НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын
2024-жылынын 25-марты №15/2
« Айылдык кеңештин штаттык бирдигинин саны жөнүндө.».
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө №52 токтомуна ылайык “Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө №52 токтомунун “Жергиликтүү кеңештердин штаттык санынын чеги” жөнүндө жобосунун №5 тиркемесине негиз айылдык кеңештин штаттык бирдиги катары иш кагаздарын жүгүртүүчү кенже кызмат орду каралсын.
2. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ы.Бабаназаровго жана айылдык кеңештин мыйзам боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Таштанбай уулу Манас |