Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2024-жылынын 28-ноябры №1/3
« Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен төраганын орун басарына сунушталгандарды эске алып, айылдык кеңештин IX-чакырылышынын I-кезектеги сессиясы төмөндөгүдөй
Т О К Т ОМ К Ы Л А Т:
1.Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын добуш берүү шайлоо мыйзам талабына ылайык өткөнү белгиленсин.
2. Нармырзаева Зайнапбу Жаныбековна Үч-Коргон айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу катчы Ы.Бабаназаровго жүктөлсүн.
Төрага: | Таштанбай уулу Манас |