ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын I уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры №13
“Жалал-Абад шаарынын балансындагы мүлктөрдү өткөрүп берүү жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 27.11.2024-жылдагы чыг.№01-19/7186 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 28.11.2024-жылдагы сессиясында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин I уюштуруу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаарынын балансындагы эски лоток жана трубаларды Барпы айыл аймагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгына мүлктөрдү өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.