Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 3-декабры № 730
Утилдештирүү жыйымын төлөөнүн тартибин бекитүү жана керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын ар бир тобу, товарлардын таңгагынын тобу боюнча утилдештирүү жыйымынын ставкаларын белгилөө жөнүндө
"Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Утилдештирүү жыйымын төлөөнүн тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын ар бир тобу, товарлардын таңгагынын тобу боюнча утилдештирүү жыйымынын ставкалары 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын ар бир тобу, товарлардын таңгагынын тобу боюнча утилдештирүү жыйымынын СТАВКАЛАРЫ
№ | Керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын топторунун, товарлардын таңгактарынын топторунун аталышы | Утилдештирүү жыйымынын ставкасы (1 тонна үчүн сом менен) | |
1 | № 1 топ | "Гофрленген кагаздан/картондон жасалган буюмдар" | 4793 |
2 | № 2 топ | "Гофрленбеген кагаздан/картондон жасалган буюмдар" | 5595 |
3 | № 3 топ | "Майлар" | 8406 |
4 | № 4 топ | "Шиналар, покрышкалар жана резина камералар" | 12345 |
5 | № 5 топ | "Резинадан жасалган буюмдар (шиналарды кошпогондо)" | 17919 |
6 | № 6 топ | "Пластик таңгактоочу буюмдар" | 9418 |
7 | № 7 топ | "Башка пластмасса буюмдары" | 11008 |
8 | № 8 топ | "Айнек көңдөй" | 4219 |
9 | № 9 топ | "Компьютерлер жана перифериялык жабдуулар, кеңсе жабдуулары" | 36356 |
10 | № 10 топ | "Телевизиондук мониторлор, кабыл алгычтар" | 36356 |
11 | № 11 топ | "Баштапкы элементтер жана баштапкы элементтердин батареялары" | 135390 |
12 | № 12 топ | "Коргошун аккумуляторлор" | 7471 |
13 | № 13 топ | "Аккумулятордук батареялар" | 147166 |
14 | № 14 топ | "Электрдик жарык берүүчү жабдуулар" | 10659 |
15 | № 15 топ | "Ири тиричилик техникасы" | 36356 |
16 | № 16 топ | "Тиричилик техникасы майда, кол куралы" | 36356 |
17 | № 17 топ | "Муздатуучу жана желдетүүчү жабдуулар" | 36356 |
18 | № 18 топ | "Ичтен күйүүчү кыймылдаткычтар үчүн чыпкалар" | 11030 |
19 | № 19 топ | "Галогенсиз полимердик материалдардан жасалган таңгак" | 9418 |
20 | № 20 топ | "Галогенди камтыган полимердик материалдардан жасалган таңгак" | 12197 |
21 | № 21 топ | "Курама материалдардан жасалган таңгак" | 44573 |
22 | № 22 топ | "Гофрленгенден картондон жасалган таңгак" | 4973 |
23 | № 23 топ | "Кагаздан жана гофрленбеген картондон жасалган таңгак" | 5595 |
24 | № 24 топ | "Айнек таңгак" | 4219 |