаардык кеңешинин негизги уюштуруучулук–укуктук формасы шаардык кеңештин сессиясы болуп саналат. Шаардык кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде маселелерди кароого жана алар боюнча чечим кабыл алууга укуктуу;
1.7 Депутаттардын шаардык кеңешинин туруктуу жана эффективдүү ишмердүүлүгүн анын сессияларынын, туруктуу комиссияларынын, депутаттардын өз ыйгарым укуктарын өндүрүштүк жана кызматтык ишмердүүлүгүн токтотпой ишке ашырган иштери менен камсыз кылынат.
1.8 Шаардык кеңештин ишмердүүлүгүн уюштуруунун тартиби, ыйгарым укуктарды жана жол-жоболорун жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана шаардык кеңештин регламенти тарабынан аныкталат.
2-глава
Шаардык кеңештин компетенциясы
2.1 Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, шаардык кеңеш төмөнкү маселелерди карайт жана чечим кабыл алат:
1. жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2. жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкары фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
3. аймакты социалдык–экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;
4. жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5. муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин, анын ичинде муниципалдык менчиктин обьектерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролду ишке ашыруу;
6. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иши жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын отчетун угуу;
7. тиешелүү мамлекеттик органдарга киргизүү максатында административдик – аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
8. кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
9. шаардык кеңештин регламентин кабыл алуу;
10. өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
11. муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди бекитүү;
12. алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;
13. расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;
14. ирригациялык тармактарды, үй жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;
15. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү;
16. бюджетти, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;
17. мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.
II БӨЛҮМ
Шаардык кеңештин түзүмү жана органдары
3-глава
Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин
төрагасынын орун басарлары
3.1 Шаардык кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат ( 40-берене).
Шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүгө депутаттык фракция же 5 депутаттан кем эмес сандагы топ ээ.
Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген талапкер, шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.
Эгерде:
-катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса кайра шайлоо өткөрүлөт.
-эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.
Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, а кийинки эки талапкер бирдей сандагы добуштарды алган болсо, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүнүн ушул беренеде каралбаган натыйжаларын аныктоодо башка кырдаалдар келип чыккан учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясына берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
3.2 Шаардык кеңештин төрагасы туруктуу негизде саясий муниципалдык кызматты ээлейт жана илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштен тышкары акы төлөнүүчү башка кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.
3.3 Шаардык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин демилгеси боюнча депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиден кем эмесинин добушу менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
3.4 Шаардык кеңештин төрагасы:
1) шаардык кеңештин сессиясын чакырат;
2) сессияларга төрагалык кылат;
3) шаардык кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат;
4) шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизилүүчү маселелерди даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
5)шаардык кеңештин чечимдерине кол коет жана алардын аткарылышын контролдооону уюштурат;
6)шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
7) шаардык кеңештин аппаратынын ишин көзөмөлдөйт;
8) шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларынын жана туруктуу жана убактылуу комиссиялардын төрагаларынын алардын кызматтык милдеттерин аткаруусун көзөмөлдөйт;
9) фракцияларга (депутаттарга) алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууларына, жарандарды кабыл алууга, шайлоочулардын алдында отчет берүүгө көмөк көрсөтөт, аларды маалымат менен камсыздоону уюштурат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
10) шаардык кеңештин жана анын органдарынын иши жөнүндө коомдук пикирдин айкындуулугун жана эсепке алынышын камсыздайт;
11)мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар жана жарандар менен болгон мамиледе шаардык кеңештин атынан иш алып барат;
12)шаардык кеңештин аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
13)депутаттардын жана аппаратынын кызматкерлеринин иш сапарлары жөнүндө, шаардык кеңештин сессиясына чыгуучу маселелер боюнча жумушчу топторду жана комиссияларды түзүү үчүн материалдарды даярдоо, ошондой эле анын компетенциясына кирген маселелер боюнча тескемелерди чыгарат. Шаардык кеңештин төрагасынын буйругу, токтому шаардык кеңештин сессиясынын гана чечими менен жокко чыгарылып, өзгөрүп, толукталып турушу мүмкүн.
14)шаардык кеңешке бөлүнгөн каражаттарды шаардык кеңештин бекитилген бюджетине жана чыгаша сметасына ылайык башкарат;
15)шаардык кеңеште иш кагаздарын жүргүзүү жөнүндө иштердин номенклатурасын бекитет;
16) шаардык кеңештин чыгаша сметасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыздайт; 17)шаардык кеңештин депутаттарынын иши жөнүндө жана анын органдарынын жыйналыштарын даярдоону камсыз кылат, коомдук пикирди ачык-айкындык эсепке алуу үчүн аларды "ЮТС" телерадиокомпаниясынан атайын теле берүүлөр аркылуу чагылдырууну уюштурат.
3.5 Шаардык кенештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч берет.
3.6 Шаардык кеңештин төрагасынын 2 орун басары болот.
3.7 Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары:
1) жергиликтүү кенештин төрагасынын орун басарлары сессияда жергиликтүү кенештин төрагасынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ичинен шайланат.
2) шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары шаардык кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда аны алмаштырат.
3) шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жергиликтүү кенештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча бошотулушу мүмкүн.
4) шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары өзүнүн ишин коомдук башталышта ишке ашырат.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
4-глава
Шаардык кеңештин жооптуу кызматкерлери
Шаардык кеӊештин штатындагы жооптуу кызматкерлердин милдеттери иштелип чыккан кызматтык нускамаларга ылайык белгиленет.
4. Жооптуу катчы:
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы шаардык кеңештин аппаратынын муниципалдык кызмат адамы болуп саналат.
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы шаардык кеңештин төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана бошотулат.
4.1 Шаардык кеңештин аппаратынын ишин уюштурат, аппараттык отурумдарды, окуу семинарларды иш пландардын негизинде өткөрүүнү уюштуруу, шаардык кенешке интернет (токтом сайт) жана башка булактар аркылуу түшкөн Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарын, укуктук ченемдик актыларын, аларга киргизилген өзгөртүүлөрдү аппараттын жооптуу кызматкерлерине жана шаардык кенештин депутаттарына айына бир жолу билдирип турат;
4.2 Өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда депутаттарды тийиштүү маалыматтар менен камсыздайт;
4.3 Шаардык кеңештин ишинин келечектүү планын аткарууну камсыздайт;
4.4 Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишинде өз ара аракеттенет;
4.5 Шаардык кеңешке келген документтердин эсепке алынышын жана аткарылышын көзөмөлдөйт;
4.6 Шаардык кеңештин сессиясынын материалдарын даярдоону жана аларды шаардык кеңештин депутаттарына жеткирүүнү көзөмөлдөйт;
4.7 Сессиянын ишине катышууга депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын жетекчилерин, өз алдынча башкаруунун коомдук органдарынын өкүлдөрүн жана башка жактарды чакырууну уюштурат;
4.8 Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында, укуктук ченемдик актыларында жана шаардык кенештин регламентинде көрсөтүлгөн жана башка иштерди аткарат.
5-глава
Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
5.1 Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык депутаттардын ичинен туруктуу комиссияларды, зарыл учурда шаардык кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ощондой эле шаардык кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу жана аларды аткарууну контролдоо үчүн убактылуу комиссияларды түзөт.
Жергиликтүү кенештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, жергиликтүү кенештин сессиясында каралышы мүмкүн эмес.
5.2 Комиссиялардын тизмегин, алардын сандык курамын жана шайлоо тартибин тиешелүү жергиликтүү кенештин депутаттык фракцияларынын, топторунун жана депутаттарынын сунушу боюнча жергиликтүү кенеш аныктайт.
5.3 Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт.
Туруктуу комиссиялардын курамына шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары шайлана алышпайт.
1) туруктуу комиссиянын бюджет боюнча курамына Кызыл-Кыя шаарынын бюджеттик процессинде жеке кызыкчылыгын башкача айтканда өзү, анын жубайы, ата-энеси, балдары, бир туугандары жана эже, карындаш-сиңдилери үчүн материалдык пайданы көздөгөн адам кире албайт.
5.4 Туруктуу комиссия ар бир жылга иштерин пландуу камсыз кылуу үчүн, комиссиянын жылдык планын түзөт.
Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өзүлөрүнүн курамынан төраганы, төраганын орун басарын жана катчысын ачык добуш берүү менен шайлайт, комиссиянын төрагасы, төрагасынын орун басары, өз милдеттерин аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча кайра шайланышы мүмкүн.
5.5 Шаардык кеңешинин төрагасынын жана туруктуу комиссиянын сунушу менен шаардык кеңеш туруктуу комиссиянын курамына ѳзгѳртүү киргизет. Комиссия өздөрүнүн ишмердүүлүктөрүнүн негизги багыттары менен кичи комиссияларды түзө алат.
5.6 Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, анын тиешелүү комиссияга көрсөткөн депутаттык фракциянын же топтун сунушу боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
5.7 Туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы, шаардык кеңештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдык актылары менен белгиленет.
5.8 Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
5.9 Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечим жана корутунду кабыл алат.
