КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз сессия
2023-жылдын 26-декабрындагы № 124/XXXXVIII-28
“Р. Хафизовдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам бөлүү жөнүндө”
Ооган согушунун катышуучусу Р. Хафизовдун боор оорусунан каза болгондугуна байланыштуу, үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары И. Машунун берген маалыматты угуп, талкуулап, Кең-Булуң айылдык кеңешинин сессиясы,-
ТОКТОМ кылат:
1. Р.Хафизовдун үй-бүлөсүнө катуу оорудан кийин каза болгондугуна байланыштуу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 50,0 миң сом материалдык жардам бөлүнсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кең-Булуң айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Бабазов Р.М. |