Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2024-жылынын 28-ноябры №1/1
« Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө 2000-жылдын 13-январындагы № 3 мыйзамына ылайык айылдык кеңештин IX-чакырылышынын I-кезектеги сессиясы төмөндөгүдөй
Т О К Т ОМ К Ы Л А Т:
1.Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү боюнча сунушталган айылдык кеңештин депутаттарынан У.Эгембердиев-эсептөө комиссиясынын төрагасы, Ж.Малаева- эсептөө комиссиясынын катчысы, М.Чомонов- эсептөө комиссиясынын мүчөсү болуп үч адамдан бекитилсин.
2. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу катчы Ы.Бабаназаровго жүктөлсүн.
Уюштуруу отурумдун төрайымы: | Ч.Дөөлөтбекова |