Загрузка документа…
тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 10-декабрындагы
№ 750 токтомуна)
Кыргыз Республикасында медиацияны өнүктүрүү
концепциясы
1-глава. Учурдагы кырдаалга сереп
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесинин 3-бөлүгүндө мамлекет адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун соттон тышкары жана сотко чейинки усулдарын, түрлөрүн жана ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыз кылат деп белгиленген. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 “2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында мамлекет адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун соттон тышкары жана сотко чейинки методдорун, формаларын жана ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыз кылуу менен, ошол эле учурда ар бир адамдын соттук коргоо укугун кепилдей тургандыгы аныкталган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 47 “2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген “2023–2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү” мамлекеттик максаттуу программасында (мындан ары – ММП) талаш-тартыштарды чечүүнүн сотко чейинки жана соттон тышкары (альтернативдүү) формаларын өнүктүрүү, сот системасынын жүгүн азайтуу милдети коюлган.
Талаш-тартыштарды сотко чейинки жана соттон тышкары чечүү жолдорунун бири медиация институту болуп саналат. Медиация – талашкан тараптардын өз ара алгылыктуу макулдашуусуна жетишүү максатында алардын кызыкчылыктарын макулдашуу жолу менен медиатордун (медиаторлордун) көмөк көрсөтүүсүндө талашты жөнгө салуу жол-жобосу.
Кыргыз Республикасында “Медиация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2017-жылы кабыл алынган. Азыркы убакка чейин бул жааттагы практикалык иш өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан жүргүзүлүүдө. Ошону менен бирге медиация институтунун Кыргыз Республикасындагы коомдук мамилелердин системасына олуттуу таасир этүүсү үчүн мамлекеттик колдоонун комплекстүү чараларын көрүү жана мамлекеттик саясатты түзүү зарыл.
Медиацияны колдонууну жөнгө салуучу ченемдер Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинде, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинде, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде, “Медиация жөнүндө”, “Пробация жөнүндө”, “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ж.б. камтылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин аны өнүктүрүү боюнча бир дагы мамлекеттик орган иштебейт, бул чөйрөдө бирдиктүү мамлекеттик саясат жок. Медиация институту системалуу негизде мамлекеттик жөнгө салууга муктаж, буга байланыштуу медиация чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жана ишти мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу медиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо зарыл.
“Медиация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы медиацияны жарандык, үй-бүлөлүк жана эмгек мамилелерине байланышкан талаш-тартыштарда колдонууну жөнгө салат. Медиация жазыктык-укуктук мамилелерден келип чыгуучу талаш-тартыштарга карата да мыйзамда түздөн-түз каралган учурларда колдонулат. Жазыктык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү медиациянын тараптары жабырлануучу жана кылмыш жасоого шектелген адам болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдагы статистикалык маалыматтарына ылайык биринчи инстанциядагы сотторго 132 523 иш (2022-жылы – 121 754 иш) келип түшкөн, анын ичинен 91 986 – жарандык иш (2022-жылы – 79 757 жарандык иш) жана 10 135 – кылмыш иши (2022-жылы – 11 146 кылмыш иши) түзгөн.
Көрүнүп тургандай иштин көпчүлүк бөлүгү соттор тарабынан каралат жана сотко түшкөн негизги жүктү мурас боюнча талаш-тартыштар, алимент өндүрүү, карыздарды өндүрүү, жумушун кайра калыбына келтирүү, ажырашуу жана башкалар сыяктуу жарандык иштер түзөт. Соттордун жүгүн азайтуу үчүн процессуалдык мыйзамдар бөлүгүндө сот системасын андан ары өркүндөтүү, атап айтканда: талаш-тартыштарды чечүүнүн сотко чейинки жана соттон тышкары тартибин колдонууну кеңейтүү, жараштыруу жол-жоболорун өнүктүрүү, айрым процесстик иш-аракеттерди оптималдаштыруу (мисалы, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине медиатор менен сотко чейинки милдеттүү маалыматтык-баалоо жолугушуусу жөнүндө ченемди киргизүү) талап кылынат.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинен айырмаланып, кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда тараптар медиацияны колдонуу жөнүндө келишим түзгөн учурда соттун, тергөөчүнүн иш боюнча өндүрүштү токтото туруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ченем жок, бул кылмыш-жаза процессинде медиацияны колдонуу мүмкүнчүлүгүн олуттуу азайтат.
Соттук териштирүүлөрдөн айырмаланып медиация анча формалдашкан эмес. Медиациянын бул өзгөчөлүгү анын келишимге келүү мүнөзү менен аныкталган. Тараптардын медиация жол-жоболорунун алкагындагы мамилелери соттук териштирүү үчүн мүнөздүү болгон мелдешүүнүн негизинде эмес, кызматташуунун негизинде түзүлөт. Медиацияда тараптар бири-бирине каршы коюлбайт, алардын бул жол-жободогу милдеттери бири-бирин жеңүү эмес, талаш-тартыштуу жагдайды чечүүнүн жолун табуу болуп саналат. Көпчүлүк учурда: “Бири-бирине каршы эмес, проблемага бирге каршы” деген сөздү угууга болот, бул медиациядагы тараптардын ортосундагы өз ара мамилелердин маани-маңызын так баяндайт.
Медиация институтун өнүктүрүү үчүн мамлекеттик алымдарды төлөө механизмин өркүндөтүү маселеси чоң мааниге ээ.Алсак, колдонуудагы мыйзамдар боюнча соттун медиация макулдашуусунун негизинде жарашуу макулдашуусун бекиткендигине байланыштуу иш боюнча өндүрүш токтотулган учурда, тиешелүү соттук инстанцияда төлөнгөн мамлекеттик алымдын жарымы кайтарып берилет. Ошол эле учурда мамлекеттик алымдын кайтарылышы көп убакытты сарптоого байланышкан.
Буга байланыштуу мамлекеттик алымды этап-этабы менен төлөө мүмкүнчүлүгүн кароо максатка ылайыктуу. Мамлекеттик алымды этап-этабы менен төлөө медиация жол-жобосунун жарандар жана уюмдар үчүн жеткиликтүүлүгүн арттырат, анткени ал алымдын суммасын бир нече бөлүккө бөлүүгө мүмкүндүк берет. Бул талаш-тартыштын катышуучуларына түшүүчү финансылык жүктү азайтат жана алардын медиация жол-жобосуна кайрылууга болгон даярдыгын жогорулатат, ошондой эле тараптарды компромисстик чечимди издөөгө үндөйт, анткени алар алымдын жалпы суммасын азайтууга жардам бере тургандыгын түшүнөт.
Талаш-тартыштарды соттон тышкары жөнгө салуунун жол-жоболорун сейрек колдонуу себептеринин ичинен төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот: калктын медиация институту жөнүндө маалымдуулугунун деңгээлинин төмөндүгү, анын ичинде “медиатор” терминин туура эмес түшүнүү, анткени салттуу түрдө “данакер” же “ортомчу” деген түшүнүктөр колдонулуп келген.
Медиаторлордун соттор, прокуратура органдары, укук коргоо органдары жана башка мамлекеттик органдар сыяктуу өнөктөштөрү тарабынан иш жүзүндө медиацияны талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды чечүүнүн натыйжалуу институту катары сейрек колдонулгандыгын белгилей кетүү зарыл. Адвокаттар, нотариустар, корпоративдик юристтер сыяктуу башка өнөктөштөр жөнүндө да ушуну айтууга болот. Өнөктөштөрдүн мындай мамилеси алардын бардыгы эле медиация институту жөнүндө жетиштүү түшүнүккө ээ болбогондугу, медиациялык жардамдын сапатына кепилдик берүү механизмдери, мисалы Кыргыз Республикасынын медиаторлорунун республикалык коомдоштугунун Этика боюнча комитети жөнүндө маалыматы жоктугу менен түшүндүрүлөт.
Мындан тышкары сот адилеттиги системасынын субъекттери медиаторлорду көз карандысыз жана формалдашпаган коомдоштук катары көрүшү мүмкүн, бул өз ара аракеттенүүдө кошумча кыйынчылыктарды жаратат.
Бирок кадыр-барктуу кесиптик уюмдун ырасталган квалификациясына ээ болгон адиси жана аны менен кызматташкан мамлекеттик орган мамлекеттик органдардын башка өкүлдөрүнүн, калктын жана уюмдардын көбүрөөк ишенимин жарата алат.
