ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын I уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры №11
“Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 27.11.2024-жылдагы чыг.№01-19/7184 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 28.11.2024-жылдагы сессиясында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин I уюштуруу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаарынын Курортный көчөсү №6а дарегинде жайгашкан (идентификациялык номери 3-10-03-0016-7003) 1683,4 чарчы метр, Курортный көчөсү №30/28 дарегинде жайгашкан (идентификациялык номери 3-10-03-0016-0960) 20217 чарчы метр жана Р.Азимов көчөсү №61 дарегинде жайгашкан (идентификациялык номери 3-10-01-0022-6745) 44800 чарчы метр мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына мүлктөрдү өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.