Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 10-декабры № 199
2024-жылдын 26-апрелинде Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо” долбоору боюнча Алкактык макулдашууну (бөлүп төлөө менен каржылоо), Кредиттик макулдашууну (1-кадам алдын ала ишке ашыруу), Кредиттик макулдашууну (2-кадам ишке ашыруу), Агенттик макулдашууну (бөлүп төлөө менен каржылоо) ратификациялоо жөнүндө
1-берене
2024-жылдын 26-апрелинде Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо” долбоору боюнча Алкактык макулдашууну (бөлүп төлөө менен каржылоо), Кредиттик макулдашууну (1-кадам алдын ала ишке ашыруу), Кредиттик макулдашууну (2-кадам ишке ашыруу), Агенттик макулдашууну (бөлүп төлөө менен каржылоо) ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн макулдашуулар күчүнө кириши үчүг керектүү мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Ислам өнүктүрүү банкына билдирсин.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 20-ноябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |