Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 29-августу № 21
Ак-Турпак айыл аймагындагы 11 даана сел сактоочу курулмалардын плотиналарынын ээлеген орду жөнүндө
Баткен облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнүн Ак-Турпак айыл өкмөтүнө 2024-жылдын 15-февралындагы 13 даана сел сактоочу курулмалардын ээлеген жер аянттарына мамлекеттик акт алуу үчүн чечим сурап кайрылган №01-05/1 сандуу чыгыш катындагы маселени угуп, кеңири талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Турпак айыл аймагындагы 11 даана сел сактоочу курулмалардын плотиналарынын гана (сел тосмо) ордуна мамлекеттик акт алуу үчүн макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ш.Маккамбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |