Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 18-июну № 14
ПРООНдун колдоосу жана “Биздин добуш” коомдук бирикмесинин каржылоосу менен болгон долбоорлор жөнүндө
ПРООНдун колдоосу жана “Биздин добуш” коомдук бирикмесинин каржылоосу менен ЖӨБунун ыйгарым укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, элди биримдике жана ынтымака чакыруу максатында 40 000 ( кырк миң) АКШ доллары бөлүнгөн долбоорун талкуулап, Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймактын ар бир айылдарынан долбоорлор даярдалсын.
2. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн өнүгүү планына киргизилсин жана аткарууга алынсын.
3. Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымы бөлүнүп берилсин.
4. Акча каражатын төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Имаров |