Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 18-июну № 15
Өтүкчү, Кара-Тумшук, Кызыл-Коргон, Ак-Турпак жана Чогорок айылдарынын Башкы планын бекитүү жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Өтүкчү, Кара-Тумшук, Кызыл-Коргон, Ак-Турпак жана Чогорок айылдарынын Башкы планын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп, талкуулап Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Өтүкчү, Кара-Тумшук, Кызыл-Коргон, Ак-Турпак жана Чогорок айылдарынын Башкы планынын долбоору жактырылып, бекитилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |