ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыштагы кезектеги жыйырманчы сессиясы
2024-жылдын 19-январы № 102
Зергер айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү материалдары жөнүндө
Зергер айылдык кенешинин кезектеги жыйырманчы сессиясы Зергер айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү материалдары жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн жер турак жай маселелери боюнча башкы адиси М.Каракозуевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып токтом кылат:
1.”Кыргызмамжердолборлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган Зергер айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү боюнча материалдары жактырылсын жана айыл өкмөткө бекитүүгө сунушталсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Б.Келдибаев |