Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 23-сентябры № 18-4
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылынын тургуну Абдыкалык Акматовго Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылынын тургуну, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргыз улуттук Т. Абдумомунов атындагы академиялык драма театрынын артисти, Кыргыз улуттук Манас театрынын актёру Абдыкалык Акматовго Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Ак-Булак айылынын тургуну, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргыз улуттук Т. Абдумомунов атындагы академиялык драма театрынын артисти, Кыргыз улуттук Манас театрынын актёру Абдыкалык Акматовго Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүүгө макулдук берилсин.
2. Абдыкалык Акматовго Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай уулу Э |