Медиацияны өнүктүрүүгө тоскоол болгон дагы бир олуттуу фактор бул медиаторлордун санынын жетишсиздиги (биринчи кезекте региондордо), ал үчүн тиешелүү инфраструктураны түзүү жана медиаторлордун квалификациясын жогорулатуу боюнча системалуу иштерди жүргүзүү зарыл. Медиаторлордун жалпы республикалык реестрине ылайык 2024-жылдын июнь айына карата абал боюнча Кыргыз Республикасында сертификатталган 328 активдүү медиатор бар, бул 7 миллиондон ашык калкы бар республика үчүн жетишсиз. Ошол эле учурда медиаторлордун көбү Бишкек шаарында жайгашкандыгын белгилей кетүү зарыл. Республиканын бардык региондорунда медиаторлордун санын көбөйтүү талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды чечүүнүн механизми катары медиацияны жайылтуу боюнча негизги милдеттердин бири болуп саналат, медиатор менен сотко чейинки милдеттүү маалыматтык-баалоо жолугушуусун ишке киргизүүгө шарт түзөт.
Жарандардын медиацияга этият мамиле кылуусу медиаторлордун ишине акы төлөө зарылчылыгына да байланышкан. ММПда көрсөтүлгөндөй, жарандардын медиатордун жардамына акы төлөөгө даяр эместиги психологиялык мүнөзгө ээ жана масштабдуу маалыматтык кампания жана медиаторлор тарабынан чыр-чатактарды чечүүнүн ийгиликтүү практикасы аркылуу андан өтүү зарыл. Ошону менен бирге мамлекеттин өнүгүү векторуна ээ болуу менен коомдогу чыр-чатактын деңгээлин төмөндөтүү жана жарандардын укуктук аң-сезиминин деңгээлин жогорулатуу багытында бардык жарандар, алардын бардык социалдык топтору үчүн медиатордун жардамын алуунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу зарыл. Эгерде калктын негизги бөлүгү үчүн сөз маалыматтуулук жөнүндө болсо, калктын социалдык жактан аялуу топторунун медиациялык жардамды алуу мүмкүнчүлүгүн мамлекеттик колдоого алуу зарыл. Учурда ийгиликтүү өнүгүп жаткан, максаттуу социалдык топтордогу жарандарга адвокаттардын жардамын жана укуктук маселелер боюнча консультациялык жардамдарды берген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы (мындан ары – ЮЖК) тарабынан ишке ашырылып жаткан мамлекет кепилденген юридикалык жардам системасы мындай кепилдиктин механизми боло алат. Медиаторлорду мамлекет кепилденген юридикалык жардам системасына киргизүү бир тараптан жарандардын медиатордун жардамын алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат, экинчи тараптан медиаторлордун көз карандысыздыгын сактайт.
Макулдашуу (жарашуу) жол-жоболорун өнүктүрүү маселелерине Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары – БУУ) деңгээлинде өзгөчө көңүл бурулууда, атап айтканда БУУнун Эл аралык соода укугу боюнча комиссиясы соода жана башка мамилелер чөйрөсүндөгү эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууга тиешелүү бир нече актыларды иштеп чыккан.
Медиация маселелерин жөнгө салуучу дагы бир маанилүү эл аралык документ Медиация жөнүндө Сингапур конвенциясы (мындан ары – Конвенция) катары да белгилүү болгон, 2018-жылдын декабрь айында кабыл алынган медиациянын натыйжасында жетишилген эл аралык тынчтык макулдашууларына карата колдонулган БУУнун Эл аралык тынчтык макулдашуулары жөнүндө конвенциясы болуп саналат. Конвенция тынчтык макулдашууларына шилтеме жасоо укугун камсыз кылуу, ошондой эле алардын аткарылышы үчүн макулдашылган укуктук алкакты түзөт.
Конвенциянын негизги максаты эл аралык соодага көмөктөшүү жана соода талаш-тартыштарын жөнгө салуунун альтернативдүү жана натыйжалуу методу катары медиацияга дем берүү болуп саналат. Макулдашуу (жарашуу) жол-жоболору эл аралык мамилелерде активдүү колдонулат жана улуттук мыйзамдарды калыптандыруу үчүн багыт болуп саналат. Кыргызстан коммерциялык талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды чечүү үчүн Медиация жөнүндө Сингапур конвенциясына кирүүгө ниеттенүүдө.
Ушул Концепциянын башкы максаты жеке жана юридикалык жактардын талаш-тартыштарды соттон тышкары сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат, бул коомдогу чыр-чатактын жалпы кыскарышына жана жарандардын укуктук аң-сезиминин деңгээлинин өсүшүнө алып келет.
Концепциянын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу;
– жарандын, коомдун жана мамлекеттин керектөөлөрүн жана кызыкчылыктарын канааттандыруу;
– мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү;
– жарандардын мамлекеттик башкаруу системасына болгон ишенимин жогорулатуу;
– дүйнөлүк рейтингдердеги позицияларды жакшыртуу.
Ушул Концепциянын артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр саналат:
– медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү;
– коммерциялык талаш-тартыштарды чечүү үчүн медиация жөнүндө Сингапур конвенциясына кошулуу;
– Медиаторлор палатасын түзүү, медиаторлордун квалификациясын жогорулатуу жана окутуу;
– медиацияны санариптештирүү, медиацияны региондордо өнүктүрүү жана калкты медиация жөнүндө маалымдоо;
– медиациялык жардамдын сапатын контролдоо механизмин киргизүү;
– сотко чейинки медиацияда милдеттүү маалыматтык-баалоо жолугушуусун киргизүү;
– жарандардын бардык категорияларынын медиациялык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо механизмин түзүү.
2-глава. Медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү
Иштердин айрым категориялары боюнча талаш-тартыштарды чечүүнүн сотко чейинки механизми катары медиатор менен милдеттүү маалыматтык-баалоо жолугушуусун киргизүү бөлүгүндө мыйзамдуулукту өркүндөтүү.
Жарандык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү медиация
Медиацияны өнүктүрүүнүн негизги идеясы талаш-тартыштардын жана чыр-чатактардын катышуучуларынын кызыкчылыктары жана аларды жөнгө салуунун кыйла натыйжалуу ыкмасын тандап алуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат, бул акырында коомдогу чыр-чатактын деңгээлинин кыскарышына, жарандардын укуктук аң-сезиминин деңгээлинин өсүшүнө алып келет, ошондой эле сотторго карата жүктү азайтуу жолу менен сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатат.
Багыттын алкагындагы чаралар:
– жарандык, үй-бүлөлүк, эмгектик жана коммерциялык иштер боюнча медиатор менен милдеттүү сотко чейинки маалыматтык-баалоо жолугушуусун киргизүү, тактап айтканда жарандар сотко доо арыз менен кайрылардан мурда медиаторго кайрылуусу зарыл болот;
– сот жиберген учурда медиатор менен маалыматтык жолугушууга тараптардын катышуу милдеттерин Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине киргизүү;
– медиацияны активдүү колдонууга көмөктөшүү максатында сотко кайрылууда төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымды төлөө тартибин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизүү;
– жылдык кирешеси мыйзамдарда белгиленген минималдуу эмгек акынын 60 эселенген өлчөмүнөн ашпаган жарандар үчүн жарандык иштер боюнча медиативдик жардамга мамлекет тарабынан кепилдик берилген жеткиликтүүлүк механизмин киргизүү;
– соттун (нотариалдык) буйругун чыгаруу менен медиациялык макулдашуунун аткарылбаганы жөнүндө иштерди кароонун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин киргизүү.
Кылмыш жана кылмыш аткаруу укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү медиация
Багыттын алкагындагы чаралар:
– кылмыш иштеринин аныкталган категорияларынын алкагында медиатор менен милдеттүү маалыматтык-баалоо жолугушуусун киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо;
– жылдык кирешеси мыйзамдарда белгиленген минималдуу эмгек акынын 60 эселенген өлчөмүнөн ашпаган жарандар үчүн кылмыш иштери боюнча медиативдик жардамга мамлекет тарабынан кепилдик берилген жеткиликтүүлүк механизмин киргизүү;
– Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинде жабырлануучу менен медиация макулдашуусуна кол коюунун натыйжасында келип чыккан соттолгон адамдар үчүн оң натыйжалардын тизмегин кеңейтүү;
– жаза аткаруу стадиясында медиациянын уюштуруучулук-техникалык негиздерин өнүктүрүү;
– эркиндигинен ажыратуу менен байланышкан жазасын өтөгөн адамдарды ресоциалдаштыруунун алкагында калыбына келтирүүчү медиацияны киргизүү, мында тараптар болуп жазасын өтөгөн адам жана анын үй-бүлөсү, жергиликтүү коомчулук саналат.
3-глава. Медиаторлор палатасын түзүү, медиаторлордун квалификациясын жогорулатуу жана окутуу
2018-жылдын 3-майында “Медиация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14 жана 15-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын медиаторлорунун уюштуруу чогулушунда “Кыргыз Республикасынын медиаторлорунун республикалык коомдоштугу” (мындан ары – МРК) коомдук бирикмесин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул уюм Кыргыз Республикасында медиацияны өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууда.
Бирок анын ишинде да бир катар чектөөлөр бар. Мисалы ал коомдук бирикменин уюштуруучулук-укуктук формасына ээ, бул милдеттүү мүчөлүктү киргизүүгө мүмкүндүк бербейт, бул өз кезегинде МРКга ыктыярдуу мүчөлүктө башка кыйынчылыктарды алып келет (328 күбөлүк алынган, анын ичинде 102си МРКнын мүчөлүгүндө турат).
МРКнын этика боюнча комитетинин МРКга мүчө болбогон медиаторлорго карата ыйгарым укуктарынын маселеси чечилбеген бойдон калууда. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына же Нотариат палатасына окшоштугу боюнча Медиаторлор палатасынын өзгөчө уюштуруучулук-укуктук статусуна ээ болгон медиаторлордун кесиптик уюмун түзүүдө өзүн актай тургандыгы байкалат.
Медиаторлор палатасында МРКнын бир катар ыйгарым укуктарын сакташы мүмкүн: медиация жаатындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө катышуу, медиация кызматтарын көрсөтүү стандарттарын жана медиаторлорду окутуунун типтүү программаларын кабыл алуу жана бекитүү, медиатордун Кесиптик этика кодексин кабыл алуу, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө медиаторлордун кызыкчылыктарын көрсөтүү. Милдеттүү мүчөлүгү менен медиаторлордун жалпы республикалык уюму ошондой эле медиация практикасы боюнча статистиканы эсепке алууну натыйжалуу жүргүзө алат, “Медиация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келген адамдарга медиатор күбөлүгүн бере алат жана медиатор макамын токтото алат. Мында медиаторлордун жалпы республикалык реестрин жүргүзүүнү медиация чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү максатка ылайыктуу.
Жаңы социалдык институт болуу менен медиация республиканын бардык региондорундагы жарандардын медиациялык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү болгон кесипкөй кадрдык потенциалды калыптандырууну талап кылат.
Багыттын алкагындагы чаралар:
– ЖОЖдордун программасына “Медиация” дисциплинасын киргизүү;
– кесиптердин реестрине “Медиатор” кесибин киргизүү;
– медиаторлордун квалификациясын жогорулатуу үчүн милдеттүү болгон сааттардын көлөмүн мыйзамдуу бекитүү;
– Медиаторлор палатасы тарабынан ушул чөйрөдө билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү субъекттерди аккредитациялоо механизмин киргизүү аркылуу медиаторлорду даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун сапатын кепилдөө механизмин түзүү;
– медиаторлордун адистешүүсүн өнүктүрүү. Кыргыз Республикасында медиацияны өнүктүрүүнүн ушул этабында жарандык, эмгектик, үй-бүлөлүк, коммерциялык жана калыбына келтирүүчү (кылмыш-жаза сот өндүрүшүндөгү медиация) медиация жаатында адистештирүү актуалдуу болуп саналат;
– медиаторлордун адистигине милдеттүү талаптарды мыйзамдык деңгээлде киргизүү;
– медиация кызматтарын көрсөтүү стандарттарын иштеп чыгуу жана киргизүү.
4-глава. Медиацияны санариптештирүү, региондордо медиацияны өнүктүрүү жана калкты медиация жөнүндө маалымдоо
Азыр санариптештирүү мамлекеттик өнүктүрүүнүн маанилүү багыттардын бири болуп саналат. 2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациясынын контурлары белгиленген. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 “2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясында жарандар жана бизнес үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды санариптештирүү, санариптик сот адилеттиги жана укук тартиби сыяктуу багыттар аныкталган. Бул контекстте медиацияны өнүктүрүү да санариптештирүү призмасы аркылуу түзүлүүгө тийиш.
Бул багыттын алкагындагы чаралар:
– жарандардын медиациялык жардамга, анын ичинде онлайн форматта жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн санариптик технологияларды кеңири колдонуу (атап айтканда медиацияны колдонуу жана медиациялык макулдашуу жөнүндө келишимге электрондук санариптик кол тамганы киргизүү);
– соттор жана тергөөчүлөр тарабынан медиацияга жөнөтүлгөн иштер боюнча медиаторлордун соттор жана тергөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүсүн санариптештирүү (атап айтканда “Медиатор” АМС платформасын түзүү);
– айылдык аймактардын деңгээлинде медиация кызматтарын түзүү жана өнүктүрүү.
ММПда азыркы убакта коомдо объективдүү маалымат жана медиациянын маанилүүлүгүн жана натыйжалуулугун түшүнүү жетишсиз экендиги, ал эми медиация маселелери боюнча мыйзамдык ченемдерди жана жоболорду киргизүү медиацияны колдонуу менен талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды чечүүдөгү артыкчылыктар жөнүндө жетиштүү маалыматтык кампания менен коштолбой жаткандыгы айтылууда. Калкты медиация жөнүндө маалымдоо боюнча системалуу натыйжалуу кампанияны өткөрүү үчүн аны ишке ашырууну жетиштүү уюштуруучулук, кадрдык жана инструменталдык потенциалга ээ болгон субъектке жүктөө зарыл.
5-глава. Ишке ашыруу тобокелдиктери
Бул Концепцияны ишке ашыруу төмөнкү ишке ашыруу тобокелдиктери менен байланышкан:
– медиаторлор коомдоштугунун саясатты аныктоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен кызматташууну каалабаганына байланыштуу саясий-укуктук тобокелдиктер;
– бюджеттик ресурстар чектелген учурда ишке ашыруу үчүн сунушталган чаралар жана долбоорлор менен шартталган финансылык тобокелдиктер. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында каржылоонун чектелген бюджети ушул Концепцияны ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана донорлордун аны ишке ашырууну каржылоого катышуусуна жогорку көз карандылыгын шарттайт. Бул тобокелдикти азайтуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана донордук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү чыңдоо жана тереңдетүү боюнча чаралар ишке ашырылат;
– аны ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин потенциалын чектелгендиги да тобокел болуп саналат. Бул тобокелдикти азайтуу үчүн мамлекеттик органдардын ишинде медиациянын ролун жана маанисин түшүндүрүүгө багытталган окутуучу иш-чараларды жүргүзүү зарыл.
6-глава. Мониторинг жүргүзүү жана ишке ашырууну баалоо
Бул Концепцияны ишке ашыруу планына (мындан ары – План) мониторинг жүргүзүү системалуу талдоолорду берүү жана тиешелүү иш-чаралардын аткарылышын баалоо аркылуу жүзөгө ашырылат. Мониторингден алынган маалыматтардын негизинде Пландын натыйжалуулугуна баа берилет, жетишилген прогресс жана аны аткаруудагы кемчиликтер деталдуу талдоого алынат. Алынган натыйжалардын негизинде ресурстарды ишке ашыруу, кайра бөлүштүрүү жана аларды оптималдуу пайдалануу боюнча чараларды иштеп чыгуу үчүн чечимдер кабыл алынат.
Пландын иш-чараларынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана аны баалоо медиаторлордун кесиптик коомдоштугу менен биргеликте медиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
7-глава. Каржылоонун көлөмдөрү жана булактары
Планды ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоо булактары тартылат.
Планда коюлган иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына республикалык бюджеттен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттен тиешелүү жылга бөлүнүүчү каражаттардын, ошондой эле эл аралык донордук уюмдардын гранттык каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт.
8-глава. Күтүлүүчү натыйжалар
Бул Концепцияны ишке ашыруу коомду туруктуу экономикалык жана социалдык өнүктүрүүгө, жеке жана юридикалык жактардын талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр жолу менен соттон тышкары чечүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, сот системасына карата жүктү жалпысынан азайтууга өбөлгө түзөт.