5.10 Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин ыкчам- чарбалык ишине кийлигишүүгө укуксуз.
5.11 Шаардык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат. Убактылуу жана жумушчу комиссиялар түзүлгөндө анын курамына каалаган шаардык кеңештин депутаты кире алат.
5.12 Туруктуу комиссиялардын иши мыйзамдуулук, коллегиялык, объективдүүлүк, маселени эркин талкуулоо жана чечим кабыл алуу принциптерине негизделет.
5.13 Туруктуу комиссияларды жетектөөнү тийиштүү комиссиялардын төрагасы ишке ашырат. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин алдында жооптуу жана ага отчет беришет. Шаардык кеңештин төрагасы каалаган учурда күндөлүк иши жөнүндө отчетту суратып алат. Жылдын жыйынтыгы менен комиссия өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча шаардык кеңешке жазуу жүзүндөгү отчетту беришет. Туруктуу комиссиялардын чечимдери шаардык кеңештин сессиясында жокко чыгарылышы мүмкүн.
5.14 Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары.
1. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары:
1) кеңештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук маданий өнүгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат;
2) тиешелүү аймактын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна сунуштарды киргизет;
3)өзүнүн аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын пикирлерин даярдайт, бюджеттин долбоорунун тийиштүү бөлүмдөрүнө сунуштарын жана корутундуларын беришет. Зарылчылык туулса аларды шаардык кеңешке киргизет;
4) шаардык кеңеш жана туруктуу комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына, жергиликтүү жамааттын уставынын талаптарынын сакталышына көзөмөл жүргүзөт;
5) өз ишин уюштуруу маселелерин чечишет;
6) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылат жана ишке ашырат;
7) алардын кароосунда болгон маселелери боюнча, шаардык кеңештин башка комиссияларынын пикирин сурай алышат;
8) шаардык кеңештин төрагасына каралып жаткан маселени башка комиссиянын кароосуна жана талкуулоосуна өткөрүп берүү тууралуу сунуштарды киргизет;
9) башка комиссиялар тарабынан каралып жаткан маселе боюнча өзүнүн пикирин билдирет;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана шаардык кеңештин регламентине ылайык, башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
2. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, менчигинин түрүнө карабай шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
3. Каралуучу маселелерди даярдоо үчүн комиссиялар шаардык кеңештин депутаттарынын арасынан, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле адистерден, практик кызматчылардан (эксперттерден) жана окумуштуулардан жумушчу комиссияларды түзүү жөнүндө сунуш киргизе алышат.
5.15 Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары.
1) Туруктуу комиссиялардын жыйналыштары комиссиялардын иш планына жана зарылчылыгына карап чакырылат;
2) Комиссиянын жыйналышынын өткөрүлүшү жөнүндө комиссия мүчөлөрүнө жана шаардык кеңештин калган депутаттарына, ошондой эле чакырылгандарга 1 суткадан кем эмес мөөнөттө кабар жеткирилет. Комиссия жабык жана көчмө жыйналыштарды өткөрө алышат;
3) Эгерде комиссиянын жыйналышына комиссия курамынын жарымынан көбү катышса, укук ченемдүү болот. Комиссиянын чечими мүчөлөрдүн жалпы сандык курамынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат;
4) Комиссиялардын жыйналыштарына кеңеш берүү укугу менен бул комиссиялардын мүчөлөрү болбогон шаардык кеңештин башка депутаттары катыша алышат. Алар талкууланып жаткан маселе боюнча өздөрүнүн пикирлерин айтыша алышат.
5) Комиссиянын чечимдерине жана корутундуларына комиссиянын төрагасы, анын жоктугунда комиссиянын төрагасынын орун басары кол коёт. Өзгөчө учурларда, комиссиянын төрагасынын жана орун басарынын жоктугунда, комиссиянын чечимине бардык мүчөлөр кол коюшат.
6) Комиссиялардын демилгелери боюнча, ошондой эле шаардык кеңештин тапшырмасы боюнча, бир нече комиссиялардын кароосуна кирген маселелерди комиссиялар биргелешип даярдашат жана карай алышат.
7) Биргелешкен отурум ар бир комиссиянын курамынын жарымынан көбү катышса, ал укуктуу болуп саналат. Биргелешкен отурумду өз ара макулдашуу боюнча, бул комиссиялардын төрагалары алып барышат.
8) Комиссиялардын бирөөсүнүн төрагасы чечимге кол коюудан баш тарткан учурда, ал төрага болгон комиссия мүчөлөрү чечимге кол коюу укугун орун басарга өткөрүп берүү боюнча чечим кабыл ала алышат.
9) Комиссиянын төрагасы:
- комиссия мүчөлөрүнө комиссиянын дарегине келген документтер жөнүндө маалымдайт (билдирет). Комиссиянын дарегине келген документтердин өз убагында, алардын ичинде жеке атуулдардан келген арыз, даттануулардын жана кайрылуулардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020–жылдын 3–мартындагы №120 токтому менен бекитилген жободо белгиленген мөөнөттөрдө аткарылышын камсыз кылат жана жоопкерчиликти тартат;
- комиссия мүчөлөрү менен биргеликте иш планды жана жыйналыштын күн тартибин даярдайт;
- жыйналышты чакырат, зарыл болгон документтерди жана башка материалдарды даярдоону уюштурат;
- комиссиянын чечими боюнча комиссия мүчөлөрүнө тапшырма берет;
- комиссиялардын ишмердүүлүгүнө байланышкан документтер жана материалдар менен комиссия мүчөлөрүн тааныштырат;
- комиссия мүчөлөрүнө убактылуу жана жумушчу комиссиялардын ишине катышууга сунуш берет;
- комиссияны тейлеген (ишине көмөк көрсөткөн, көзөмөлдөгөн) шаардык кеңештин жооптуу катчысы аркылуу комиссиянын жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди, практик кызматчыларды (эксперттерди) жана окумуштууларды чакырат;
- комиссиянын жыйналыштарында төрагалык кылат;
- шаардык кеңештин төрагасы жана төрагасынын орун басарлары менен дайыма байланышта болуп, аларды комиссиянын отурумдарында каралган маселелер, ошондой эле комиссиянын чечимдерин жана сунуштарын ишке ашырууга кабыл алынган иш чаралар жөнүндө маалымдайт (билдирет);
- комиссиянын чечимдерин аткаруу боюнча иштерди уюштурат, комиссиянын аткарылган чечимдери жана анын сунуштарынын каралышы жөнүндө комиссия мүчөлөрүнө билдирет;
- жыл сайын шаардык кеңештин сессияларында комиссиянын иши жөнүндө отчет берет;
10) туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү бирдей укукка ээ;
5.16 Шаардык кеңеш зарылчылык болгондо, анын компетенциясына берилген маселени иштеп чыгуу жана алдын ала кароо, ошондой эле маселени изилдеп чыгуу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат. Убактылуу комиссиялар өз ишмердүүлүгүн, шаардык кеңештин туруктуу комиссиялар үчүн белгиленген тартипке ылайык жүргүзүшөт.
6-глава
Депутаттык фракциялар (фракциялардын коалициялары)
6.1 Депутаттык фракция–партияга таандыктуулугуна ылайык шаардык кеңештин депутаттарынын бирикмеси.
Депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон шаардык кеңештеги фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө расмий жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңеште көпчүлүк деп саналат. Көпчүлүк фракциялардын же фракциялардын коалициясынын курамына кирбеген фракция же фракциялар шаардык кеңеште азчылык деп саналат. Депутаттык фракциялар бирдей укуктарга ээ.
6.2 Депутаттык фракция депутаттык фракция түзүү жөнүндө анын аталышын, максаттарын, курамын, аттарын жана жетекчисинин фамилиясын көрсөтүү менен чогулуштун протоколун шаардык кеңеште каттоо үчүн шаардык кеңештин төрагасына сунуштайт. Депутаттык фракцияны түзүү жөнүндө протоколго депутаттык фракциянын бардык мүчөлөрү кол коёт.
6.3 Шаардык кеңештин депутаты бир гана депутаттык фракцияда болууга укуктуу жана андан чыгып кетүү жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берген учурда же депутаттык фракциянын өзүнүн курамындагы жалпы депутаттардын санынын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечиминин негизинде мүчөлүктөн алып салынат. Депутаттын депутаттык фракциядан чыгуу мөөнөтү арыздын катталган датасы же депутаттык фракциянын тиешелүү чечими эсептелет.
6.4 Депутаттык фракциялардын иш тартибин депутаттык фракция өзү аныктайт.
6.5 Шаардык кеңештин жыйындарында жана анын органдарында күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча ар бир депутаттык фракциянын мүчөлөрүнүн чыгып сүйлөөгө кепилденген укугу бар. Депутаттык фракциянын атынан чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесин шаардык кеңештин төрагасы, депутаттык фракциянын жетекчиси же катчысы сунуштайт.
6.6 Кыргыз Республикасынын элинин, шаардык кеңештин атынан чыгып сүйлөөгө эч бир депутаттык фракциянын укугу жок.
6.7 Депутаттык фракция жана депутаттар бири-бири менен формалдуу эмес депутаттык блокторду түзүү жолу менен эркин кызматташуусу мүмкүн, ушул регламентте белгиленген тартипте алар катталууга тийиш эмес жана укуктардан пайдаланышпайт.
6.8 Депутаттык фракциялар өз отурумдарын ачык жана айкын өткөрүшөт. Депутаттык фракциянын чечими менен жабык отурумдары жүргүзүлүшү мүмкүн. Депутаттык фракциялар өздөрүнүн чечимдери жөнүндө шаардык кеңештин төрагасына маалымдайт.
6.9 Катталган депутаттык фракциялар (фракциялардын коалициясы) жана алардын мүчөлөрү ушул регламент менен белгиленген дагы башка укуктарга ээ.
III БӨЛҮМ
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИНИН ЖАЛПЫ ТАРТИБИ
7-глава
Шаардык кеңештин биринчи сессиясы
7.1 Жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылыштагы шаардык кеңештин төрагасы тарабынан шаардык кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Биринчи сессияны даярдоону шаардык кеңештин аппараты жүргүзөт. Шаардык кеңештин биринчи сессиясын шаардык кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат жана аны шаардык кеңештин төрагасы шайланганга чейин алып барат.
7.2 Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине төмөнкү маселелер киргизилиши мүмкүн:
1) шаардык кеңештин төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо;
2) шаардык кеңештин регламентин бекитүү;
3) шаардык кеңештин түзүмү жана шаардык кеңештин башка маселелери.
8-глава
Шаардык кеңештин ишин пландоо
8.1 Кызыл-Кыя шаардык кеңеши өзүнүн ишмердүүлүгүн шаардык кеңештин сессиясында бекитилген перспективалык планга ылайык жүргүзөт. Шаардык кеңештин иш-планы 1 жылга түзүлөт. Иш планынын долбоорун даярдоо шаардык кеңештин аппараты жүзөгө ашырат.
8.2 Перспективалык план мамлекеттик, экономикалык жана социалдык-маданий курулуш чөйрөсүндө шаардык кенештин жана анын органдарынын ишинин негизги багыттарын аныктайт, милдеттерди туруктуу чечүүнүн уюштуруучулук-укуктук түрлөрүн чагылдырат жана негизги уюштуруучулук-массалык иш-чаралардын тизмесин камтыйт.
8.3 Шаардык кеңештин перспективалык иш планынын долбоору шаардык кеңештин төрагасынын, орун басарларынын, туруктуу жана башка комиссиялардын сунушу боюнча түзүлөт.
8.4 Шаардык кеңештин учурдагы иш планы үч бөлүктөн турушу мүмкүн:
- шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна сунушталган маселелер;
- уюштуруучулук-массалык иштер;
-шаардык кеңештин төрагасында, орун басарында жана аппарат жетекчисинде каралуучу маселелер.
8.5 Шаардык кеңештин иш планын бекитүү учурунда сунушталган маселелер боюнча документтердин долбоорлору талап кылынбайт.
Шаардык кеңештин ишин пландоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, пландан тышкары документтердин долбоорлорун даярдоо жана шаардык кеңешке киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
8.6 Шаардык кеңештин перспективалык иш планынын аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык кеңештин төрагасы жана төрагасынын орун басарлары жүзөгө ашырат.
9-глава
Сессияга маселелерди даярдоонун жана кароонун тартиби
9.1 Шаардык кенештин сессиялары анын алдында турган милдеттерди жамааттык талкууну жана аларды аткаруу боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыз кылган, анын ишмердүүлүгүнүн негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп эсептелет.
9.2 Шаардык кеңештин сессиясы шаардык кеңештин төрагасынын, туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле депутаттардын үчтөн биринин кем эмесинин талабы менен чакырылат. Сессия өткөрүү учурунда, шаардык кеңеш депутаттардын ичинен ачык добуш берүү менен, сессиянын протоколун жазуу жана добуш берүүнүн натыйжасын аныктоо үчүн секретариаты шайланат.
9.3 Кезектеги сессияны чакыруу чечими, убактысы жана аны өткөрүү орду, ошондой эле шаардык кеңештин кароосуна киргизилген маселелер жөнүндө шаардык кеңештин төрагасы сессияга чейин 10 күндөн кечиктирилбестен депутаттарга жана калкка маалымат жеткирет. Сессияны чакыруу жөнүндө шаардык кеңештин төрагасы, ошондой эле жооптуу катчысы ар бир депутатка кабарлайт, ошондой эле эгер мүмкүнчүлүгү бар болсо, маалыматтык билдирүүнү массалык маалымат каражаттарына жарыялайт.
9.4 Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык шаардык кеңештин депутаты сессия мезгилине өндүрүштүк же кызматтык милдеттерин аткаруудан депутаттык ишине байланышкан чыгымдарды ордун толтуруп берүү менен бошотулат.
Депутат шаардык кеңештин сессиясына келүүгө жана сессиянын ишине (отурумуна) катышууга мүмкүн болбогон учурда келбей калышынын себеби жөнүндө сессиянын иши башталганга чейин, шаардык кеӊештин төрагасына, жооптуу катчыга билдирүүгө милдеттүү.
Келбей калуунун (жок болуп калуунун) жүйөөлүү себептери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эмгекке убактылуу жарамсыздыгы;
2) кош бойлуулугу жана төрөтү боюнча, бала асырап алууга байланыштуу өргүү;
3) үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча жыйналышка катышпай калуу (никеге катталган, бала төрөлгөн, бала баккан, жакын туугандары өлгөн учурларда), окуу өргүүсү, негизги иштеген жери боюнча иш сапарында болуу, жазуу жүзүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик аземдерге жана расмий кабыл алууларга, семинарларга, конференцияларга жана тиешелүү жергиликтүү кеңештин жетекчилигинин уруксаты менен башка иш-чараларга катышуу;
4) транспорттук тоскоолдуктар жана тиешелүү документтерде ырасталган башка форс-мажорлук жагдайлар.
9.5 Шаардык кеңештин кароосуна киргизилүүчү документтердин топтому ушул регламентте белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
–баяндамачыны көрсөтүү менен маселени даярдоого жооптуу адамдын колу коюлган коштомо кат. Эгерде документ шаардык кеңештин мурда кабыл алынган токтомун аткаруу үчүн даярдалса, анда коштомо катка тийиштүү шилтеме жасалат;
–шаардык кеңештин токтомунун долбоору.
Эгерде токтомдун долбоору шаардык кеңештин материалдык же финансылык ресурстардын түшүүсү же сарпталуусун камтыса, иштеп чыгуучулар тарабынан тиешелүү эсеп-кысаптарды (экономикалык негиздөө) каржылоо булактарын көрсөтүү менен берилет.
9.6 Шаардык кеңештин токтомунун долбоору шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына шаардык кеңештин аппараты тарабынан жөнөтүлөт. Шаардык кеӊештин төрагасы токтомдун долбоорун алдын ала талкуу өткөрүү үчүн шаардык кенештин бир же бир нече туруктуу комиссиияларына сунуш кылууга укуктуу. Шаардык кеңештин сессиясында токтомунун долбоорун караганга чейин алдын ала жалпы шаардык, эл алдында талкуу же депутаттык угуулар түрүндө өткөрүлүшү мүмкүн.
9.7 Шаардык кеңештин сессиясында маселени кароонун негизги жол-жоболору:
– ушул регламентте каралган тартипте баяндама, кошумча баяндамалар;
– баяндамачыга жана кошумча баяндамачыларга суроолор, суроолорго жооп;
– талкууланып жаткан маселе боюнча талкуулоо;
– баяндамачы жана кошумча-баяндамачылардын корутунду сөздөрү;
– добуш берүүнүн мотивдери боюнча чыгып сүйлөө;
– документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу;
– негиз катары кабыл алынган документтин долбооруна түзөтүүлөрдү киргизүү;
– документти толугу менен кабыл алуу боюнча добуш берүү.
9.8 Шаардык кеңештин токтомунун долбоорун кароодо анын негизги жоболору, кабыл алуунун зарылчылыгы талкууланат, токтомдун долбоорунун концепциясына жалпы баа берилет.
9.9 Алдын ала жазылбай кезексиз чыгып сүйлөөгө шаардык кеңештин төрагасынын, шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларынын укугу бар. Депутатка күн тартиптеги бир эле маселе боюнча 3 жолуга чейин чыгып сүйлөөгө уруксат берилет.
9.10 Сессияга төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөнүн мазмуну күн тартиптеги маселеге ылайык келишин, белгиленген мөөнөтүнүн сакталышына байкоо жүргүзөт жана зарыл болгон учурда, чыгып сүйлөөчүгө аны эскертет. Эгерде чыгып сүйлөөчү сессияга төрагалык кылуучунун көрсөтмөсүн четке какса, өзүнүн сөзүндө адепсиз сөздү билдирүүгө жол койсо, төрагалык кылуучу аны тартипке чакырат же сөзүнөн ажыратат.
9.11 Талкуу аяктагандан кийин баяндамачы жана кошумча баяндамачылар корутунду сөз менен чыгып сүйлөөгө укуктуу, добуш берүүнүн мотиви боюнча чыгып сүйлөөлөр жүргүзүлөт жана документтин долбоорун негиз кылып алуу маселеси добушка коюлат. Туруктуу комиссиялар талкуунун жыйынтыгы менен негиз катары кабыл алынганга чейин документтин долбооруна өзгөртүү киргизүүгө жана добуш берүүгө чейин алар жөнүндө шаардык кеңештин сессиясына билдирүүгө укуктуу. Туруктуу комиссиялардын сунушу боюнча шаардык кеңештин сессиясы протоколдук чечим менен документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу боюнча добуш берүүнү кийинки сессияга чейинки мөөнөткө калтырууга укуктуу.
9.12 Шаардык кеңештин сессиясы документтин долбоорун негиз катары кабыл алганга чейин (анын ичинде талкуунун жүрүшүндө) депутаттар кат же ооз эки жүзүндөгү арыз менен, добуш берүү жолу менен документтин долбоорун расмий түрдө кайра чакыртып алууга укуктуу. Бул учурда талкуу токтотулат. Документтин долбоорунун үстүндө мындан ары иштөөнүн тартибин сессия белгилейт.
9.13 Токтом долбоорун талкуулоонун жыйынтыгы менен шаардык кеңеш төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) токтомдун долбоорун толугу менен кабыл алуу;
2) токтомдун долбоорун анын жоболорун талкуулоо менен кабыл алуу;
3) токтомдун долбоорунайтылган сунуштарды жана сын пикирлерди эске алуу менен анын үстүндө иштөөнү улантуу;
9.14 Токтомдун долбоорун анын жоболорун талкуулоо менен кароодо жазуу түрүндө келип түшкөн бардык сунуштар угулат, алар талкууланат жана добуш берүүгө коюлат. Четке кагылган сунуштар жооптуу болгон туруктуу комиссияга толуктап иштеп чыгууга жөнөтүлөт, макул болбогон учурда өзүнүн тандоо сунушун сунуштайт. Биринчи туруктуу комиссиянын, андан кийин депутаттардын сунушу добушка коюлат. Эгерде шаардык кеңеш тарабынан сунуштардын эч бирөөсү колдоого алынбаса, сунуш четке кагылды деп эсептелинет.
9.15 Токтомдо аны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, атап айтканда:
1)мөөнөттөрү конкреттештирилет жана пункттарын же токтомду бүтүндөй колдонууга киргизүү жолу белгиленет;
2) органдарга жана кызмат адамдарына токтомду аткарууга зарыл актыларды иштеп чыгуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилет, ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу, аларды кабыл алынган токтомго ылайык келтирүү үчүн мөөнөттөр аныкталат.
9.16 Шаардык кеңештин ар бир токтомунда жана чечиминде анын аткарылышын көзөмөлдөөчү киши (шаардык кеңештин структуралык түзүмү) көрсөтүлөт.
Көзөмөлгө алуунун максаты документтин жоболорун ишке ашыруунун натыйжалуулук деңгээлин аны аткарууга кыйынчылыктардын себептерин аныктоо, аткарууга тоскоолдук кылган адамды (органды) аныктоо, аларды жоопкерчилике тартуу, ошондой эле зарыл болгон учурда, сот тартибинде документтин жоболорун аткарууну камсыз кылуу. Саналып өткөн ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн, шаардык кеңеш көзөмөлдү тапшырган адамга (органга) эч кандай атайын ишеним кат талап кылынбайт. Токтомдун же чечимдин тапшырмалоочу пунктунда аткаруучу (бир же бир нече) же эреже катары шаардык кеңештин структуралык түзүмү, аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
9.17 Токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө билдирүүнү уккандан кийин шаардык кеңеш укуктуу:
– токтомду аткарылган катары менен көзөмөлдөн алууга;
– аткарылган катары токтомдун өзүнчө пункттарын көзөмөлдөн алууга;
– көзөмөлдөө ыйгарым укуктардын мөөнөтүн узартууга;
– көзөмөлдөө ыйгарым укуктарын башка адамга же органга жүктөөгө;
– токтомду жокко чыгарууга;
– токтомду өзгөртүүгө же аны толуктоого;
– кошумча токтом кабыл алууга.
9.18 Көзөмөлдөө боюнча отчеттулуктун мөөнөтү токтомдун өзүндө белгиленет, же шаардык кеңештин төрагасы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөчү адамга (органга) сессияда билдирүү берүүнү тапшырууга укуктуу.
9.19 Сессиянын протоколунда көрсөтүлөт:
–сессияны өткөрүүнүн датасы, орду, шаардык кеңештин чакырылыш жылы, сессиянын катар номери;
–шаардык кеңеш үчүн белгиленген депутаттардын саны,шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны жана сессияга катышкан депутаттардын саны;
–сессиянын күн тартибиндеги маселелер жана баяндамачылардын (кошумча баяндамачылардын) фамилиялары;
–сессияда чыгып сүйлөгөндөрдүн тизмеси;
–добуш берүүнүн натыйжалары;
–сессиянын жүрүшүндө берилген кошумча материалдар.
Депутаттардын фамилиялары алардын депутаттык фракцияларын көрсөтүү менен, башка жактардын (адамдардын) фамилиялары ээлеген кызматын жана иштеген жерин көрсөтүү менен коштолот.
9.20 Сессиянын протоколу сессия өткөндөн кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен жазып бүткөрүлөт, ага шаардык кеңештин төрагасы жана секретариат мүчөлөрү кол коюшат.
9.21 Протоколдун түп нускасы шаардык кеңештин аппаратына сактоого тапшырылат. Депутаттын суранычы боюнча аппарат таанышуу үчүн ага протоколдун көчүрмөсүн берет.
9.22 Депутаттарды табельдик каттоонун барактары шаардык кеңештин аппаратында сакталат. Негиз катары кабыл алынган документтердин баштапкы (оригинал) текстери жана аларга толуктоолор шаардык кеңештин аппаратында сакталат.
9.23 Документ кабыл алынгандан кийин бир жумалык мөөнөттө шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери документтин долбоорун аткаруучу менен аны жазып бүтүрүүнү жүргүзүшөт. Шаардык кеңештин сессиясынын токтомунун тиркемелерине шаардык кеңештин жооптуу катчысы тарабынан кол коюлат.
9.24 Шаардык кеңештин сессиясы тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылар, алар кабыл алынгандан кийин 7 күндүк мөөнөттө шаардык кеңештин аппараты тарабынан туруктуу комиссиялардын төрагаларына, шаардын мэрине, документти аткаруучу түзгөн тизме боюнча (зарылдыгы боюнча) башка кызыкдар тараптарга жөнөтүлөт. Шаардык кеңештин кайрылуу текстери биринчи кезекте аларды алуучуларга жөнөтүлөт.
10-глава
Шаардык кеңештин сессияларын өткөрүүнүн тартиби
10.1 Шаардык кеңештин сессиялары депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укук ченемдүү болот. Шаардык кеңеш чечимдерди депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
Шаардык кеңештин сессиялары ачык, кварталына кеминде бир жолу жана шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.
Шаардык кеңеш сессияны чакыруу жөнүндө билдирүүнү депутаттарга жана калкка сессия башталаардан мурда 10 күндөн кечиктирилбестен жеткирилет.
Сессиянын кароосуна маселелер демилгечилер тарабынан сессия башталаардан мурда 20 күндөн кечиктирилбестен киргизилет.
Шаардык кеңештин белгиленген мөөнөттөргө чакырылуучу сессияларынан тышкары, кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.
Сессиянын кароосуна маселелер шаардык кеңештин төрагасы, шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары, туруктуу комиссия жана депутаттык фракция, мэр тарабынан киргизилиши мүмкүн.
10.2 Шаардык кеңештин аппарат кызматкерлери шаардык кеңештин сессиясын уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылууну жүргүзүшөт:
-депутаттарды кезектеги сессиянын күн тартибиндеги маселелер боюнча документтердин долбоорлору жана башка зарыл болгон маалыматтар менен, анын ичинде шаардык кеңештин маалыматтык системалары аркылуу сессия башталаардан мурда 10 күндөн кечиктирилбестен камсыз кылышат;
-шаардык кеңештин депутаттарына сессияга, анын ичинде депутаттардын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жолу менен сессиянын күн тартибинин долбоорлорун, документтердин долбоорлорун жана аларга түзөтүүлөрдү даярдоо маселелерине жардам беришет;
-шаардык кеңештин депутаттарынын көрсөтмөсү боюнча сессиянын кароосуна алып чыгылган маселени талкуулоо учурунда катышуусу зарыл болгон жакты сессияга чакырышат;
-депутаттарды табелдик каттоосун жүргүзүшөт;
-төрагалык кылуучуга сессияны өткөрүүгө жардам беришет;
-шаардык кеңеш кабыл алган документтерди жазып бүтүрүшөт жана аларды басып чыгарышат.
