Редакцияот 29.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кезексиз сессия

 

2023-жылдын 29-сентябрындагы № 99а/ХХ111-28

 

“Социалдык шаарча курууга макулдук берүү жөнүндө”

 

Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ж.Асановдун № 117 контурдагы 6,0 гектар жерди калктуу конуштардын жерлери категориясына трансформациялоо жүргүзгөндөн кийин социалдык шаарча куруу зарылдыгы жөнүндө маалыматын угуп, талкуулагандан кийин Кең-Булуң айылдык Кеңешинин сессиясы,-

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. № 117 контурдагы жайгашкан аянты 6,0 га жерге калктуу конуштардын жерлеринин категориясына трансформациялоо жүргүзүлгөндөн кийин социалдык шаарча курууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кең-Булуң айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

Бабазов Р.М.