Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2024-жылынын 28-ноябры №1/2
« Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасынын шайлоо жөнүндө».
Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен айылдык кеңештин IX-чакырылышынын I-кезектеги сессиясы төмөндөгүдөй
Т О К Т ОМ К Ы Л А Т:
1.Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо мыйзам талабына ылайык өткөнү белгиленсин, жана эсептөө комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. Таштанбай уулу Манас Үч-Коргон айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу катчы Ы.Бабаназаровго жүктөлсүн.
Уюштуруу отурумдун төрайымы: | Ч.Дөөлөтбекова |