10.3 Сессия үчүн материалдарды таркатуу шаардык кеңештин төрагасынын визасы, төраганын жоктугунда анын орун басарларынын визасы болгон учурда таркатылат.
10.4 Шаардык кеңештин сессиясы (күн тартибиндеги өзүнчө маселелерди кароодо) жабык өткөрүлүшү мүмкүн.
10.5 Сессияга катышкан депутаттардын саны табелдик каттоонун жыйынтыгы менен гана аныкталат. Депутаттарды табелдик каттоо, убактысын көрсөтүү менен ар бир сессиянын алдынан башталат жана ал аяктаганга чейин жүргүзүлөт.
10.6 Шаардык кеңештин чечими менен жыл ичинде жүйөсүз себептер менен сессияга катышпаган депутаттардын тизмеси жарыялоо үчүн шаардык массалык маалымат каражаттарына берилиши мүмкүн.
Жүйөлүү себептерсиз шаардык кеңештин сессияларына жыл ичинде 4 жолудан ашуун катышпагандыгы үчүн, ошондой эле шаардык кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кеңештин депутаттары тийиштүү кеңештин депутатын чакыртып алуу жөнүндө маселени көтөрүүгө укуктуу.
Депутаттын шаардык кеңештин сессиясында катышпагандыгынын жүйөлүү себептери болуп, документтик тастыкталган оору, сапардама, эргүү жана башка жүйөлүү себептер саналат.
10.7 Шаардык кеңештин протоколдук чечими менен шаардык кеңештин жумушчу органдары (катчылык, эсептөө комиссиясы, зарыл болгон учурда-башка комиссиялар) түзүлүшү мүмкүн.
10.8 Шаардык кеңештин сессиясынын учурдагы күн тартибинде сессиянын күн тартибинин кезектеги маселелери жана аларды кароонун тартиби камтылышы керек.
10.9 Шаардык кеңештин төрагасы тарабынан шаардык кеңештин аппараты менен бирге даярдалган шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибинин долбоору депутаттарга таратылат.
10.10 Шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартиби шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын, аппаратынын сунуштарын эске алуу менен жана ушул регламентке ылайык, шаардык кеңештин аппараты тарабынан кезектеги сессия башталганга чейин эки жумадан кечиктирбестен аныкталат.
Бул учурда шаардык кеңештин аппараты шаардык кеңештин кезектеги сессиясы башталганга чейин он күндөн кечиктирбестен (эгерде ушул регламенте башка каралбаса) кезектеги сессиянын күн тартибинин долбоорун жана маселелелерди кароо үчүн зарыл болгон материалдарды депутаттарга жеткирет.
Кезексиз сессия өткөрүлгөн учурда, сессиянын күн тартиби жана маселелерди кароо үчүн зарыл болгон материалдар депутаттарга сессиянын алдынан каттоону жүргүзүү учурунда таркатылат.
10.11 Шаардык кеңештин сессиясын сессияда төрагалык кылуучу алып барат. Шаардык кеңештин төрагасы сессияда төрагалык кылуучу болот. Ал жок болгон учурда, сессияда анын орун басарлары төрагалык кылат.
Сессияда төрагалык кылуучу ал баяндоочу (тең баяндамачы) болгон маселени кароодо, сессияны алып барууну өткөрүп бериши керек.
10.12 Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылуучу укуктуу:
–чыгып сүйлөөчүнү эгерде ал регламентти бузганда, жүрүм турум этикасынын эрежесин сактабаганда, күн тартибиндеги эмес маселе боюнча сүйлөгөндө, сөз сүйлөө укугунан ажыратууга;
–сессияны өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерин чакырууга;
–маалымат үчүн депутаттарга жана кызмат адамдарына кайрылууга;
-пландан тышкары талкууларды токтотууга;
-депутатты тартипке чакырууга, ушул регламенттин талабына ылайык, депутатка айыптоо билдирүү үчүн шаардык кеңешке сунуш берүүгө;
-залда өзгөчө жагдайлар пайда болгон учурда, ошондой эле коомдук тартип одоно бузулганда сессияны токтотууга.
10.13 Сессия учурунда сессиянын катышуучуларынын арасынан эч ким сессияга төрагалык кылуучунун макулдугусуз сөз сүйлөй албайт.
10.14 Шаардык кеңештин сессиясына төрагалык кылуучу милдеттүү:
-регламентти сактоого жана күн тартибин кармоого;
-сессияда депутаттардын укуктарын сактоону камсыз кылууга;
-сессиянын жыйналыштар залында тартипти камсыз кылууга;
-чыгып сүйлөөлөрдүн регламенттин убакыты сакталышына көзөмөл жүргүзүүгө, өз убагында чыгып сүйлөөчүгө белгиленген убактысынын түгөнгөндүгү жөнүндө эскертүүгө;
-бардык сунуштарды эсепке алууга жана аларды келип түшкөн тартибинде добушка коюуга, добуш берүүнүн жыйынтыгын билдирүүгө;
-кезектүүлүк тартипте сөз берүүгө;
-сессияларды алып баруунун тартиби боюнча депутаттардын сунуштарын угууга (окууга) жана анын ичинде өзүнүн альтернативдүү сунуштарын кезексиз добушка коюуга;
-сессиянын катышуучуларына сый мамиле жасоого, жеке пикир жана сессиянын катышуучуларынын чыгып сүйлөөлөрүнө баа берүүдөн, чыгып сүйлөөдөн кийин түшүндүрмө берүүдөн алыс болууга;
-эрежелер жана процедуралар боюнча комиссиянын өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүн жана түшүндүрмөлөрүн көңүлгө алууга;
-аты аталып добуш берүүгө алып чыгылуучу сунуштарды түзөтүүгө жана аты аталып добуш берилген бланкалардын толтурулушуна жетекчилик кылууга.
10.15 Ачык сессияларды өткөрүү жана даярдоо жөнүндө.
-шаардык кеңештин сессиялары жергиликтүү коомчулук үчүн ачык болот. Ар бир жаран шаардык кеңеш бекиткен регламентке ылайык сессияларга катышканга укуктуу;
-шаардык кенеш сессиянын болор күнү, анын күн тартиби тууралуу жарандарга алдын ала маалымдоо, алардын сессияга катышуусуна шарт түзүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдер тууралуу маалыматтарды жергиликтүү коомчулукка жеткирүү боюнча бардык чараларды көрүүгө милдеттүү;
-жергиликтүү кеңештин төрагасы жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүн, компетенттүү адистерди жана кызыкдар тараптарды сессиянын ишине катышуу үчүн чакыруу боюнча иштерди жетектейт;
-жогоруда аталган жактарды чакырууну түздөн түз уюштуруу менен шаардык кеңештин жооптуу катчысы, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшыруусу менен шаардык кеңештин төрагасынын орун басары, тиешелүү туруктуу комиссиялардын төрагалары жана депутаттары алектенет;
-шаардык кенештин төрагасы өткөрүлүп жаткан сессия тууралуу маалыматты жайылтууга көмөк көрсөтүүнү жергиликтүү активисттерден, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрүнөн сурана алат;
-ошондой эле тиешелүү жактар үчүн атайын чакыруулар жөнөтүлүшү, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү үчүн атайын баракчалар таркатылышы мүмкүн;
-шаардык кеңеш өткөрүлө турган сессия тууралуу маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдары аркылуу тарката алат;
-конок (чакырылгандар) катары ачык сессияга катышып жаткандар үчүн атайын жай аныкталат жана даярдалат, алардын катышуусу үчүн тиешелүү шарт түзүлөт;
–конок (чакырылгандар) катары катышып жаткандарды жооптуу катчы каттайт;
-сессияны ачаар алдында шаардык кеңештин төрагасы (төрагалык кылуучу) катышуучуларды жергиликтүү кеңештин сессиясына катышуунун жалпы эрежелери менен тааныштырат;
-шаардык кеңештин сессиясынын учурунда катышуучулардын сессиянын жүрүшүнө кийлигишүүгө же тоскоолдук кылууга укугу жок;
-тоскоолдук кылган учурда кеңештин төрагасы (төрагалык кылуучу) мындай катышуучуларды залдан чыгарып жиберүүгө укуктуу;
-өткөрүлгөн сессия, кабыл алынган чечим тууралуу маалымат шаардык кеңештин сайтына (бар болсо) жайгаштырылат жана жалпыга маалымдоо каражаттарына (мүмкүнчүлүк болсо) жарыяланат;
-жергиликтүү кеңеш бул маалыматты жергиликтүү коомчулук үчүн эл көп чогулган жерлерге жайгаштыра алат;
-ошондой эле шаардык кеңеш сессиянын жыйынтыктарын өзүнчө басылма түрүндө чыгара алат;
-шаардык кеңештин төрагасы өткөрүлгөн ачык сессиялар тууралуу маалыматты айрым депутаттардын, коалициялардын, фракциялардын жана кеңештин отчеттору аркылуу калкка жеткирилишине көмөк көрсөтөт;
-депутаттар өткөрүлгөн сессиялардын чечимдерин шайлоочулар менен жолугушуу учурунда калкка жеткире алышат;
-кызыктар тараптар, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү өткөрүлгөн ачык сессиялар тууралуу маалымат алууга укуктуу;
-шаардык кеңештин ачык сессияларын даярдоо, өткөрүү, ошондой эле маалымат таркатуу менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.
11-глава
Добуш берүүнүн жана чечимдерди кабыл алуунун тартиби
11.1 Ушул регламентте добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
- шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны – 31;
- жыйында катышып жаткан шаардык кеңештин депутаттарынын добуш берүүнүн алдынан акыркы убакта катталган саны;
11.2 Шаардык кеңеш сессияларда чечимдерди ачык же жашыруун добуш берүү жолу менен кабыл алат.
Шаардык кеңештин ушул регламентте белгиленген добуш берүүнүн түрүн өзгөртүү жөнүндө чечими шаардык кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Бардык маселелер боюнча добуш берүүнүн натыйжалары шаардык кеңештин жыйынынын протоколуна киргизилет.
Мэрдин, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилеринин отчеттору боюнча шаардык кеңештин чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
11.3 Бир маселе боюнча добуш берүүдө шаардык кеңештин депутаты бир добушка ээ болот, «макул», «каршы» же “калыс” деген чечим кабыл алат.
11.4 Ачык добуш берүүнүн алдынан төрагалык кылуучу канча маселе добуш берүүгө коюлат, кайсы көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алынышы мүмкүндүгү жөнүндө (шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын, сессияга катышкан депутаттардын санынын) билдирүү берет.
Добуш берүүнүн тартибин жарыялагандан кийин, аны үзгүлтүкө учуратууга эч кимдин укугу жок.
Добуштар эсептелгенден кийин сессияда төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын (четке кагылгандыгын) жарыялайт. Кворум болбогондо, сессияга төрагалык кылуучу добуш берүүнү шаардык кеңештин сессиясынын кийинки жыйынына которот.
11.5 Жашыруун добуш берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жашыруун добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен жүргүзүлөт.
Жашыруун добуш берүүнү жүргүзүү жана анын натыйжаларын аныктоо үчүн шаардык кеңеш шаардык кеңештин депутаттарынын арасынан эсептөө комиссиясынын курамын аныктайт. Шайлануучу органдардын курамына көрсөтүлгөн депутаттар, добуш берүү мезгилинде эсептөө комиссиясынын курамындагы ишмердүүлүгүн токтотуп турат.
Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан комиссиянын төрагасын жана катчысын шайлайт. Эсептөө комиссия өзүнүн чечимдерин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер эсептөө комиссиясынын көзөмөлүндө, ал сунуштаган жана шаардык кеңеш бекиткен формада, шаардык кеңештин депутаттарынын санына жараша даярдалат. Чечимдин долбоору боюнча жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенде жооптордун «макул”, «каршы» тандоосу камсыз кылынышы керек. Эсептөө комиссиясында калган бюллетендер эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан анын мүчөлөрүнүн катышуусунда жокко чыгарылат. Добуш берүүнүн убакыты жана оруну, аны өткөрүүнүн тартиби ушул регламентке ылайык, эсептөө комиссиясы тарабынан белгиленет жана эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат.
11.6 Шаардык кеңештин ар бир депутатына, алар шаардык кеңештин депутаты күбөлүгүн көрсөтүүсү боюнча депутаттардын тизмесине ылайык, жашыруун добуш берүү үчүн бирден бюллетень берилет, ал жөнүндө көрсөтүлгөн тизмеде өзүнүн фамилиясынын тушуна кол коёт. Ар бир бюллетенге эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн кол тамгалары коюлуш керек.
Жашыруун добуш берүү бюллетени эсептөө комиссиясы тарабынан мөөр басылып бекитилген атайын ящике ташталат.
Эсептөө комиссиясы депутаттардын өз эркин жашыруун билдирүүгө шарт түзүүгө милдеттүү.
Депутаттардын добушун эсептөөдө бекитилбеген формадагы, ошондой эле депутаттын добуш берүүсүн аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп эсептелинет. Бюллетенге киргизилген толуктоолор, добуштарды эсептөөдө эсепке алынбайт.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ага эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат. Эсептөө комиссиясынын төрагасынын билдирүүсүнө негиз, сессияда төрагалык кылуучу сессияда чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары шаардык кеңештин токтому менен жол жоболоштурулат.
Жүргүзүлгөн добуш берүүнүн процессинде катачылыктар аныкталган учурда, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кайра добуш берүү жүргүзүлөт.
11.7 Эгерде ушул регламентте башка тартип каралбаса, процедуралык маселелер боюнча чечим добуш берүүдө катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
11.8. Добушка коюлуучу сунуштар жана түзөтүүлөр жарыяланышы керек, бул учурда алардын демилгечиси аталат.
12-глава
Шаардык кеңештин отурумдарынын протоколдору жана стенограммалары
12.1 Шаардык кеңештин сессияларында протокол жүргүзүлөт. Протоколдорду жазуу секретариаттын кол жазмаларына ылайык, шаардык кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
Шаардык кеңештин жыйындарынын протоколунда чагылдырылат: датасы, жыйындын өткөрүлгөн убактысы жана орду; жыйынга катышып жаткан депутаттардын саны; сессиянын күн тартибинин маселелери; ушул жыйын үчүн депутаттарга таркатылган документтердин аталышы жана редакциясы; сессияда төрагалык кылуучунун жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн фамилиялары; добуш берүүгө киргизилген бардык суроолор жана сунуштар, аларды чечүүнүн жолдору; добуш берүүнүн натыйжалары жана кабыл алынган чечимдер.
Протоколго сессиянын жыйынына төрагалык кылуучу жана секретариат мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
12.2 Шаардык кеңештин сессияларында стенограмма үчүн жазуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Стенограмманы жазууну шаардык кеңештин аппараты жүргүзөт. Сессиянын ачык жыйынынын стенограммасы атайын басылыш менен жарыяланышы мүмкүн.
Сессиянын стенограммасы маселени талкуулоонун жана чечим кабыл алуунун жүрүшүн толук чагылдырууга тийиш, ошондой эле сессиянын жыйынынын өткөрүлгөн датасын, убактысын жана ордун; сессиянын күн тартибин; сессияда төрагалык кылуучунун фамилиясын камтышы керек.
12.3 Маселени талкуулоонун жана чечим кабыл алуунун жүрүшүн видеого тартып калтыруу үчүн шаардык кеңештин сессияларын видеого тартуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
13-глава
Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары
13.1 Шаардык кеңештин карамагына таандык маселелер боюнча чечимдери, мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Шаардык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага –шаардык кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда шаардык кенештин төрагасынын орун басары тарабынан кол коюлат.
13.2 Өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган шаардык кеңештин чечимдери тиешелүү аймакта турган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
13.3 Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет. Шаардык кенештин башка актылары,эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
13.4 Шаардык кенештин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
13.5 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул регламентте башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шаардык кеңештин ишин уюштуруунун башка маселелерин кароонун жыйынтыгы токтом менен жол жоболоштурулат.
IV БӨЛҮК
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТЫ
14-глава
14.1 Шаардык кеңештин депутатына Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», 13.01.2000-ж. № 3 «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарында жана ушул регламентте белгиленген анын укуктарын жана милдеттерин натыйжалуу жана тоскоолдуксуз жүргүзүүгө шарт түзүлөт.
14.2 Депутат шаардык кеңештин ар бир сессиясына, ошондой эле анын курамына ал шайланган органынын жыйындарына жана алардын ишине активдүү катышууга милдетүү.
Шаардык кеңештин сессияларында, ошондой эле анын курамына ал шайланган органынын жыйындарында каралуучу бардык маселелер боюнча депутат чечүүчү добуш берүү укугунан пайдаланат.
Шаардык кеңештин депутаты кеңештин жогорку дагы жана төмөнкү дагы звенолорунун жыйындарына, алардын туруктуу комиссияларынын,шаардык кеңештин курамына өзү мүчө болуп кирбеген туруктуу комиссияларынын жыйынына кеңештик добуш берүүчү укугу менен катыша алат.
14.3 Шаардык кеңештин депутаты укуктуу:
-шаардык кеңештин төрагасын шайлоого жана кеңештин төрагалыгына жана анын органдарына шайланууга;
-кеңеште кароо үчүн маселелерди сунуштоого;
-күн тартип боюнча талкуулануучу маселелерди кароонун тартибине жана мааниси боюнча сунуш жана сын пикир киргизүүгө;
-токтомдордун долбоорлорун даярдоого жана аларга түзөтүүлөрдү киргизүүгө;
-кеңеш тарабынан түзүлүүчү комиссиялардын персоналдык курамы боюнча жана кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарынын талапкердигине өз пикирин билдирүүгө;
-маселени талкуулоого катышууга, суроо-талап менен кайрылууга, суроо берүүгө;
сунуштарды негиздөө менен жана добуш берүүнүн мотиви боюнча чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
-сессияда кеңешке отчет берүүчү жана анын көзөмөлүндөгү ар кандай органдын, кызмат адамынын отчетун же маалыматын угуу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
-кеңеш тарабынан шайланган же түзүлгөн органдардын же ал тарабынан шайланган, дайындалган, бекитилген кызмат адамдарына ишенбестик көрсөтүү боюнча маселени коюуга;
-шаардык кеңештин аймагында жайгашкан мамлекеттик жана коомдук органдардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштерин шаардык кеңеште жана анын органдарында текшерүүнүн зарылдыгы жөнүндө маселени коюуга;
-жарандардын мыйзам тарабынан корголуучу кызыкчылыктары жана эрежелери же башка мыйзамдуулук бузулгандыгы аныкталганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлү катары, бул бузууларды токтотууну талап кылууга укуктуу, зарыл болгон учурда тийиштүү органдарга жана кызмат адамдарына мындай укук бузууларга бөгөт коюу талабы менен кайрылууга; Талап жолдонулган мамлекеттик жана коомдук органдардын кызмат адамдары, ишкана, мекемелердин администрациясы мыйзам бузууларды четтетүү боюнча дароо чара көрүүгө жана зарыл болгон учурда, күнөөлүлөрдү жоопкерчилике тартууга милдеттүү.
14.4 Шаардык кеңештин жана анын органдарынын тапшырмасы боюнча депутат кеңештин карамагындагы маселелер боюнча кеңештин аймагында жайгашкан мамлекеттик жана коомдук органдардын, ишканалардын, кооперативдердин, мекемелердин жана уюмдардын иштерин текшерүүгө катыша алат, зарыл документтер менен тааныша алат.
Кандайдыр бир органды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча зарыл болгон учурда, депутат алардын иштерин жакшыртуу, аныкталган кемчилдиктерди четтетүү, мыйзамсыз чечимдерин жокко чыгаруу, мамлекеттик тартипти жана мыйзамдуулукту бузууга жол койгон тарапты жоопкерчилике тартуу жөнүндө сунуш киргизет.
14.5 Шаардык кеңештин депутатынын укугу бар:
-мамлекеттик башкаруу органдарында жана тийиштүү коомдук уюмдарда шайлоо округунда жашаган жарандардын маанилүү кызыкчылыктарына тиешелүү ар кандай суроо-талаптарды кароого катышууга;
- жеке демилгеси боюнча жарандардын, уюмдардын кайрылууларынан ага маалым болгон жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушу, бюрократиянын пайда болушу тууралуу маалыматтарды текшерүүгө, зарыл болгон маалыматтарды алууга, тийиштүү органдардан жана кызматтык адамдардан аларды четтетүүнү талап кылууга;
-шайлоо округунун мүчөлөрү менен чогулуштарды, конференцияларды өткөрүүгө, эмгек жамаааттары, коомдук уюмдардын органдары менен жолугушууларды өткөрүүгө;
-шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына, анын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, коомдук мекемелердин жана аймактык өз алдынча башкаруунун жетекчилерине суроо-талап менен кайрылууга.Суроо-талап депутат же депутаттардын фракциясы тарабынан жазуу жана ооз эки түрүндө киргизилиши мүмкүн. Кат жүзүндө киргизилген суроо талап, кеңештин сессиясында жарыялоого жатат. Депутаттын тийиштүү соттун төрагасына, прокурорго, тергөө органдарынын жетекчилерине жолдогон суроо-талабы алардын өндүрүшүндө турган конкреттүү ишке тиешеси болушу мүмкүн эмес.
14.6 Шаардык кеңештин депутаты милдеттүү:
-аны депутаттыка талапкер кылып көрсөткөн калкты, эмгек жамааттарын, коомдук уюмдардын органдарын пландардын, өнүгүүнүн экономикалык жана социалдык программаларынын, шаардык кеңештин токтомдорунун, шайлоочулардын наказдарынын, шайлоо алдындагы программалардын аткарылышы жөнүндө ар дайым маалымат берүүгө;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, шаардык кеңештин жана анын органдарынын токтомдорунун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү уюштурууга жана көзөмөл кылууга катышууга;
-калктын, коомдун муктаждыктарын жана суроо-талаптарын изилдеп, алар жөнүндө шаардык кеңешке жана анын органдарына билдирүү берүүгө, сунуш киргизүүгө жана аларды күбөлөндүрүү үчүн чара көрүүгө;
-өз алдынча башкаруунун жарандардын социалдык активдүүлүгүнүн ар кандай түрлөрүн жайылтууга, аларды мамлекеттик жана коомдук органдардын ишин башкарууга тартууга көмөк көрсөтүүгө;
Шаардык кеңештин депутаты өзүнүн иши жөнүндө шайлоочулардын, эмгек жамааттарынын жана коомдук уюмдардын алдында бир жылда бир жолудан кем эмес отчет берүүгө, жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароого, алардын чыгуу себептерин четтетүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
Депутаттык кызмат орундарын төмөнкү кызмат орундары менен айкалыштырууга болбойт:
а) мэрдин жана мэрдин орун басарынын;
б) муниципалдык жана мамлекеттик кызматкердин;
в)Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жана Өкмөттүн мүчөсүнүн.
14.7 Жергиликтүү кеңештин депутаты мамлекеттик жана башка муниципалдык кызматта төмөнкү учурларда боло албайт:
1) эгерде ал жетекчилик кызмат ордун ээлеген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган жергиликтүү башкаруунун өкүлчүлүктүү органы да (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңеши) ошол эле айылдык аймактын же шаардын аймагынын чектеринде жайгашкан болсо;
2) эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңешине) отчеттуу болсо;
3) эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисин шайлоого, дайындоого, бошотууга сунуштоо ал депутаты болуп саналган ошол жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңешинин) ыйгарым укуктарына тийиштүү болсо.
14.8 Шаардык кеңештин депутаты өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишке байланышпаган максаттарда пайдалана албайт.
14.9 Шаардык кеңештин депутаты, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын администрациясынын демилгеси боюнча жумуштан бошотулууга (ишкана, мекеме, уюм толук жоюлган учурларды кошпогондо), ошондой эле шаардык кеңеш менен алдын-ала макулдашуусуз тартиптик жаза иретинде төмөн акы төлөнүүчү ишке (кызматка) которулууга тийиш эмес.
14.10 Жергиликтүү кеңештин депутаты кеңештин сессияларында же туруктуу комиссиялардын же жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлгөн башка органдардын жыйналыштарында жеке кызыкчылыгын, башкача айтканда өзү, анын жубайы, ата-энеси, балдары, бир туугандары жана эже, карындаш-сиңдилери үчүн материалдык пайданы көздөгөн маселени (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоо маселесин кошпогондо) кароого катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
V БӨЛҮК
ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН ИШТӨӨ
15-глава
15.1 Мыйзамдуулукка ылайык шаардык кеңеш шайлоочулардын наказдарын аткарууга алууга жана аларды аткаруу боюнча иш чаралардын планын бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат. Шаардык кеңеш ишке ашырууга анын карамагына таандык болгон наказдарды аткарууга алат. Шаардык кеңештин төрагасынын, туруктуу комиссияларынын, фракцияларынын жана депутаттарынын сунушу боюнча шайлоочулардын наказдарын аткаруу боюнча иш чаралардын планына өзгөртүү жана толуктоо шаардык кеңеш тарабынан киргизилет.
15.2 Шаардык кеңеш шайлоочулардын наказдарын аткарууну уюштурат, шайлоочулардын наказдарын аткаруу боюнча анын аймагында жайгашкан бардык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишмердүүлүгүн координациялайт. Зарылчылык болгон учурда, шаардык кеңеш мыйзам тарабынан белгиленген тартипте, ведомстволук баш ийүүсүнө карабай ишкана жана мекемелердин каражаттарын тартат, тийиштүү жогорку органдарга өзүнүн сунуштарын берет.
Шайлоочулардын наказдарын ишке ашырууда, шаардык кеңеш жана анын органдары жергиликтүү ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, кошумча резервдерди аныктоо, наказдарды аткаруу боюнча иштерге калкты кеңири тартууга чара көрүшөт.
15.3 Шайлоочулардын наказдары комплекстүү экономикалык жана социалдык өнүгүү долбоорлорун, пландарын жана шаардын бюджетин түзүүдө эске алынат.
Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары шайлоочулардын наказдарын ишке ашыруу маселелерин комплекстүү экономикалык жана социалдык өнүгүү пландарынын долбоорлору жана шаардын бюджети боюнча корутундусунда жана кошумча докладта чагылдырышат. Аткарылган наказдар шаардык кеңеш тарабынан көзөмөлдөн чыгарылат.
15.4 Шайлоочулардын наказдарынын аткарылышынын жүрүшү шаардык кеңеш тарабынан жыл сайын экономикалык жана социалдык өнүгүү пландарынын аткарылышы тууралуу отчетторду жана бюджеттин аткарылышын кароодо талкууланат.
VI БӨЛҮК
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ
16-глава
16.1 Шаардык кеңеш өзүнүн карамагындагы маселер боюнча, ишкана жана мекемелердин жана уюмдардын отчетун угат, алар боюнча чечимдерди кабыл алат. Шаардык кеңештин чечимдери милдеттүү түрдө каралууга жатат. Кароонун натыйжалары шаардык кеңешке бир айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен билдирилиши керек. Зарыл болгон учурда шаардык кеңеш тийиштүү жогорку органдарга өзүнүн сунушун киргизет, ишканалардын жана мекемелердин курчап турган чөйрөнү коргоо, жерди жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жөнүндө ченемдик актылардын аткарылышы, санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча ишмердүүлүктөрүнө көзөмөл жүргүзөт.
16.2 Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, шаардык кеңештин депутаттары кеңештин сессиясында шаардык кеңешке жооптуу же анын көзөмөлү астындагы ар кандай органдын, ар кандай кызмат адамдарын угуу жөнүндө сунуш берүүгө укуктуу.
16.3 Шаардык кеңеш шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын иштери жөнүндө дайыма отчетун карайт, депутаттарды алардын депутаттык милдеттерин, шаардык кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткаруу жөнүндө угат.
VII БӨЛҮК
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ЖОГОРКУ ОРГАНДАР, КООМДУК БИРИКМЕЛЕР, КООМДУК АЙМАКТЫК ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУЛАР, ШААР КАЛКЫ МЕНЕН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮСҮ
17-глава
17.1 Жогорку бийлик органдары жана башкармалыктар шаардык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз. Өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктары жана укуктары бузулган учурда, шаардык кенеш коргоо үчүн сотко кайрыла алат. Шаардык кенеш ар түрдүү ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин шаардын экономикалык кызыкчылыктарына карама-каршы келүүчү токтомдорунун жана буйруктарынын аракетин токтото туруу жөнүндө Жогорку Кенешке, Кыргыз республикасынын Президентине кайрылууга укуктуу.
Шаардын аймагынын кызыкчылыгына таасир кылуучу маселелер боюнча сессияга, шаардык кенештин туруктуу комиссиялардын, бөлүмдөрдүн жыйынына тийиштүү министрликтердин, ведомстволордун өкүлдөрүн чакырууга укуктуу. Ошондой эле ушул маселелер боюнча областын жетекчилиги, областык органдар, министрликтердин коллегиялары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттери менен шаардык кенештин биргелешкен сессиялары өткөрүлүшү мүмкүн.
17.2 Кыргыз Республикасынын Конституциясында аныкталган милдеттерге негиз, шаардык кенеш башка административдик–аймактык бирдиктердин кенештери менен турак жайларды, чарбалык, социалдык, маданий маанидеги объектилерди биргелешип куруу, эмгек ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, өнөр жай жана тамак-аш товарларын өз ара пайдалуу алмашууну уюштуруу, отун-энергетикалык жана башка ресурстарды үнөмдүү пайдалануу, аймактык-тармактар аралык бирикмелерди түзүү, кенештердин аймактарын экономикалык жана социалдык өнүктүрүүдө башка маселелерди чечүү боюнча өз ара аракеттенүүнү жүргүзөт. Бул максаттар үчүн биргелешкен органдар түзүлөт, финансалык жана материалдык каражаттар бириктирилет, келишимдер түзүлөт.
17.3 Шаардык кенеш шаардын өз алдынча башкаруу тутумуна кирген эмгек жамааттары, коомдук уюмдар, коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барат. Шаардык кенеш ар бир эмгек жамааттары, коомдук уюмдар, коомдук өз алдынча башкаруу органдары жана калк тарабынан мамлекеттик жана коомдук иштерди башкарууга катышуу үчүн конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн шарт тузөт.
Шаардык кенеш өзүнүн бардык аймагындагы коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн координациялайт. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын тутумуна кичи райондордун үй комитеттери, кварталдык комитеттер жана башка органдар, ошондой эле жарандардын жашаган жери боюнча чогулуштары, жыйындары, жергиликтүү курултайлар, демократиянын башка формалары кирет.
Шаардын аймагында жашаган жарандар жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелерди түздөн-түз чечишет, аймактык-коомдук өз алдынча башкаруунун органдарын шайлашат, Кыргыз Респубикасынын мыйзамына ылайык, аларды таркаттуу жөнүндө чечим кабыл алышат.
17.4 Шаардык кенеш:
-курултайларды өткөрө алат, жарандардын чогулуштарын, жыйындарын, эмгек жаамааттарынын өкүлчүлүгүнүн, коомдук бирикмелердин чогулуштарын жана аймактык-коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин чакыра алат;
-өзүнүн компетенциясындагы маселелер боюнча коомдук бирикмелердин, өндүрүштүк жана аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин маалыматын уга алат;
-өзүнүн карамагында турган аймакты социалдык–экономикалык өнүктүрүү маселелерин чечүү үчүн эмгек жамааттарынын кенештери менен келишимдерди түзө алат;
-өндүрүштүк жана калктын коомдук аймактык өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин кеңештерин түзө алат;
-коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын жумушчуларын сыйлоо үчүн фонддорду түзө алат.
17.5 Эмгек жамааттарынын, коомдук бирикмелердин, өндүрүштүк жана аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, шаардык кенештин сессиясынын, туруктуу комиссиялардын ишине, алардын кароосуна киргизилүүчү маселелерди даярдоого катыша алышат.
Калктын кызыкчылыктарына тиешеси бар маселелер боюнча коомдук бирикмелердин органдары менен биргелешкен шаардык кенештин сессиялары, анын органдарынын жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.
Өндүрүштүк жана аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары шаардык кенештин чечимдерин, анын органдарынын токтомдорун жана чечимдерин турмушка ашыруу боюнча иштерге катышат, калктуу конуштарды көрктөндүрүүгө калкты уюштурат, маданият, билим берүү, саламатыкты сактоо мекемелерине, соода ишканаларына, коомдук тамактанууга, турмуш тиричилик тейлөөгө жардам көрсөтөт, укук тартибин бекемдөө жана коргоо боюнча иштерди алып барат.
Эмгек жамааттарынын, коомдук уюмдардын, шаардын жашоочуларынын чогулуштары калкты коммуналдык–тиричилик жана маданий жактан тейлөө, коомдук тартипти сактоо боюнча маселелерди талкуулашат жана чечимдерди кабыл алышат.
Чогулуштарда жана жыйындарда кабыл алынган чечимдер шаардык кенешке жөнөтүлүшү мүмкүн.
Шаардык кенеш жана анын органдары эмгек жамааттарынын, коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын жана кыймылдардын сунуштарын карашат, зарыл болгон учурда аларды ишке ашыруу боюнча чараларды көрүшөт.
VIII БӨЛҮК
РЕГЛАМЕНТТИН БУЗУЛГАНДЫГЫ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК
18-глава
18.1 Регламентти бузуу менен кабыл алынган чечимдер кабыл алынган убактан (күндөн) тартып эле жараксыз.
18.2 Шаардык кенеш, анын туруктуу комиссиялары мамлекеттик башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин шаардык кенешке баш ийген аймактарда жашаган жарандардын укуктарын, кызыкчылыктарын, ошондой эле шаардык кенештин ыйгарым укуктарын бузган актыларын жараксыз деп табууга сотко же мамлекеттик арбитражга берет. Шаардык кенеш соттун же мамлекеттик арбитраждын чечими чыкканга чейин талаш тартыш болуп жаткан актылардын иш аракетин токтотот.
18.3 Шаардык кеңештин токтомун аткарбаган учурда, менчигинин түрүнө карабай ишканалар, уюмдар, мекемелер жана жарандар мыйзамда белгиленген (тартипте) жоопкерчиликти тартышат же шаардык кенештин чечими менен жоопкерчилик анын ичинде мүлктүк жоопкерчилик тартышат. Алардын актылары жана маалыматтары менен калктын кызыкчылыктарына, жергиликтүү чарбага, айлана чөйрөгө, шаардык кенешке келтирилген жоготууларды толук көлөмдө ордун толтурушат.
IХ БӨЛҮК
ШААРДЫК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ
19-глава
19.1 Шаардык кенештин туруктуу комиссиялары же фракциялары тарабынан шаардык кенештин регламентине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө берилген сунуштары сессиянын күн тартибине киргизилет жана алар тарабынан биринчи кезекте каралат.
19.2 Шаардык кенештин регламентинин жоболорун түшүндүрүү жана анын сакталышын көзөмөлдөө шаардык кенештин бир турууктуу комиссиясына жүктөлөт. Шаардык кенештин регламентинин түшүндүрмөлөрү шаардык кенештин сессиясында берилет жана зарыл болгон учурда, шаардык кенештин токтому менен бекитилиши мүмкүн.
X БӨЛҮК
КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР
20-глава
20.1. Кыргыз Республикасынын туусу жөнүндө жобого ылайык, шаардык кенештин имаратына, ошондой эле шаардык кенештин сессиясы өткөрүлүп жаткан имаратта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу көтөрүлөт.
20.2 Шаардык кенештин, анын органдарынын жана депутаттарынын ишмердүүлүгү менен байланышкан чыгаша сметасы, ушул маселелерди туруктуу комиссиялардын кароосун эске алуу менен шаардык кенеш тарабынан бекитилет.