Редакцияот 06.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2024-жылдын 6-декабры ПЖ № 345

 

"Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоору жөнүндө

 

Бизнес-чөйрөнү өнүктүрүүнү, Бишкек шаарынын инвестициялык климатын жана инфраструктурасын жакшыртууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96, 97-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция жоюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги белгиленген тартипте:

1) жоюу жол-жобосун жүзөгө ашыруу үчүн жоюу комиссиясын түзсүн;

2) бул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бишкек шаарынын мэриясы "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашырууну камсыз кылсын.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 515 "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-мартындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 515 "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 25-июлундагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 515 "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.

6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 95 (3650) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров