НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын
2024-жылынын 24-январы №14/5
« Назаралиев (Үч-Коргон) айыл аймагынын Кызыл-Жар айылында
жайгашкан өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн имаратын мамлекеттик
менчикке өткөрүү жөнүндө».
Назаралиев (Үч-Коргон) айыл өкмөтүнүн башчысы М. Жапаровдун 18.01.2024-жылындагы №1-01-11/2 сандуу кайрылуусунун 2-пунктун угуп жана талкуулап, Назаралиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Назаралиев (Үч-Коргон) айыл аймагынын Кызыл-Жар айылында жайгашкан өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн имараты мамлекеттик менчикке өткөрүлсүн.
2. Мамлекеттик менчикке өткөрүлүп берилген өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн имаратынын ыкчам башкаруу жагы райондук бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Токтом расмий жарыялангандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Назаралиев (Үч-Коргон) айыл өкмөтүнүн башчысы М А Жапаровго жүктөлсүн.
Төрага: | Таштанбай уулу Манас |