Редакцияот 23.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги он сегизинчи сессиясы

 

2023-жылдын 23-сентябры № 18-2

 

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы “Жылдызча-Нур” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин атын өзгөртүү жөнүндөгү Кыргыз-Ата айыл тургундарынын 2022-жылдын 16-декабрындагы жалпы чогулушунун протоколуна макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы “Жылдызча-Нур” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин атын өзгөртүү жөнүндөгү Кыргыз-Ата айыл тургундарынын 2022-жылдын 16-декабрындагы жалпы чогулушунун протоколуна макулдук берүү жөнүндө маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин сессиясы

токтом кылат:

1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы “Жылдызча-Нур” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин атын өзгөртүү жөнүндөгү Кыргыз-Ата айыл тургундарынын 2022-жылдын 16-декабрындагы жалпы чогулушунун протоколуна макулдук берилсин.

2. Тиешелүү документтерин даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  

   Төрага

Женишбай у. Э.