Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 23-сентябры № 18-1
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын алты айында аткарган иштеринин отчётун угуу жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын алты айында аткарган иштеринин отчётун угуу жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 6 (алты) айында аткарган иштери “жакшы” деп табылсын.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планында көрсөтүлгөн иш чараларды өз убагында аткарууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй-бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай уулу Э. |