Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги жыйырманчы сессиясы

 

2024-жылдын 19-январы № 97

 

Зергер айыл өкмөтүнүн 2023-жылы жергиликтүү бюджетинин киреше чыгашалар боюнча аткарылышы жана 2024-жылга милдеттери жөнүндө

 

Зергер айыл өкмөтүнүн 2022-жылы жергиликтүү бюджетинин киреше чыгашалар боюнча аткарылышы жөнүндө “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын,Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ө.Шамурзаев маалыматын угуп талкуулап чыгып Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 20-сессиясы токтом кылат:

1.Зергер айыл өкмөтүнүн 2023-жылы жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ө.Шамурзаевдин маалыматы алымча кошумчалары менен кабыл алынсын.

2. Зергер айыл өкмөтүнүн 2024-жылы жергиликтүү бюджетинин эсебинен аткарыла турган иш чаралары бекитилсин(тиркеме). 3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

Б.Келдибаев

 

 

                                                                                                      

 

тиркеме

Зергер айыл өкмөтүнүн 2024-жылы жергиликтүү бюджетинин эсебинен аткарыла турган иш чаралары

№

Иш чаралар

Аткарууга жооптуулар

1

Токтогул айылында 700 метр суу келүүчү каналды,  100 метр булак каналын тазалоо  тазалоо

Айыл башчы,жер адис

2

Токтогул айылындагы мектептин эски имаратын копиталдык ремонттон өкөрүү

Айыл башчы

3

Токтогул айылында 1975-жылы курулган чирип калган электр чубалгылары кеткен 68 даана столболарды тактап РЭТ ишканасына карабаган столбаларына пасинке цемент алып байлап бекемдөө.

Айыл башчы

4

Кутурган айылындагы Б.Келдибаев орто мектебине балдарга ысык тамак берүү үчүн ашкана шаймандарын талаптагыдай даярдоо.

Айыл башчы ,мектеп директору

5

Кутурган айылындагы Медет, Шыйпыр жана Ай-Тийбес участкаларынын ички жолдорунаа шагыл төшөө.

 

6

Кутурган айылындагы ветеринардык сервисдин алдындагы суу түшкөн жерди курулуш материалдарды алып жабуу.

Ветадис

7

Жаны-Айыл айылында ремонт болуп жаткан бала бакчанын электр системасын, жылытуу системасын жасап  орнотуу

Айыл башчы ,мектеп директору

8

Жаны-Айыл айылындагы М. Токтогулов көчөсүн жарыктандыруу

айыл башчы

9

Айылдык ФАПка көмүр киргизүү  үчүн навес, ажаткана жана паровой куруу

Айыл башчы мектеп директору

10

Кайрат айылынын У.Исаков кѳчѳсүнѳ 200метр ички жолго шагыл тѳшѳѳ

Айыл башчы

11

Кайрат айылындагы А.Кадыров кѳчѳсүндѳгү РЭТ ишканасына караган электр мамычаларын алмаштырууга жана КТП-150КВа трансформаторун орнотууга тийиштүү документтерин даярдап жетишүү

Айыл башчы

12

Кайрат айылындагы У.Исаков кѳчѳсүнүнѳ КТП-150КВа трансформаторун онотууга тийиштүү документтерин даярдап жетишүү

Айыл башчы

13

Ничке-Сай айылынын 5 км ички жолдоруна шагыл төшөө.

Айыл башчы

14

Ничке-Сай айылындагы РЭТ ишканасына караган жогорку чыналуудагы 70 даана авариялык абалдагы электр чубалгылары кеткен столбаларды РЭТ ишканасынын иш планына киргизип алмаштырууга жетишүү

Айыл башчы

15

Зергер айылындагы А.Турабаев атындагы орто мектебин ыссык тамака киргизүү үчүн ашкана куруу.

Айыл башчы мектеп директору

16

Зергер айылындагы К.Айтиев көчөсүнө 2 км шагыл төшөө

Айыл башчы

17

М.Сулайманов көчөсүндөгү жогорку чыналуүдагы 40 даана электр столбаларын чубалгыларын күнгөй бетке которуу РЭТ ишканасынын иш планына киргизип ишке ашырууга жетишүү

Айыл башчы

18

Аюу айылынын 5 км ички жолуна шагыл төшөө (мазар жолу).

Айыл башчы

19

Айыл ичине 1 км жол боюна жарыктандыруу орнотуу

 

Айыл башчы

20

Көрктөндүрүү,жашылдандыруу жумуштарын аткарууга алуу менен арык каналдарды,жол боюн таштандылардан тазалоо.Көрнөк жарнактарды иретке келтирүү

Маданият үйү,айыл башчылар

21

Иш чаралаарга ылайык архитектуралык жана кадастр жумуштарын аткаруу, ген планга 4 айылды киргизүү.

Жер адис,айыл башчылар

22

Зергер айыл аймагындагы кургак учук оорусуна чалдыкан атуулдарга, майыптарга,колдоого алынган үй-бүлөөлөргө, тоголок жетим балдарга материалдык социалдык төлөмдөрдү төлөө.

 

Соц адис,айыл башчылар.

23

Авган согушунун ардагерлерине, Баткен согушунун катышуучуларына Чернобыль кыйроосунун катышуучусуна материалдык жардам берүү

 

Соц адис,айыл башчылар

24

8-Март аялдар күнүнө, 1-июнь балдар күнүнө, карыялар күнүнө,энелер күнүнө карата материалдык жардам берүү

Соц адис,айыл башчылар

25

Айыл аймак боюнча 7 айылдын талаа жолдорунун бузулган жерлерин сүрүп тегиздеп ондоо.

Жер адис,айыл башчылар

26

21-март Нооруз күнүнө,1-Май эл аралык эмгекчилердин күнүнө, 31-август эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык спортук иш чараларды өткөрүү

Маданият үйү,айыл башчылар

27

Республикалык ,областык олимпиадага,спортук мелдештерге катышкан окучууларга колдоо көрсөтүү

ФЭБ бөлүмү

28

Кесиптик майрамдарга байланыштуу иш чараларды уюштуруу

Маданият үйү, ФЭБ бөлүмү

29

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып ишке ашырылып жаткан айылдарды таза суу менен камсыз кылуу долбоорун иш жүзүнө ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен тийиштүү иш чараларды көрүү

Соц адис,айыл башчылар

30

Жолбун ит мышыктарды,чөөлөрдү атып жок кылуу иш чараларын жүргүзүү

ветадистер,айы башчылар

 

Жооптуу катчы А.Адилбеков