Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 18
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин
2024-жылдын 6 ай ичинде аткарылышы жөнүндө
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин, кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн 2024-жылдын 6 айлыгына карата аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Анарбаевдин маалыматын угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. 2024-жылдын башында бекитилген Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги каражаттардын даректүүлүгү боюнча айыл өкмөтү анализ жүргүзүп, акттар түзүлсүн.
2. 2024-жылдын 6 айлыгына карата жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат канааттандырарлык деп табылсын.
3. 2024-жылдын башында бөлүнүп бекитилген жергиликтүү бюджеттин өз багыттарында аткарылышын камсыз кылуу ФЭБ башчы М.Анарбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |